БУУ Израил-Палестина согушун токтотуу үчүн добуш берди. Резолюция ишке ашабы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйнынынан көп өтпөй ХАМАС АКШнын ок атышууну толук токтотуу боюнча сунушуна жооп жибергени маалым болду. Топтун эң негизги өкүлдөрүнүн бири алар Израилден мурдагыдай эле ок атууну толук токтотуу боюнча милдеттенмесин талап кылаарын Би-Би-Сиге билдирди.
Өз билдирүүсүндө ХАМАС жана анын "Палестиналык ислам жихады" өнөктөштөрү макулдушууну ишке ашырууга даярдыктарын билдиришти.
Ошол эле учурда Reuters агенттиги израилдик чиновниктин айткандарына таянып, ХАМАС тутукундарды бошотуу боюнча сунушту четке какканын жазып чыкты.
Коопсуздук Кеңеши караган резолюциянын чоо-жайы
Ага чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Газада тез арада ок атышууну токтотуу боюнча АКШ сунуштаган резолюцияга добуш берди.
Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө он беш мамлекеттин он төртү ага макул деп добуш берсе, Орусия добуш берүүдөн карманды.

Резолюцияда эмнелер камтылган?
Газада ок атышууну токтотуу боюнча АКШ президенти Жо Байден сунуштаган резолюция үч баскычтан турат.
- Биринчи баскыч
Биринчи баскычта Хамас барымтага алган адамдарды Израилдин абактарында олтурган палестиналыктарга айырбаштап, ок атышуу кыска убакытка токтотулат.
- Экинчи баскыч
Экинчи баскычта “кастыкты туруктуу токтотуу” максатында, израилдик аскерлер Газадан толук чыгарылат.
- Үчүнчү баскыч
Үчүнчү баскычта Газа тилкесинде талкаланган турак жайларды куруу иштери башталат.
Эми эмне болушу мүмкүн?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ХАМАС тобу ортомчу өлкөлөр менен кызматташууга даяр экенин айтып, сүйлөшүүлөргө катышарын маалымдаган. Ал эми Дохада жайгашкан ХАМАСтын лидерлери болсо сунушка расмий түрдө жооп бере элек.
АКШнын президенти Жо Байден, Израил тарап аталган планга макул экенин билдирди. Деген менен, Израил өкмөтүндөгү ашынган оңчул же радикал министрлер, эгер премьер-министр Беньямин Нетаньяху АКШнын келишимин кабыл алса, өкмөттүн курамынан чыгып, өкмөттү таратабыз деп коркутушууда.
Газада тез арада ок атышууну токтотуу боюнча АКШ сунуштаган резолюцияга БУУнун Коопсуздук Кеңеши добуш бергени менен ал резолюция аткарылабы? Коопсуздук Кеңешинин согушту токтотууга чын эле күчү жетеби? деген суроолор турат.
Согуш башталган сегиз айдан бери БУУнун Коопсуздук кеңеши ок атышууну токтотуу боюнча резолюцияны биринчи жолу кабыл алды. Бул жолу АКШнын башкы дипломаты Энтони Блинкендин ок атышпоо келишимин ишке ашыруу боюнча Жакынкы Чыгышка үч күндүк сапары уланып жаткан учурга туш келди.
Дүйшөмбү күнү ал Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху менен жолукса, 11-июнь күнү оппозиция лидерлери менен жолукту. Коопсуздук кеңешиндеги резолюция тууралуу сүйлөп жатып, бул иштин ийгиликтүү ишке ашышы же жарым жолдо калышы ХАМАСтын чечиминен көз каранды экенин айтты.

"Баары өз добушун берди, добуш бербеген бир гана Хамас калды. Биз аларды гана күтүп жатабыз. Сунуш ишке ашабы, жокпу Хамастан көз каранды",- деди АКШнын мамлекттик катчысы.































