Кемпир-Абад: кармалгандардын үй-мүлкү конфискацияланабы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Эл оозунда "Кемпир-Абад иши" деп аталып калган иш боюнча айыпталгандардын иши сегиз айдан кийин сотко өттү. Сот процесси 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталары кабарланды. Ошол эле учурда абакта жаткан 12 кишинин үй-мүлкү конфискацияланышы мүмкүн деген дагы кабатыр билдирүүлөр болууда.

Сүрөттүн булагы, Kloop
“Кемпир-Абад иши “жашыруун” грифин алып атпайбы. Бул кылмыш ишинин алкагында жалпы 28 адам өтүп жатат. Ал 40 томдон турат, бирок аны адвокаттарга, айыпталуучуларга да бербей жатат. Апамдын коомдук сайтында анын каты, ага кошо тиркеме илинди. Ишти караган эң башкы тергөөчү Жапеков деген соттон 12 адамдын мүлкүн камакка алууну суранып жатат. Биз аны кокустан билип калдык, эч кимге айтылбаптыр. Эмнеге 12 эле адамдын мүлкү тууралуу сөз болуп атат деген суроолор чыгып атат”,-дейт камактагы жарандык активист Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай.
Жарандык коомдун өкүлү Рита Карасартованын үч бөлмөлүү жер тамы бар экени белгилүү. Анын күйөөсү каза болуп, жашы жете элек уулу бар экени да маалым. Учурда ал Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында калган жалгыз айым болууда.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековдун колу коюлду делген документте Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Илгиз Сарылдык уулу, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудовдун үй-мүлкү камакка алынганы жазылган.
ИИМ азырынча комментарий бере элек. Ал документтин чын-бышыгын тактоо да мүмкүн боло элек. Буга чейин баш прокурор Курманкул Зулушев парламенттин 11-апрелдеги жыйынында камактагы саясатчыларды төңкөрүш чыгаруу аракети үчүн олтурат деп билдирген:
““Кемпир-Абад боюнча” деген түшүнүк кабыл алынып калды. Бирок ал иш боюнча ИИМ министринин орун басары так айтсаңыз болмок. Бул жерде “төңкөрүш” беренеси боюнча иш козголуп жатат да. Ал Кемпир-Абадга байланыштуу эмес”.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Камактагы саясатчылардын бири Азимбек Бекназаров жакында коомдук сайттагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анда Бекназаров башкы прокурор Конституциянын жана Кылмыш-Жаза кодексинде каралган күнөөсүздүк презумпциясын бузуп, Кемпир-Абадчыларды “төңкөрүшчүлөр”, “бийликти күч менен басып алуучулар” деп парламентте дүйнөгө жарыялаганы туура эмес дейт:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Алты айдан бери 37 тергөөчү, ондогон оперкызматкерлер бизди 2022-жылдын 22-октябрында “CASA ITALIA” кафесиндеги эки сааттык өз ара пикир алышкан баарлашуубузду “массалык башаламандык кылмышына” айлантуу үчүн жан үрөп аракеттеништи. Бирок, бир дагы далил таппай айласы куруп турганда, жогорудагы эки чиновниктин парламенттеги айткандары аларга түздөн-түз берген көрсөтмө болду.
2023-жылдын 25-27-апрелдеринде У.Жапеков жетектеген тергөө тобу эч кандай кошумча тергөө аракеттерин жүргүзбөй, далилдерди таппай туруп, бардык кемпир-абадчыларга коёндой окшош токулган “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүшкөн” деген КР КЖКнын 36-326-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш менен шашылыш кошумча айыптар угузулду.
Айыптын фабуласында баягы эле “CASA ITALIA” кафесиндеги эки сааттык чогулуштан башка бир дагы жаңы сөз жок. Ушундай жол менен бизге “киши өлтүрүү, президентти барымтага алды” деген айыптарды такса деле боло бермек”.
Кылмыш-Жаза Кодексинин 326-беренесинде эмне деп айтылат?
“Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармал туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер, - мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып жазаланат”.
Юристтин комментарийи
Би-Би-Си бул берененин “Кемпир-Абад” иши боюнча кармалгандарга карата колдонуу ыктымалдыгын сурап юрист Бексултан Осмоновго кайрылды:

