Аялдар "сүннөтү" майып кылат же өлүмгө жеткирет
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Генерал, коомдук ишмер Феликс Кулов жакында эле Кыргызстанда медициналык окуу жайда окуган кыздын "сүннөткө" отургандыгы тууралуу Facebook баракчасына пост жарыялады. Генералдын жазганына караганда, кызга жасалган "сүннөттүн" айынан ал сабакка бара албай жаткандыгын кошумчалаган. Кулов бул маалыматты, кайдан, качан, кимден укканы тууралуу так маалымат жазган эмес. Айрымдар мындай маалымат чындыкка дал келбейт деп шек санап жатат. Көп өтпөй Саламаттыкты сактоо министрлиги жана муфтият мындай жөрөлгө Кыргызстанда жасалбай турганын расмий билдиришти.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Аялдардын "сүннөтү" деген эмне?
Аялдарды сүннөткө отургузуу бул – алардын жыныстык мүчөсүнүн кын тилин кесип алып салуу. Медицинада бул гениталиясынан ажыратуу (клиторду кесип салуу) деп айтылат. Анда аялзатынын сексуалдык каалоосу жоголуп, кумарга бата албай калат. Кээ бир кыздар мунун кесепетинен түрдүү ооруларга чалдыгып, төрөбөй, ал тургай өлүп да калышат.
Дүйнөлүк медициналык жана адам укуктары коомдорунда “аялдарды сүннөткө отургузуу” деген термин 1980-жылдардан бери колдонулбайт. Бул операцияны көбүнчө “аялдын жыныстык мүчөсүн кесүү” же “аялдарды майып кылуучу операция ”деп аташат.
БУУнун маалыматы боюнча, бул үрөй учурган жөрөлгө Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө, ошондой эле Азия менен Латын Америкасынын кээ бир өлкөлөрүндө кеңири таралган, бирок алардын жыйырма төртүндө бул практикага каршы мыйзамдар бар.
Операция эмне үчүн жасалат?
Көбүнчө кээ бир социалдык нормалар, диний ишенимдер, гигиена боюнча туура эмес түшүнүктөр операцияга себеп катары көрсөтүлөт. Ошондой эле кээ бир элдердин маданиятында кыздыкты сактоонун жолдорунун бири жана никенин шарты катары каралат.
Кээ бир өлкөлөрдө бул операцияны жасатпаган кыздын турмушка чыгуусу дээрлик мүмкүн эмес экени айтылат.
Мындай операция ден-соолукка жана гигиенага эч кандай оң таасирин тийгизбесе да, аялдарды сүннөткө отургузган аймактарда операция жасалбаган аял соо, таза эмес жана турмушка чыгууга жараксыз деп эсептелет.
Мисалы, Танзанияда кыздардын жыныс мүчөсүн кестирип анан күйөөгө берсе, ата-энеси көбүрөөк калың алат - 12-15 баш уй, эгер жасатпай туруп берсе 5-6 уй. Мындан улам ата-энелери кыздарын мажбурлап бул ишке алып барышат. Бул тууралуу Би-Би-Си даректүү тасма тарткан.
Дагы бир өлкөдө кыздын жыныс мүчөсүн тиктирип, кайра кадимкидей жаматышат. Аны кийин турмушка чыкканда күйөөсү гана сөгүүгө укуктуу.
Бул операцияны аялдар өз каалоосуна каршы жасатышат. Дүйнө жүзүндөгү дарыгерлердин басымдуу бөлүгү аны чындыгында аялдарга карата зордук-зомбулук жана укук бузуу деп эсептешет. Мындай операция көп учурда бала кезинде да жасала турганын эске алсак, анда бул балдарга жасалган кыянат иш болуп саналат.

Динге тиешеси жок
Феликс Кулов баштаган бир топ адамдар мындай окуя Кыргызстанда дагы болгону тууралуу жазган соң талкуу аябай күчөдү. Бул көрүнүш Кыргызстанга чейин жетти дегендердин бир тобу муну өлкөдө эң негизги делген динге байланыштырууда. Бирок мындай иш башка диндин өкүлдөрүнө да таралган мисалдар жок эмес. Мисалы христиан жана иудейлерде да кездешет. Ал эми Кыргызстандын муфтияты исламдын ханафий мазхабында мындай түшүнүк жок деп билдирди. Бул ойду саясий серепчи, кезинде дин комиссиясынын жетектеген Орозбек Молдалиев да ырастады.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Биринчиден, бул иш Кыргызстанда болуп жаткандыгы жөнүндө жетиштүү далилдер жок болуп жатат. Экинчиден, муну атайын ислам динин жаман көрсөтүш үчүн да мындай иш-аракеттер болушу мүмкүн. Бул жерде исламдын эч тиешеси жок. Себеби дегенде, исламда негиздин баары Курандан келет. А бул Куранда да жок. Хадистерде да жок. Тескерисинче, аялдарды исламда сыйлоо керек деп айтылат. Булардын исламга тиешеси бар деп жаткандарынын себептери бар. Исламга чейинки байыркы замандарда кийин исламга өткөн мамлекеттер бар. Мисалы, Египетте, Батыш Африканын өлкөлөрүндө ушундай акылсыз салттары болгон. Андан кийин мурдагы СССРдин аймагында Дагестан менен Ичкерияда бар дейт. Мен бүгүн дагестандык бир молдо менен сүйлөштүм. Анын айтуусунда, бул салт аларда деле жок азыр, алысыкы аймактарда кылышы мүмкүн, бирок аларда кан чыгарып эле коюшат имиш. Эми ушундай элдер бар экен. Бул исламга эч кандай тиешеси жок, ханафий гана эмес, башка мазхабдарда да жок. Байыркы Египетте болгон деп жатпайбы, азыр аякта да мыйзам жолу менен жазалайт. Бизде деле мунун атынан болбосо дагы, аялдардын ден-соолугуна зыян келтиргендиги үчүн деген жазалар бар. Аны менен биздеги орто юристтер дагы жазага тарта алат”,-деди Орозбек Молдалиев.
Майып кылып, өлүмгө алып келиши мүмкүн
Бул тажрыйба адам укуктарын бузуу катары таанылган, бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, дүйнө жүзүндө 200 миллиондон ашык кыз ага дуушар болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондусунун эсебинде, эгер аялдардын жыныстык мүчөсүн кесүү практикасы ушул эле деңгээлде улана берсе, 2015-2030-жылдар аралыгында 68 миллион аялдын жыныс мүчөсүнө операция жасалат.
Кыргыз акушер-гинекологдорунун ассоциациясынын директору жана медицина илимдеринин доктору Аскеров Арсен Кыргызстанда жарандардын ден-соолугун сактоо боюнча мыйзамдарын эске салып, доктурларды жоопкерчиликке үндөдү.

“Биз эки нерсенин айырмасын так билишибиз керек. Биринчиси эстетикалык гинекология жана экинчиси - отургузуу маселеси. Экинчи маселе кайсы тараптан алсак да туура эмес болуп саналат. Кыргызстанда кыргыз жарандарынын ден-соолугун сактоо боюнча жана адамдардын репродуктивдүү ден-соолугун коргоо мыйзамы бар. Ал мыйзамдардын жоболорунда жазылып турат. Ар бир адам, айрыкча аял киши өзүнүн репродуктивдүү ден-соолугун сактоого, коргоого укугу бар. Ал эми мамлекеттик уюмдар бул мыйзамды сактоого болгон аракетин жасаш керек, милдеттүү түрдө. Мүмкүн чынында билими жок, сабатсыз адамдар өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгы үчүн расмий эмес, легалдуу эмес мекемелерде жасап жаткандыр муну. Эгер чынында ошондой болуп жаткан болсо, сөзсүз түрдө медициналык кызматкерлерге кайрылыш керек. Себеби мунун залакасы көп болот. Биринчи эле бул жаракат алуу. Бул билип туруп атайын ден-соолукка залака келтирүү деген жобого туура келип калат. Андан кийинки зыяны – айызга жана тукумдуулукка таасир этиши, төрөт процессине жана сексуалдык жактан да терс таасир берет. Эгер шарттары начар жерде жасалып, залака терең болсо, жугуштуу оорулардын айынан же көп кан кетип калгандыктан, аялдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн ”,- деди Арсен Аскеров.
“Менин денем-менин ишим”
БУУ аялдардын жыныс мүчөсүнө жасалган бул операцияны алардын укугун бузуу, кадыр-баркын кемсинтүү деп эсептеп, ден соолугуна зыян келтирген, ал тургай өлүмгө алып келген бул салтка каршы күрөшүп келет. Мындан улам, БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 6-февралда аялдардын жыныс мүчөсүнө операция жасоого каршы күн белгиленет. БУУ 2030-жылга чейин бул салтты жок кылууну максат кылууда.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузууга тыюу салынганын билдирди. Бирок эгер мындай факты катталып кала турган болсо, мыйзам жагынан алганда, кылмыш ишин кыз өзү ачыктап, укугу, ден-соолугу үчүн күрөшүшү керек.

“Юридикалык жагынан карай турган болсок, бул жакта эң негизи маселе бул аялдын позициясы. Эгерде аял өзү “мени кыйнап, мажбурлап ушундай операция кылдырды” десе, анда милиция ошол жасаган хирургду издеп, аны жоопко тартыш керек. Бирок кыз өзү мен буга каршы эмесмин, макулмун деп турса, анда ким жоопко тартылат, кылмыш козгоп, жоопко тартыш деле кыйын болуп калат. Ошондуктан, менин денем-менин ишим деген позиция маанилүү. А эгер аял “мен макул эмес болчумун” деп арызын жазып, тийиштүү органдарга кайрылса, анда териштирүү жүрөт. Экспертиза жасалат. Экспертизаны жасоо дагы өзүнчө маселе, ал жакта жаракаттын кайсы түрү болгон, оорбу, ортобу. Андан сырткары аялдар бул операциядан кийин сексуалдык жактан кумарга бата албай калат, бул кайсы жаракатка кирет деген суроолор бар”, - деди адвокат Нурбек Токтакунов.
Бул “уят” эмес
Феликс Кулов жазып чыккан окуяда дагы кыздын өзү бул операцияны жасоого макул болгону айтылат. Демек, бул жерде жабыркады делген кыз окуянын чоо-жайын өзү айтып бермейинче, юридикалык жактан ага баа берүү кыйын.
Аялдардын жыныстык органдарын кесүү темасы көп убакыт бою ачык айтылбай келген, анткени ал кыздардын жеке, интимдик жашоосу менен байланышкан. Жада калса жабырлануучулардын өздөрү да бул тууралуу айтышпайт, а бул статистиканы түзүүнү жана бардык керектүү жардамдарды көрсөтүүнү кыйындатат. Сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук боюнча билим төмөн бойдон калып, бул жөнүндө сүйлөшүүгө “уят”, “ыплас” жана “адепсиз” деп тыюу салынган элдерде абал андан да начар.
Анткен менен укук коргоо уюмдары жана өкмөттөр бул практикага каршы катуу чара көрүүдө. 2012-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы аялдардын жыныстык органына мындай операция жасоого каршы резолюция кабыл алган. Аларга каршы мыйзамдар Африканын жыйырмадан ашык өлкөсүндө, Улуу Британияда, Австралияда, Колумбияда, Италияда, Португалияда жана АКШда бар.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:































