Мугалим да миллиондоп каржылап коё алат. Эжейлердин эмгеги эл таразасында

Published

Белгилүү кинорежиссер Руслан Акун тарткан "Агай" теле сериалы агартуу тармагы, мугалимдин орду, жаратмандыгы деген теманы дагы бир жолу козгоду. Айрымдар кези келсе эми алдыңкы эжейлердин эмгегин тасмага тартыш керек деп жатат. Тасманын баш каарманы болгон айтылуу агартуучу Гапыр Мадаминовдун эмгегинин үзүрү эле миллондогон сомду үнөмдөп, андан көбүн жаштарга инвестиция кылып койгонун жаңы министр Каныбек Иманалиев парламент трибунасында туруп айтты.

Би-Би-Си аялдардын майрамында кесиптик даярдыгы жогору, санарип технологияларды мыкты өздөштүргөн чыгаан үч мугалим эжейдин жетишкендиктерин сөз кылабыз. Бир жагынан кыргызстанда мугалимдердин эң басымдуу бөлүгү эжейлер. Агайлар дале саналуу бойдон калууда...

"Жылдын мыкты мугалими" - 2022

Гүлзат Мукамбетова

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек шаарындагы N68 гимназия мектебинин информатика мугалими Гулзат Мукамбетова

Гулзат өткөн жылы «Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагына катышып, топ жарып чыгып, экинчи орунду ээледи.

Сабакта болушунча кызыктуу өтүп, алдыңкы методикалык ыкмаларды, педагогикалык технологияларды пайдаланат.

Оюн формаларын, маалыматтык-компьютердик, структуралык-логикалык, тренингдик, мультимедиалык окутуу технологияларын жана сынчыл ой-жүгүртүүнүн стратегияларын колдонот.

«Мыкты мугалим – бул балдарга мээримдүү, чыгармачыл, изденген, методикалык искусствону жогорку деңгээлде өздөштүрө алган, заманга шайкеш ар тараптан өнүккөн жана кесиптик позицияга ээ болгон адам деп билем. Мугалим күн сайын окуп, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп турушу керек, себеби ал айланадагылардан, эң оболу, окуткан окуучуларынан көптү билүүгө тийиш»,- дейт Гүлзат.

«Балдардын ишенимине кирип, сыйына татуу эң кыйын. Мен окуткан балдарыма: “Силер санарип замандын балдарысыңар” - деп, алардын артыкчылыктарын белгилеп, мотивация берип турам".

Сабагыңды билсең эле болду деген өтө аздык кылат...

Ал азыркы заманда мугалим өзү психологияны тереңдеп үйрөнүшү керек турбайбы деген бүтүмгө келип, психология боюнча коуч тренерден билим алды. “Анар групп” психологиялык-тренердик борборунда окуду.

«Чындыгында мугалим үчүн өзүнүн эле предметин билүү жетишсиз. Ал психологияны терең түшүнүп, мимика, жесттер менен иштей билген, эл алдына чыгып, өзүн эркин алып жүрө алган артисттик жөндөмдөргө да ээ болушу керек экен».

Гүлзаттын окуучулары «Робот техникасы» боюнча шаардык, республикалык сынактарга катышып, байгелүү орунга жетүүдө.

2021-2022-окуу жылында «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу кароо-сынагынан «Информатика сабагындагы экзамен алуу системасы» деген темадагы долбоордук иш менен катышкан окуучусу республикалык, эл аралык деңгээлдеги «Алтын диплом» менен сыйланган.

"Жылдын санарип мугалими"

Айнура Абдрахманова

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айнура Абдырахманова - республикалык “Санарип мугалим – Кыргызстан” конкурсунун жеңүүчүсү, Лейлек районундагы Ак-Булак орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Пандемияга чейин эле онлайн сабакты баштагандар...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айнура ковид пандемиясына чейин эле "Санарип мугалим" долбооруна катышып, жүздөгөн мугалимдин арасынан алдыга суурулуп жеңүүчү аталды.

Долбоорго катышып баштаганда беш ай бою бирден китеп окуп, онлайн тест тапшырып турган.

"Булар жөнөкөй китептер эмес кесиптик деңгээлибизди көтөрүү менен бирге патриоттук сезимди ойготуп, Мекенге, кесипке болгон сүйүүнү, берилгендикти күчөткөн мыкты китептер болду. Андан сырткары көптөгөн тиркемелерде иштөөнү, аны сабакта эффективдүү колдонууну үйрөндүк. Бардык эмгектерибизди социалдык медиада хештег аркылуу атайын баракчада бөлүшүп турдук. Кызыгы бул конкурс пандемияга чейин болгон болчу. Андыктан бул жерде алган билимибиз бизге карантин мезгилинде аба менен суудай кереги тийди".

Ал райондун башталгыч класс мугалимдеринин 800дөн ашуун чоң группасын түзүп, Телеграм каналы аркылуу бир айлык бекер онлайн сабактарды өтүп турду.

ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоорунун улуттук тренери болуп, алыскы айылдардагы мектептерге барып, ар кандай семинар-тренингдерди өткөрүп келатат.

Жаңычыл мугалим

Нургул Тайыр кызы, Ош шаарындагы Навои мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нургул Тайыр кызы, Ош шаарындагы Навои мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Анын сабак өтүүдөгү өзүнчө ыкмасы бар, оюн формасын көп колдонот.

«Мен көбүнчө сабактарымды оюн менен баштап, оюн менен тема түшүндүрүп, оюн менен аяктайм. Кыскасы, ойноп жатып эле теманы түшүндүрөм. Мурдагыдай лекцияңды уккан окуучулар жок, ага болбой мени угасың деп таңуулагандан улам окуучу менен мугалимдин ортосунда келишпестик келип жатат. Коом күткөн “Мыкты мугалим” болуунун жолу, мугалимдерди жыл сайын окутуп, билим берип, методикаларды заман талабына жараша үйрөтүп турушу керек. Анан ар бир мугалим Нурлан Кармышаков деген агайым айткандай, дарыгер оорулуунун кайсы жери ооруп келсе күрөшкөндөй, мугалим да окуучунун кайсы жерден кыйналып жатканын байкап, ошол жерден көмөк көрсөтүш керек. Ал үчүн мугалимдин жашоосу, эс алуусу, окуганга акчасы, убактысы болушу керек».

Ош шаарындагы гуманитардык-педагогикалык институтун эң жакшы окуп бүткөн, убагында президенттик “Үмүт” стипендиясына татыктуу болгон.

Окуучуларды кыргыз тили боюнча олимпиадага, ЖРТга даярдайт. Кыргыз тилчи мугалимдерге тренингдерди өткөрөт.

Нургүлдүн жолдошу Мирлан да мугалим. Оштогу Алишер Навои мектебинде информатикадан сабак берет. Ал дагы мугалимдер конкурсуна катышып, байгелүү орундарга жеткен.

«Айрыкча, менин кыргыз тилчи, жолдошумдун информатика мугалими болгону жашообузда көп кыйынчылыктарды жеңишибизге, көп ийгиликтерге жетишибизге өбөлгө болду. Эгерде окуучуларга бир платформага тапшырма даярдаш керек болсо, бирибиз тамак жасап, бирибиз тапшырмаларды электрондук түрдө даярдап, бири-бирибиздин слайддарыбызды токтоп калган жерден улантып жасай беребиз. Эң негизгиси мен аны кыргыз тилчи, ал менин информатик кылып тарбиялады»,-дейт Нургул "Кут Билим" гезитине берген маегинде. (КС)