Сүрөттүн булагы, Social media
“Бул берене менен мындай чечим чыгаруу саясий гана чечим болбосо, конфискация кылганга туура эмес деп ойлойм. Бирок мындай буга чейин практикада болуп келген. Өзгөчө саясий иштерде, эгер ошондой кылгылары келсе, конфискация кылып салышы мүмкүн. Негизи бул иш боюнча, кылмыш жасоону каржылоо катары деп акчасын камакка алышы мүмкүн, бирок илгери сатып алынган мүлктөрүн, үйлөрүн конфискация кылганга туура эмес деп ойлойм. Бирок эми убакыт көрсөтөт, саясий иштерде чечимдер мыйзамдуубу, мыйзамсызбы, бирок кабыл алынышы мүмкүн”.
Юрист дегеле мүлктү камакка алуу кандай жагдайларда жүрөт деген жагын чечмелеп да берди:
“Кылмыш-Жаза процессуалдык кодексинде мүлктү конфискациялоо боюнча бир гана учур көрсөтүлгөн. Бул – кылмыш жасоонун натыйжасында алынган акчалар же баалулуктар болсо; кылмыш жасоону каржылогоо пайдаланылган же багытталган акчалар болсо; же кылмыш жасоонун натыйжасында алынган акчалар же өзгөртүлүп, мыйзамдаштырылган каражаттар болсо; же кылмыш жасоодо курал катары колдонулган баалуулуктар болсо, ошол гана учурда мүлктү конфискациялашы мүмкүн”.
"Кемпир-Абад" суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы болгон саясатчылар менен жарандык активисттер былтыр 23-октябрда массалык тополоң чыгаруу аракетине айыпталып кармалган. Андан бери сот алардын абактагы мөөнөтүн улам узартып жатат.
Ошол эле убакта алар эч кандай тергөө иштери жүрбөгөнүн, бийлик тараптан жөн гана ээнбаштык менен камоолор жүрүп жатканын айтып, коомчулукка жана эл аралык уюмдарга арызданышууда.
"Жүз пайыз пайдалуу чечим"
Президент Садыр Жапаров 12 -майда Бишкектеги Ленин округунан парламентке талапкерлер менен жолугуп, камактагы Илгиз Сарылдык уулунун шайлоодогу ишенимдүү өкүлүнүн суроосуна жооп берди.
“Кыргызстанга 100% пайдалуу чечим болуп аткандан кийин позициядан айланасыңбы, колдоп бер да андан көрө. Позицияңды өзгөрт. Билимдүү адам келип биринчи кезекте кагазды карайт. Архивди карайт, кандай экен деп. Биздин пайдабызга чечилип атыптырбы же зыян болуп атыптырбы дейт. Бир метр жерди берип ийсек каршы чыкса болот, бир сантиметр жер берген жокпуз, алып келдик кайра”.

Сүрөттүн булагы, Official
Расмий маалыматка караганда, Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча базалык келишимге ылайык, Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 миң 849 гектар, ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар, Баястан участогунан 212 гектар, Уңгар-Тоодон 35 гектар, Кара-Суу районундагы Ак-Таш участогунан 100 гектар, Кара-Белестен 25 гектар, Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1 миң гектар, Кемпир-Абадда суунун көлөмүн 908ден 900-горизонталга түшүргөндө 1 миң 246 гектар, ошону менен жалпысынан 15 миң 572 гектар жер Кыргызстанга өткөнүн айтып келет.
Ошентип былтыр болгон массалык кармоолор боюнча тергөө иштери улам узарып, саясатчы, блогерлердин тагдыры бир жаңсыл чечиле элек. Ал тапта эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана эркин жыйналуу эркиндиги тууралуу тынчсызданууларын билдирип жатат.































