Жөтөлгө каршы сироп шарттаган өлүмдөр: Индияда жасалган дары-дармектер тынчсызданууну жарата баштады
Сутик Бисвас, Би-Би-Си Индия

Сүрөттүн булагы, AFP
2019-жылы кышында Индиянын Жамму чөлкөмүндө жашаган бир нече жаш бала “сырдуу ооруга” чалдыккан.
Жергиликтүү дарыгерлер суук тийгизип, жөтөлгөн балдарга жөтөлгө каршы сироп жазып беришкен. Бирок айыгуунун ордуна алар мындан да катуу ооруй баштады: жаш балдар кусуп, дене табы көтөрүлүп, бөйрөктөрү иштебей калган. Кырсыктын себептери ачылганга чейин эки айдан алты жашка чейинки 11 бала каза болгон.
Териштирүү маалында Индиянын Digital Vision аттуу дары компаниясы жасаган жөтөлгө каршы сироптун үч үлгүсүндө “диэтиленгликоль” (гликоль ДЭГ) бар экенин аныкталган - бул боёк, сыя жана тормоз суюктукту жасоо үчүн колдонуучу өнөр жай эритүүчү. Көп учурда бул уулуу затты ичкенден кийин бөйрөктөр иштебей калат.
Ушул айдын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Гамбиядагы 66 баланын өлүмүнө байланыштуу жөтөлгө каршы төрт индиялык сироп боюнча эскертүү таратты. 32 жылдык тарыхы бар Maiden Pharmaceuticals Limited фирмасы жасаган сироптун үлгүлөрүнүн лабораториялык анализи “диэтиленгликоль” жана “этиленгликоль” уулуу алкоголдун "мүмкүн болбогон өлчөмдө" бар болгонун тастыктаган.
Ууланган сироп жана трагедиялуу өлүмдөр Индиянын $42 млрддык дары-дармек өндүрүш тармагына кайрадан көңүл бурду - бул тармактан түшкөн кирешенин жарымы эле экспорттон.
*Кыргызстан жылына Индиядан $20 млндон ашуун дары-дармек импорттойт. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Индиядан $22,5 млнго 712,9 тонна дары-дармек келген (бул жалпы импорттун дээрлик 14%). Кыргызстанга дарыларды импорттоо боюнча Орусия биринчи орунда - өткөн жылы Кыргызстанга $26,2 млндук дары келген.
Индиядагы үч миңге чукул фирма “женерик” (дарылардын арзанраак көчүрмөлөрү), рецептсиз сатылуучу дары-дармектерди, вакциналарды жана ингредиенттерди өндүргөн он миңдей фармацевтикалык фабрикаларды иштетет. Дары-дармектерди өндүрүү үчүн активдүү химиялык заттардын 70% Кытайдан импорттолот, бирок аларды үй шартында да жасоого аракеттер көрүлүп жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Премьер-министр Нарендра Моди Индияны "дүйнөнүн дарыканасы" деп атайт. Индиянын женериктерди жасоо боюнча салттуу тажрыйбасы аны арзан баадагы дары-дармек өндүрүүчүгө, ошондой эле дүйнөлүк өндүрүштүк базага айлантты.
АКШда рецептисиз сатылган дары-дармектердин жана женериктердин 40%, ошондой эле Улуу Британияда жүгүртүлгөн дарылардын төрттөн бири Индиядан келет. Өлкө ВИЧке каршы күрөшүү үчүн дүйнө боюнча антиретровирустук дарылардын үчтөн экисин жеткирет. Индиядагы 800 чукул дары-дармек чыгаруучу завод АКШнын ден соолук жана коопсуздук талаптарына жооп берет.
Дары-дармектерди өндүрүү тармагы дээрлик он жылдан бери жыл сайын 9 пайыздан жогору иштеп келет, ошентсе да, мындай үзгүлтүксүз өсүү сапатсыздык жана алсыз жөнгө салуу боюнча айыптоолор менен караңгыланат.
Көпчүлүк Индия негизинен кичинекей шаарларда жана айылдарда сатылган жасалма дары-дармектердин ташкыны менен ар дайым күрөшүп келген деп эсептешет. Бирок, аналитиктердин айтымында, дарыгерлер жана бейтаптар “стандарттык эмес дарыларды” жасалма дарылар менен чаташтырышы мүмкүн. Дары-дармектерди текшерүүчү көптөгөн мамлекеттик лабораториялар толук кандуу каржыланбайт, кызматкерлери жетишсиз жана начар жабдылган. Регулятивдик көзөмөлдүн аткарылышынын аксаганы таң калыштуу эмес, дешет серепчилер. 2014-жылы Индиянын дары-дармектерди жөнгө салуучу органы бир гезитке: "Эгер АКШнын стандарттарын сактайлы десек дээрлик бардык дары-дармек өндүрүүчү ишканаларын жабууга туура келет" деп айткан.
1972-жылдан бери ичинде “диэтиленгликоль” бар дарыларга байланыштуу ар кайсы учурда болгон беш массалык уулануудан 70тен ашык адам, негизинен жаш балдар каза болду.
2013-жылы АКШда жети жылга созулган иликтөөдөн кийин Индиянын алдыңкы дары өндүрүүчүсү Ranbaxy Laboratories ишканасына рекорддук $500 млн айып пул салынган. Бул женерик-дарыларды чыгарган компанияга “өндүрүү, сактоо жана сыноо шарттарын сактабаганы үчүн” салынган эң ири айып пул.

