Франция-Израил беттеши: оюн учурунда стадиондо мушташ, сыртта акция өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Франция менен Израилдин ортосундагы Европа улуттар лигасынын беттеши аз сандагы көрүүчүлөр менен өттү.
Трибунанын израилдик күйөрмандар отурчу бөлүгүндөгү мушташтын сүрөттөрү коомдук медиаларга тарап жатат.
Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өткөн беттеш эсеп ачылбастан, тең чыгуу менен аяктады.
Париж полициясы стадиондун ичине жана сыртына төрт миң тартип сакчысын тизип койду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Беттеш өтүп жаткан Париждеги "Стад де Франс" стадионунун алдында да нааразылык акциялары өтүп жатты.
Ага катышкан университеттин студенти Ирен Каралис мындай дейт: "Биз бул уятсыз матчка нааразычылыгыбызды билдирүү үчүн атайы келдик".
Митингчилер президент Эммануэль Макрондун беттешти стадиондо көрүү чечимин сынга алышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Макрон беттеш алдында Франция антисемитизмге баш ийбей турганын айткан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Беттешке Израилди колдоо үчүн барган Дафне аттуу күйөрман кыз спорт менен саясат өзүнчө болушу керек деген пикирде.
Өткөн жумада Нидерланддын борбору Амстердамда "Аякс" менен "Маккаби Тель-Авив" командаларынын беттешинен кийин жергиликтүү Палестинаны колдогон жаштар менен израилдик күйөрмандардын ортосунда жаңжал чыккан.
Шаар боюнча жайылган окуяларда беш киши жарадар болуп, кеминде 62 киши кармалган.
Интернетке тараган видеолорго ылайык, кагылышуу башталганга чейин израилдиктер арабдар менен палестиналыктарга каршы расисттик чакырыктарды айтып, Палестинанын желегин айрып салган.
Нидерланддын премьер-министри Дик Схоф окуяны "антисемиттик" деп мүнөздөп, кол салууларды айыптады. Бирок ал Израилдин күйөрмандарынын "чагымчыл аракеттери" боюнча эч нерсе айткан жок.
Ошондон бери Европадагы көпчүлүк саясатчылар “антисемитизмдин кайтып келиши” жөнүндө кабатырланган пикирлерди айтып жатышат.
Францияда, Бельгияда жана Нидерландияда түндүк африкалык көп сандагы мусулмандар жана Израил менен тыгыз байланышы бар жөөттөр жашайт.
Израил командаларынын Европа кубокторунда ойногон беттештери коопсуздук көзөмөлдүн алкагында өткөрүлүүдө.
28-ноябрдагы "Маккаби Тель-Авив – Бешикташ" командаларынын беттеши Венгрияда көрүүчүсүз өтөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Палестинаны жана Ливанды колдогон солчул "Багынбас Франция" (LFI) партиясы беттешти жокко чыгарууну же жок дегенде президент Макрондун стадионго барбашын талап кылган.
"Биз президентибиздин геноцид жасаган өлкөгө урмат көрсөтүшүн каалабайбыз" деди LFI депутаты Дэвид Гиро.
Ал эми ички иштер министри Бруно Ретайлло оюнду жокко чыгаруу же башка жерге которуу мүмкүн эмес экенин айтып, "Франция жек көрүүнүн үрөнүн сепкендерге жүгүнбөйт" деди.
УЕФА Улуттар лигасынын турниринде Франция, Израил, Бельгия жана Италия бир тайпада.
Будапештте өткөн биринчи оюнда Франция Израилди 4-1 эсебинде утуп алган.
Бельгиянын өкмөтү сентябрь айында коопсуздук маселесине байланыштуу Израил менен болчу беттешти Венгрияда өткөрүүнү чечкен. (SA)































