Илон Маск адамдын мээсине импланттарды сыноого уруксат алды

Илон Масктын компаниясы көздөп жаткан сыноого окшош изилдөөлөр башкалар тарабынан да жүргүзүлүүдө

Сүрөттүн булагы, EPFL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илон Масктын компаниясы көздөп жаткан сыноого окшош изилдөөлөр башкалар тарабынан да жүргүзүлүүдө
Published

Илон Масктын мээге имплант чыгаруучу Neuralink компаниясы адамдарга алгач ирет сыноо өткөрүү үчүн АКШнын тиешелүү башкармалыгынан (FDA) уруксат алды.

Ойлоп табуучулар көзү көрбөй же кыймылдай албай калган адамдар атайын чиптердин жардамы менен кадимки жашоого кайтып келе алат деп үмүттөнүшөт.

Март айында Neuralink FDAдан уруксат ала алган эмес деп жазылат пресс релизде.

Учурда компания көзөмөлдөөчү органдын чечимине ыраазы болуп турат. Бирок тестке катышуучуларды тандоо боюнча планын жарыялай элек.

12 жыл мурун жаракат алып, шал болуп калган адам технологиянын жардамы менен баса баштады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 12 жыл мурун жаракат алып, шал болуп калган адам технологиянын жардамы менен баса баштады

Бул кандай иштейт?

Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Reuters

Neuralinkтин технологиясы маймылдарга сыноолорун ийгиликтүү өткөрдү.

Компания жаңы микрочиптердин жардамы менен көрбөй калгандарды, шал сыяктуу ооруларга кабылгандарды дарылоого мүмкүн болот деп үмүт артууда. Ошондой эле алар майыптрага компьютерди жана башка жаңы технологияларды көбүрөөк колдонууга жардам беребиз дейт.

Чиптердин аткаруучу кызматынын бири бул — мээнин жөнөткөн сигналдарын интерпретациялоо жана маалыматты Bluetooth аркылуу жөнөтүп туруу.

Масктын айтымында, бул жаңы технология жасалма интеллект адамдарды алмаштырышы мүмкүн деген кооптонуулар күчөгөн шартта өзгөчө маанилүү.

Neuralink өзүнүн расмий кайрылуусунда FDAдан алган уруксаты жөнүндө мындай деди: "Технология көп адамга жардам берүүгө жол ачкан маанилүү биринчи кадам".

Ошол эле учурда Илон Масктын компаниясынын жетишкендиктерин абсолюттук ачылыш деп атоого болбойт.

Ушул аптада Швейцарияда адамдын мээсин имплантациялоо процедурасын жасашканы белгилүү болду.

Голландиялык бейтап Герт-Ян Оскам велосипед тээп бара жатып кырсыктап, анын кесепетинен 12 жыл бою шал болуп калган.

Мээдеги имплант экинчи пландагы омурткадагы имплантка зымсыз сигналдар аркылуу команда берип, ал андан ары буттарга жеткирип басууга түрткү берген.

Швейцариялык система дагы эксперименталдык стадияда, бирок Neuralinkтен бир топ эле алдыга кеткен.

Масктын компаниясы алардын максаты атаандаштык эмес, технологиянын коопсуздугу, жеткиликтүүлүгү жана ишенимдүүлүгү экенин айтууда.

Мээни изилдөө учуру

Сүрөттүн булагы, WIMAGINE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мээни изилдөө учуру

Этикалык жагы

Технология тынымсыз өнүгүүдө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Технология тынымсыз өнүгүүдө
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мээ имплантынын көптү күттүргөн эффекттерине карабастан аны сындагандар да чыкты.

"Менин оюмча биз ой жүгүртүү эркиндиги, акылдын купуялуулугу алда канча азыраак болгон реалдуулукка карай баратабыз. Бирок анын ордуна өз тагдырын өзү чечүүгө жаңы мүмкүнчүлүк алабыз", - дейт профессор жана жаңы технологияларды иштеп чыгууда этикалык, укуктук жана социалдык кесепеттери боюнча эксперт Нита Фарахани.

Анын айтымында, адамдын мээси күн сайын жаңы гаджеттерге байланууда. Neuralink үстүнөн иштеп жаткан сыяктуу татаал технологияларды кошпогондо кадимки кол сааттар адамдын далай аракетин алдын ала билет.

"Эгер биз мээбизди купуялуулуктун акыркы чекити, башка адамдардан коргой турган жана ал купуялуулукка барчу жолду жаба турган бирден-бир мейкиндик катары кабыл алсак, мээ импланттары тармагында прогресс канчалык көп болсо, ошончолук купуялуулуктун чеги жоголот ”, — деди эксперт Би-Би-Сиге.

Албетте, имплантты, ага чип менен байланышкан гаджеттерди тейлөөгө канча акча кетээри, анын баасы баарына жеткиликтүү болобу, технология күтүлбөгөн жерден иштен чыга турган болсо, адамдын организмине эмне болору көпчүлүктү кызыктырбай койбойт. (DU)