Сүрөттүн булагы, AFP
Расмий өкмөттүн маалыматында, 2007-2020-жылдар аралыгында Индиянын 28 штатынын үчөөсүндө жана үч союздаш аймактан алынган 7,5 миңден ашуун дары сапат сыноолорунан өтпөй калган - алар "стандарттуу сапатка ээ эмес" же “сапаты начар” деп табылган. Бул изилдөөнү Индиянын дары-дармектерди жөнгө салуучу мекеменин мурдагы аткаминери, коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эксперт Динеш Тхакур өткөргөн.
Мындан сырткары, Тхакур Индиядагы дары-дармектерди жөнгө салууну изилдеген “Чындык таблеткасы” (The Truth Pill) китебинин авторлошу.
Сыноолордон өтпөй калган дарыларда химикалык ингредиенттердин жетишсиздиги, бейтаптардын канында эрүү жөндөмүнүн начардыгы же булганганы аныкталган.
Адатта сыноодон өтпөй калган ар бир үлгү дары-дармектин партиясын билдирет - бул жүз миңдеген таблеткалар, капсулалар жана инъекциялар.
"Акыркы он жылда мындай начар сапаттагы дарылардан жабыркаган бейтаптардын жалпы саны балким жүз миңдеген, балким миллиондогон болушу мүмкүн", - дейт Тхакур-мырза.
Тхакур-мырза көптөгөн индиялык фирмалар "жакшы өндүрүш практикасын" же GMP (сапатты сыноодон өткөрүүнү түшүндүргөн дары-дармек индустриясындагы термин) карманбай жатат деп кооптонот. Анын айтымында, “диэтиленгликоль” менен байланышкан инциденттер алгач Индиянын ичинде, азыр болсо чет өлкөдө катталганы кээ бир фирмалар "чийки заттарды же рынокко жөнөтүүдөн мурун акыркы курамды сыноодон өткөрбөгөндүктөн" улам болууда.
"Акыркы он жылдыкта ачык рыноктогу дары-дармектер "стандарттык сапатка ээ эмес" деп табылганын эске алганда, көптөгөн өндүрүш ишканалар "жакшы өндүрүштүк тажрыйбанын" өзөгүн түзгөн сапатты жана процессти көзөмөлдөө процедураларын толугу менен бузуп жатканы айдан ачык", - дейт Тхакур-мырза.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бул баары эмес. Тхакур-мырза “Маалымат алуу укугу жөнүндө” мыйзамды колдонуп, Индиянын мамлекеттик дары-дармектерди текшерүү лабораторияларынын көбүндө негизги жабдыктар жок экенин аныктады. Ал белгилегендей, дарыларды тандап алуу практикасы 1875-жылдагы колониялык мыйзамга туура келет - ага ылайык, инспекторлор базардагы туш келди үлгүлөрдү аз көлөмдө алып кетишет.
Индия “сапаты начар” деп табылган дарыларды рыноктон чакыртып алуу боюнча мыйзамды жарым кылымга жакын убакыттан бери талкуулап келет. "Анда бардык рекомендациялар бар, бирок мамлекеттик жөнгө салуучу органдар муну билбейт окшойт. Индияда кайрадан чакыртылган дарылар тууралуу буга чейин уктуңуз беле?" - деп суроо салат Тхакур-мырза.
Көйгөйдүн масштабын түшүнүү кыйын - Индиянын дары-дармек чыгаруучу заводдорунун көбү чынында эле дүйнөлүк деңгээлде. Ал эми дарыгерлер Индияда жасалган дарыларга ишенгенин айтышат.
Доктор Рахул Бакси, Мумбайдагы диабетолог, акыркы жылдары бир гана жолу дарыдан шектенгенин айтты - анда бейтап сапаттуу дарыдан арзаныраак женерикке өткөндөн кийин глюкозанын деңгээли көтөрүлүп кеткен, дейт Бакси.
Бирок ал кичинекей шаарларда жана айылдарда жасалма же сапаты начар дарылар сатылып жаткан болушу мүмкүн деп эсептейт.
"Индиянын алыскы аймактарынан келген бейтаптарымдын көбү жазылган дары-дармектерди шаардагы дарыканалардан сатып алышат, анткени алар өз аймактарында сатылган дарыларга ишенбегенин айтышат", - деди доктор Бакси.
Гамбиядагы балдардын өлүмүнөн кийин Индия өзүнүн федералдык жөнгө салуучу органы "ишеничтүү" экенин айтып, ДССУдан жөтөлгө каршы сироптон каза болгондордун өлүмүнө эмне себеп болгону жөнүндө кошумча маалымат сурады.
Атын атагысы келбеген фармацевтика тармагынын өкүлү мага "айрым өлкөлөрдө сапаттын катуу стандарттары бар экенине карабастан", Индиянын дарылары толугу менен коопсуз экенин айтты. "Биз кырсыктарды коргоп жаткан жокпуз, - дейт ал. - Бирок бул жерде адашуулар болгон".
"Адашуу бир жолу болушу мүмкүн. Сиз адамдардын өмүрү менен ойной албайсыз", - дейт Тхакур-мырза.
































