Газалык туткундар октон аман калганы менен азаптан арыла элек
Люси Уильямсон, Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыштагы кабарчысы
Эскертүү: зээнди кейиткен кадрлар бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилдеги медициналык кызматкерлер Би-Би-Сиге Газадан келген палестиналык туткундар оорукананын керебеттерине байланып, көздөрү таңылып, кээде жылаңач кармалып, памперс кийүүгө мажбурланарын, дарыгерлердин биринин айтымында, бул бул кыйноого тете экенин билдирди.
Израилдин армиясы жооп иретинде Сде Тейман аскердик госпиталындагы туткундардын колуна кишен салуу коопсуздук талап кылынган учурларда жасалганын билдирди.
Суфиан Абу Салах бир нече айга созулган согуштан эсен-соо калган. Бирок ал Израилдеги аскер абагынан биротоло майып болуп чыкты.
Хан Юнисттик таксист бир нече жумалык сурактан кийин эч кандай айып коюлбай бошотулган. Ал кайтып келгени менен арманга батып чыкты.
"Бутума инфекция кириптир, көгөрүп, былпылдап эле калды. Жети күндөн кийин мени аскер госпиталына алып барышты. Жараатты тазалоо үчүн эки жолу операция жасашты, бирок майнап чыкпады. Андан соң мамлекеттик ооруканага жеткиришти. Ал жерде дарыгер мага өмүрүңдү танда же бутуңду танда деген эки вариантты сунуш кылды",- дейт Суфиан Абу Салах.

Израилдин армиясы да, саламаттыкты сактоо министрлиги да бул айыптоолорго жооп кайтарган жок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израилде кармалып, суракка чейин эле "мыйзамсыз комбатанттар" катары классификацияланган газалык туткундарга медициналык жардам көрсөтүүгө байланышкан тынчсыздануу күч алууда.
Дарыгерлердин айтымында алар ооруканада дарыланып жатканда да кишенделип, көздөрү байлануу бойдон кармалат.
Мындай Дооматтар Сде Тейман аскер базасындагы жаңы талаа госпиталына байланыштуу айтылууда.
Улук дарыгерлердин бири бейтаптарды көздөрүн таңып, памерс кийгизип, колу бутун керебетке кишендеп кармашарын айтты.
"Армия... Бейтапты жаш баладай, жүз пайыз көз каранды кылат. Сени кишендеп коюшат. памперс кийип жатасың, сага суу керек болот. Дагы башка нерселер керек болот. Бул аларды адам катарынан чыгаргандагысы",-дейт доктор Йоел Дончин.
Армия бизге медициналык мекемеде камалгандарга кишен салуу иши ар бириники күнүгө өзүнчө каралып, коопсуздуктан улам зарыл деген учурларда жасалат.
Ал эми Памперстер кыймылы чектелген бейтаптар үчүн гана колдонулган деп билдирди.

Дарыгер Дончин бул чаралар бардык бейтаптарга, атүгүл баса албагандарга да колдонулганын айтты.
Кабарчынын алар бутуна тура албаса дагы эмнеге кишенделген деген суроосуна дарыгер:
"Мен буга жооп бере албайм. Бул жөн гана акмакчылык" деди.
Жетинчи октябрда болгон ХАМАСтын чабуулдарында Израилдин оорукана кызматкерлери жапа чеккен израилдиктер менен колго түшкөн согушкерлерди кошо дарылашкан.
Учурда камалгандардын көбү эч бир айып тагылбай бошотулууда.
Бирок кээ бир дарыгерлер эки анжы сезимде калды.
Бейтапка оорууну басаңдатуучу дары берилбей, ал жан чыдагыс оорууга себеп болгонун бизге эки дарыгер билдирди.
Биз Йони деп атап койгон бул киши, жалпы жарандык ооруканада болгон бир учурду айтып берди.
"Мен бир окуяны билем, анда ,процедура учурунда ооруну басаңдатуучу дарылар тандалма колдонулган. Кимдир бирөө инвазивдик процедурадан өтүп, анын денесин тилүү керек дейли - ал эми бейтап муну билбесе, көзү таңылган болсо, анда дарылоо дээрлик кол салууга барабар болуп калат»,- деди Йони.
Газалык туткундарды аскерий жайларда дарылоо дарыгерлердин этикалык диллемасын чечиши керек болчу. Бирок ал дилеммалар кала берүүдө.
Алардын бири Сде Теймандагы ооруканабыз жабылар замат, биз майрамдайбыз деп айтты мага.































