"Сөгүп туруп, эки миң сом төлөп кое береби?" Мугалимди агрессиядан коргоо мыйзамы

Published

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү ж/а коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мугалимди мазактагандарга акчалай айып пул салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

мугалим

Кыргызстанда биринчи жолу мугалимди ар кандай мазактоодон, агрессиялык аракеттерден коргоо боюнча мыйзам долбоору каралууда. 

Долбоордо мугалимдерге орой мамиле жасап, мазактап шылдыңдагандарга акчалай айыптар, эгер мыйзам бузуу кайталанса үч суткадан беш суткага чейин камакка алуу каралган.

Аны сунуштаган депутаттардын жүйөсүндө, мектепте мугалимдерге орой, адепсиз окуучулар эле эмес, алардын ата-энелеринен да коргонууга туура келип жатат. Натыйжада мугалимдердин өз кесибинен көңүл калып, мектептен кеткен учурлар болуп атканын айтышат.

“Бул жерде жоопту балдар албайт, анткени баш мыйзамда ар бир балага жооптуу ата-эне деп жазылып турат. Ошонун негизинде эгерде бала мугалимге ыдык көрсөтүп, шылдыңдап, сөгүп, кол көтөргөн учурда ата-энеси, эгер ата-энеси чет жакада жүрсө, аларды караган адам жооп берет. Биз муну зарылчылыктан чыгардык. Бүгүн биз мугалимди кордосок, эртең мамлекетибиз кор болот”,-дейт Би-Би-Сиге Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири  Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо

Коом башка, балдар башка

Бирок айрым бай адамдардын балдары акчага чалчактаган азыркы учурда айып пул менен мугалимдерге агрессияны токтотууга болобу деген суроо болууда.

"Мындай болуп атат да. Акчасы барлардын баласы барып мугалимдерге шек келтирсе болот экен да. Сөгүп койду, кассага эки миң сом төлөп койду. бул деген акчалуулардын, демек, оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн деген заманга келатабыз бул мыйзам менен. Ал бала эртеси дагы сөгөт, анткени атасынын акчасы бар",-деди талкуу убагында депутат Жамгырчиев Эмил.

Мыйзамдын демилгечиси Мирлан Самыйкожо өз кезегинде бүгүнкү коомдо бул мыйзам зарылчылык дейт:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Азыркы коом, азыркы жаштар башкача. Мугалимди биз аябай сыйлачубуз. Азыркы жаштар андай болбой атат. Балдарга ата-эненин берген тарбиясын күчөтүү зарыл болуп турат".

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, мугалимге ыдык көрсөткөн ар бир учур мыйзам талап кылгандай кылдат иликтениши керек. Мугалимдер, социалдык кызматкерлер, акимиат өкүлдөрү кошулган комиссия түзүлөт. Биринчи жолу балким эскертүү менен чектелүү туура болот. Эгер ээнбаштык кайталана берсе, ошондо айып пул салынууга тийиш дейт.

Кийинки учурда мектептерде окуучулар менен мугалимдердин ортосунда чыр-чатак чыккан учурларга коомчулукта орчундуу көңүл бура башташты. Балдарына болушкан ата-энелер мектепке барып, сабак өткөрүүгө тоскоолдук кылып, мугалимдерди тилдеп, басмырлап, кысымга алган учурлар да болууда. Ошондуктан депутаттар мугалимдерди ар кандай агрессиядан коргоо зарыл деп жатат.

Окуучу менен мугалимдин ортосундагы мындай конфликттер бир жагынан мугалимдердин кесипкөйлүк деңгээлинин төмөндөп кеткенин, экинчи жагынан окуучулардын тарбиясы колдон чыгып жатканын көрсөтүүдө дешет.

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын туура тарбиясы үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө чараларды караган өзүнчө толуктоолорду билим берүү мыйзамына сунуштаганын билдирген. 

Эки жаат талкуу

Өткөн окуу жылы аяктайын деп калганда Сузак районундагы мектепте мугалимдин бир окуучу кызды уруп койгону бүт өлкөгө дүң болду. Билим берүү жана илим министрлиги комиссия түзүп текшерди. Мугалимди мектеп кетирип, кайра эскертүү берип ишке алышканы белгилүү болду.

Бул окуя өлкөдө чоң талкууга айланып, бүтпөй турган убак. Эл эки жаат болуп, бир жагы окуучулардын ээнбаш болуп кеткенин айтып, мугалимдин таламын талашты. Башкалары окуучунун укугун коргоп, ага кол көтөргөн мугалимди жоопко тартууну талап кылышты.

Жылдыз мугалим

Андан эки ай мурда ушуга эле окшош окуя Бишкектин жанындагы Лебединовка орто мектебинде болгон эле. №1 мектептин мугалими окуучуларды тартипке чакырган аракети үчүн аны кысымга ала башташканда, чыдабай мектептен кетип калган. Ошондон бир айдан кийин кайра ата-энелердин өздөрүнүн, администрациянын өтүнүчү боюнча мектепке кайрылып келди.

“Ыза болуп кетип калдым эле. Бирок балдарым, ата-энелер суранды кайтып келиңиз деп. Мен мугалим болгондон кийин башка ишке деле эбим жок. Мугалимдик кесибимди сүйөм. Директорум, министрлик, Жогорку Кеңеш, коомчулук колдоо көрсөтүп, ошондуктан мектебиме кайтып келдим. Азыркы мезгилде жаш муундар өзгөрүп кетишти. Агрессивдүү, ата-энелери дагы агрессивдүү. Кичине проблема болсо эле ата-энелер келип, мугалимдерге кысым көрсөтүп, нормалдуу иштетпей атат”,-деген эле тарых мугалими Жылдыз Садырбаева.

Лебединовкадагы мугалимдин окуясынан кийин коомдо анын таламын талашкандар көп болду. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин денгээлинде дагы маселе көтөрүлдү.

Мектептин администрациясы өз кезегинде кесиптик этиканын сакталышына тийиштүү чаралар көрүлүп келгенин айтууда. Ошол эле убакта деректир бул инциденттен кийин педагогдордун эле эмес, балдардын тартиби боюнча ата-энелердин жооопкерчилигин күчөтүү керектигин белгилейт.

“Ушул окуядан кийин педконсилиум өткөрдүк. Ошол класста ата-энелер чогулушу болду. Алар менен акылдашып, макулдашып, эми эмне кылабыз, бул жалпы ата-эненин да проблемасы. Ата-энелер балдарынын тартибин карасын деп ал боюнча да иштеп атабыз”,-дейт Лебединовка орто мектебинин директору Гүлбүбү Ыскакова.

Ошол окуядан кийин Жылдыз сабак өткөн класска ата-энелер видео байкоо орнотуп баштаган эле.

Коомчулуктун колдоосу Жылдызга күч-дем берген экен, ал жаңы окуу жылы башталар алдында Бишкекте директорлордун сынагына катышып, жеңип чыгып, Аламедин-1 кичи районундагы №38 мектепке директор болуп дайындалды.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: