Ачыкталган документтер Кытайдын лидерлерин уйгур репрессиялары менен байланыштырат

Published

2021, 2-декабрь: Күндүн жаңылыктары

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин (солдо) жана премьер-министр Ли Кэцян (солдо)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин (солдо) жана премьер-министр Ли Кэцян (солдо)

Жакында жарыяланган документтерде Кытайдын жогорку лидерлерин, анын ичинде президент Си Цзиньпинди мамлекеттин уйгур мусулмандарына каршы репрессиялары менен түздөн-түз байланыштырат.

Документтерге талдоочулардын айтымында, жогорку бийлик жетекчилери массалык абактоо кармоого жана мажбурлап иштеткен чараларды киргизүүгө чакырганын далилдеген сөздөр камтылган.

Кытай уйгурларга каршы геноцид кылып жатканын такай четке кагып келет.

Бир нече документ, мурдагы билдирүүдө берилген, бирок акыркылары мурда ачыкка чыккан эмес.

Алар Улуу Британиядагы көз карандысыз элдик сот аталган Уйгур трибуналына сентябрда берилген, бирок мурда толук жарыяланган эмес. Трибунал бул жаатта адистешкен үч илимпоздон - доктор Адриан Зенцтен, Дэвид Тобинден жана Джеймс Миллвардтан документтердин аныктыгын тастыктоону суранган.

Кытайдагы уйгурлар жашаган аймактын аты менен аталган «Шинжаң документтери», Кытайдын Коммунисттик партиясынын лидерлери, анын ичинде Си мырза жана премьер-министр Ли Кэцян кантип уйгурларга жана башка мусулмандарга карата жүргүзүлгөн саясатка түздөн-түз алып келген билдирүүлөрдү жасаганын көрсөтүп турат.

Аларга мажбурлап абакта кармоо, массалык стерилизация, аргасыз ассимиляция, “кайра тарбиялоо” жана камактагы уйгурларды заводдордо иштөөгө мажбурлоо кирет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

The New York Times ачыкка чыккан документтердин топтомуна окшош документтерди 2019-жылы алышканын, бирок алар ачыкка толук эмес чыкканын билдирген.

Доктор Зенц документтер тууралуу билдирүүсүндө, анын талдоолору жогорку даражалуу мамлекеттик чиновниктердин билдирүүлөрү менен кийинки уйгурларга каршы саясаттын ортосундагы байланыштар "мурда ойлогондон алда канча кеңири, терең жана маанилүү" экенин көрсөткөнүн айтты.

Кытай Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу боюнча айыптоолордон улам эл аралык катуу кысымга кабылды. Кытайдын аймакка мамилесиндеги көрүнүктүү өзгөрүү 2013-жылы Пекинде жана 2014-жылы Куньмин шаарында жөө жүргүнчүлөргө жана жүргүнчүлөргө жасалган эки зордук-зомбулук чабуулунан кийин байкалат. Ал чабуулга Кытай уйгур исламчылары менен жикчилдерин айыптаган.

Буга жооп катары, 2016-жылдан баштап, уйгурлар жана башка мусулмандар үчүн "кайра тарбиялоо" деп аталган лагерлердин курулуп, ошондой эле жүрүм-турум шектүү деп эсептелген Шинжаң тургундарына кол салуулар орун алды.

Ошондой эле Кытай Шинжаңдагы уйгурларды пахта терүүгө чыгарып, мажбурлап иштетүү стратегиясын жүргүзүп келет.

Мындан тышкары, Кытай уйгур аялдарын массалык түрдө зордоп, калкты кысымга алуу, балдарды үй-бүлөсүнөн ажыратып, топтун маданий салттарын бузууга аракет кылып жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Бир нече өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Канада жана Нидерландия Кытайды геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпташкан.

Кытай бул айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы репрессиялар терроризмдин алдын алуу жана исламчыл экстремизмди жок кылуу үчүн зарыл экенин жана лагерлер терроризмге каршы күрөштө туткундарды “кайра тарбиялоонун” натыйжалуу куралы экенин жооп кылган. (MD)

Австрия: бейтаптын бутун ампутация кылган хирургга 2700 евро айып салынды

Соттун эмнеге башка бутун кесип салдың деген суроосуна ал “билбейм” деп жооп узаткан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соттун эмнеге башка бутун кесип салдың деген суроосуна ал “билбейм” деп жооп узаткан

Австриянын Линц шаарынын соту ката кетирип бейтаптын оң бутун ампутация кылып салганы үчүн хирургга 2700 евро айып салды. Бул окуя операциядан эки күн өткөн соң гана билинип отурат.

Сотко чейин каза болгон жесир аялына беш миң евро кенемте төлөнүп берилет.

82 жаштагы киши (аты-жөнү ачык айтылбайт) Фрайштадт шаарындагы ооруканага май айында келип түшкөн. Дарыгерлер анын сол бутун ампутация кылуу чечимин кабыл алган. Бирок операция күнү кандайдыр бир катачылык менен бейтаптын оң бутун кесип, операция ийгиликтүү болгону айтылат.

Врачтын ката кетирип алганы операциядан эки күн өткөн соң билинип, бейтапка эми экинчи бутун кесүү жөнүндө айтышкан. Ооруканын башкы врачы окуя кокусунан болгонун айтып, коомчулуктан кечирим сурады.

Бул иш сотко жеткенден кийин операция жасаган хирург катачылыктын себеби операция бөлүмүндөгү айрым кемчиликтен келип чыкканын айткан. Соттун эмнеге башка бутун кесип салдың деген суроосуна ал “билбейм” деп жооп узаткан.

Ал окуядан кийин башка клиникага которулуп кетти, айып пулдун жарымын төлөө кийинкиге жылдырылды. Оорукана жетекчилиги дарыгерлер окуудан өтүп, кемчиликтер жоюлганын айтууда. (ErA)

Президент депутаттардын айлыгын кыскарта турчу жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койду

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин баса сөз кызматы кабарлады.

Жарлыктын алкагында парламентарийлердин кызматтык оклады төмөндөтүлдү.

Ошентип:

 - Жогорку Кеңештин Төрагасынын кызматтык оклады 30 миң сом өлчөмүндө аныкталсын;

 - Вице-спикерлер – 27 миң сом:

- парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына - 26 миң сом:

- депутаттарга - 25 миң сом.

Аталган жарлык бюджеттик саясатты - мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик чыгашаларды негиздүү үнөмдөөнү демилгелейт.

«Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү кырдаалды жакшыртуу боюнча механизм киргизилген, аны менен бирге эч кандай каражат коротулбайт. Механизмди “Мамлекет каражатына карап иш кылыш керек” деген жалпыга маалым принцип менен мүнөздөсө болот. Башкача айтканда, мамлекеттик аппаратты кармаш үчүн коротулган мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын кескин үнөмдөө» ,- деп айтылат маалыматта.

Бул механизм ар кыл өлкөлөрдө татаал экономикалык реформаларды өткөрүү мезгилинде ар дайым ийгилик менен колдонулуп келген. “Чамаңа чактап иш кыл” урааны алдында Балтия, Чыгыш жана Борбордук Европанын өлкөлөрүндө (Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Венгрия) мамлекеттик башкаруу реформалары ийгиликтүү өткөн.

Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болуп калды. Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Мисалы, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келсе, эми компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт. (MD)

Германия: Мюнхенде станциянын жанында бомба жарылып, төрт киши жарадар болду

Бомба Мюнхендеги Доннерсбергер көпүрөсүнүн жанында туннель куруу иштери учурунда жарылган.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бомба Мюнхендеги Доннерсбергер көпүрөсүнүн жанында туннель куруу иштери учурунда жарылган.

Германиянын Мюнхен шаарындагы темир жол курулушунда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунан калган бомба жарылып, төрт адам жабыркады, бирөө оор абалда.

Өрт өчүрүү кызматынын айтымында, окуя башкы станцияга жакын Доннерсбергер көпүрөсүнүн жанында бургулоо иштери жүрүп жатканда болгон.

Натыйжада Мюнхендин көп бөлүгүндө темир жол кыймылы токтоп калган.

Согуш мезгилиндеги жарылбаган бомбалар Германияда көп кездешет жана чоң эвакуацияларды талап кылат, бирок алардын көбүн эксперттер жарыла электе зыянсыздандырышат.

Полициянын айтымында, бомба көпүрөнүн жанында туннелде иш жүрүп жаткан учурда жарылган. Жергиликтүү кабарлар катуу жарылуудан кийин түтүн каптаганын билдиришкен.  Жардыруунун күчүнөн экскаватор оодарылып кеткен.

Шашылыш кызматтар жана бомбаны зыянсыздандыруу боюнча адистер окуя болгон жерге тез арада келип, бомбанын калдыктарын изилдеп чыгышты.

Deutsche Bahn темир жол оператору борбордук станция тарапка кеткен жана андан кайткан кыймылды токтотту. Полиция айрым алыскы линиялар өз ишин улантканын билдирди.

Бавариянын ички иштер министри Йоахим Германдын айтымында, "аба бомбасынын" салмагы 250 кг болгон.

Экинчи Дүйнөлүк Согуштун бомбалары табылган учурда  бүтүндөй шаарлардын эвакуацияланышы керек болот. Ал бомбалардын көбү британиялык жана америкалык аскерлер тарабынан ташталган. Мюнхендин борборундагы чоң курулуш долбоорлору, адатта, согуш учурундагы курал-жарактарды текшерүүгө олуттуу көңүл бурушат.

"Бул бомбаны эмне үчүн мурда эч ким байкабаганын иликтөө керек" - деди Геррманн маалымат каражаттарына.

2017-жылы британиялык 1,4 тонналык "блокбастер" бомбасы табылганда, 70 миң киши Франкфуртта үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. (ET)