You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ Сенаты Орусияга каршы "тозок санкцияларын" жактырды. Көзөмөлдү Трампка берди
- Author, Алексей Калмыков
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШ Сенаты Орусияга Украинадагы согуш үчүн «тозок санкцияларын» киргизүү тууралуу мыйзамды көпчүлүк добуш менен (86 "макул", 11 "каршы") жактырды. Бул Дональд Трамп Ак үйгө экинчи мөөнөткө кайтып келгенден берки АКШнын Кремлге жасаган басымын олуттуу күчөткөн алгачкы кадам болуп калды. Санкциялар Владимир Путинди сүйлөшүү үстөлүнө отургузууну көздөйт. Бул Орусиянын аймагындагы алыскы буталарга сокку уруу менен согуштун жүрүшүн өзгөртө аларын көрсөтүп жаткан Украина үчүн, ошондой эле Владимир Зеленскийге карата мамилеси жумшарып бараткан Трамп үчүн маанилүү учур болуп турат.
Мыйзам президенттин жарлыктары менен буга чейин киргизилген АКШнын Орусияга каршы санкцияларын бекемдейт. Бул Трамптын санкцияларды каалаган учурда өзүнүн чечими менен жокко чыгаруусун кыйындырат. Ошол эле учурда мыйзам президентке санкциялардын каалаганын убактылуу токтотууга укук берет. Мындан тышкары, Орусиядан мунай же газ сатып алган же санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөргө каршы соода чектөөлөрүн киргизүү укугу да президентке берилет.
"Мыйзам долбоору Владимир Путинди Орусиянын Украинага каршы согушун каржылоого жумшай турган кирешеден ажыратууга багытталган", — дешет документтин авторлору.
Мыйзам долбоору мындан бир топ мурда даярдалган жана алгачкы версиясы азыркыдан бир аз айырмаланган. "Тозок санкцияларын" республикачыл сенатор Линдси Грэм сунуштап, илгерилетип келген. Бирок мыйзам долбоору ал июль айынын ортосунда көз жумгандан кийин гана Сенатта карала баштады. Ага Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам берген "көмүскө флотко" каршы чаралар, Иранга каршы санкциялар жана эң башкысы Трампка айрым санкцияларды жеңилдетүүгө жана өзгөчө учурларды киргизүүгө укук берген жоболор кошулду.
Мыйзам долбоору эми Өкүлдөр палатасынан да өтүшү керек. Бирок палата сентябрга чейин каникулга чыккан. Андан кийин мыйзам долбоору президент Трамптын кароосуна жөнөтүлөт. Ал Трамп кол койгондон кийин гана мыйзам күчүнө кирет.
Документ күчүнө киргенден кийин Трамп 30 күндүн ичинде санкцияларды киргизүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле санкциялар ар алты ай сайын кайра каралып турушу керек.
Тизгин да, ырайым да дагы эле Трамптын колунда
Документте аты аталган аткаминерлер менен уюмдар, маселен, Владимир Путинден тартып "Сбербанкка" чейин АКШнын санкцияларына эчак эле кабылган. Бирок эми бул чектөөлөр президенттин жарлыгы менен гана эмес, мыйзам аркылуу да бекемделет. Буга чейин Трамп санкцияларды биротоло алып сала алса, эми аларды убактылуу гана токтото алат.
Бул үчүн өзгөчө татаал процедура талап кылынбайт. Президент Конгресске кат жөнөтүп, санкцияларды жеңилдетүү эмне себептен АКШнын кызыкчылыгына туура келерин кыскача түшүндүрүп коюшу жетиштүү.
Трамп буга чейин да ушундай өзгөчө учурларды киргизген. Иранга жасалган чабуулдан кийин ал танкерлерге жүктөлүп, жолдо турган орус мунайына салынган санкцияларды эки айга токтоткон. Натыйжада Кремль согуштан улам баасы кескин өскөн мунай рыногунан пайда көрүп, санкциялардан улам деңизде кармалып турган 100 миллиондон ашык баррель мунай жана мунай заттарын сатууга мүмкүнчүлүк алган.
Бирок мыйзамда жаңы чаралар да бар. Биринчиден, Трампка Орусиядан мунай жана газ сатып алган же Кремлге санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген беш өлкөдөн АКШга импорттолгон товарларга 100 пайызга чейин бажы алымын киргизүүгө укук берилет. Бул чаранын негизги бутасы болушу мүмкүн болгон өлкөлөрдүн арасында Индия, Кытай жана Түркия бар.
Экинчиден, АКШ Орусиянын "көмүскө флотуна" каршы Европанын акыркы санкцияларына кошулат.
Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери Орусиянын «көмүскө флоту» АКШнын жээктеринен алыс жүргөнүн айтып, аны менен европалыктар өздөрү күрөшүшү керек деген позицияны карманып келген. Европа өлкөлөрү да ошону жасап, быйыл алар биринчи жолу Орусия менен байланышы бар, башка өлкөлөрдүн желегин мыйзамсыз колдонгон танкерлерди активдүү кармай баштады.
Ал эми Европа Биримдиги "көмүскө флотко" кирген танкерлердин санкциялык тизмесин улам кеңейтип жатат. Анткени мындай флоттун көлөмү өсүп, санкцияларга ылайыкташууда. Танкерлерди башка өлкөлөрдө кайра каттоодон өткөрүп, атын өзгөртүү да оңой.
Эми АКШ да бул жагынан Европа өлкөлөрүн тез эле кууп жетиши мүмкүн. Мыйзам долбоору боюнча, эгер Европа Биримдиги, Улуу Британия же башка Батыш өлкөлөрүнүн союздаштары кайсы бир кемени санкциялык тизмеге киргизсе, Трамп аны кошумча текшерүүсүз эле АКШнын санкциялык тизмесине киргизе алат.
Бирок бул жерде да акыркы чечим Трамптын өзүнө байланыштуу болот.
Мыйзам долбоору боюнча Кремлге каршы санкцияларды толугу менен алып салууга Орусия согуш аракеттерин толук токтотуп, Украинанын эркин жана көз карандысыз бийлиги менен тынчтык келишимине кол койгондон кийин гана жол берилет. Бул үчүн АКШ президенти Орусиянын согушту токтотуп, тынчтык келишимине кол койгонун Конгресске расмий ырастоого тийиш.
Мындай учурда да Конгресске бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүгө убакыт берилет. Эгер зарыл деп тапса, Конгресс атайын резолюция кабыл алып, санкциялардын жоюлушун убактылуу токтото алат.