Газадагы согуш балдарга, карыларга, качкындарга каарын төктү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израил аскерлери качкындар баш калкалап жаткан Түндүк Жабалияга өткөн аптада да чабуулдарын жасады. Анын кесепетинен миңдеген палестиналык ал аймактан чыгып кетүүгө мажбур болду. Би-Би-Си кабарчылары окуя болгон жерге барып келди.
Эскертүү: макалада зээнди кейиткен окуялар баяндалат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул эбегейсиз чоң кризис. Израил Газанын түндүгүндөгү чабуулунан качкан адамдарды видеого тартып алган. Он миңдеген киши. Кесерип ачка, үйрөйү учкан, Израил кеткиле деген адамдар. Алар кайра качан кайтып келерин да билишпейт. Колуна тийгенин, алы жеткенин көтөрүнүп алып, үйлөрүн таштап чыккан. Дагы башка бир жерде Израил аскерлери ХАМАС менен байланышы бар деп шектелген кишилерди текшерүүдө.
Жабалиянын Камал Адван ооруканасынын ичи. Жарадар болгон киши кыйналып жатат. Анын жанындагы дагы бири "балдарымдын баары өлдү" деп сыздап отурат. Бул адамга жанаша отурган башка киши "мен сага бир жумадан бери үйүңдөн кет айттым эле го" деди.
Чарчаган фельдшер бизге аудиобилдирүүнү жиберди.
"Бизде суу жок. Эртең эмне болорун билбейбиз. Мен ушунчалык чарчадым. Абал абдан, абдан оор",- деп сүрөттөгөн ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошол күнү полиомиелитке каршы эмдөө жүрүшү керек эле, анын ордуна жарадар балдар келди. Газа калкынын жарымына жакыны он сегиз жашка чыга элек балдар. Ымыркай, өспүрүмдөрдүн өлүмү кайра-кайра катталууда. Киши мындай азапка чыдап карап тура албайт, бирок бул согуштун ачуу чындыгы.
Израил армиясы бул үчүн ХАМАСты айыптап, элди тирүү калкан катары колдонууда деп айтып келет.
Би-Би-Си Британиянын согуш кылмыштары боюнча эң жогорку даражалуу юристтеринин бири менен сүйлөштү. Ал геноцид боюнча Мьянмага каршы, Израилдин Палестина аймактарын басып алуусу боюнча иштерди эл аралык сотто караган.
Профессор Филипп Сэндс Израил 7-октябрдагы чабуулдан кийин өзүн-өзү коргоого укуктуу экенин, бирок азыр эл аралык мыйзамдарды бузуп жатканын айтты:
"Жооп пропорционалдуу болуп, эл аралык гуманитардык укуктун талаптарына туура келиши керек. Алар жарандар менен аскердик буталарды так айырмалоосу абзел. Ачарчылыкка кептөө согуш куралы катары колдонулбашы зарыл. Эл аралык укук көп сандагы адамды күч менен көчүрүүгө жол бербейт. Газада эмне болуп жатканын көрүп, 7-октябрдагы окуяны карап туруп кылмыштар болгон жок деп айта албайсың".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израил коомунда армиянын согушуу ыкмасына каршы чыккандар жокко эсе, бирок мурдагы коопсуздук кызматкери маселени ачык айтууда. Эран Эцион Израилдин төрт премьер-министринин тушунда иштеген жана кезинде өлкөнүн коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары болгон. Ал өч алуу Израилди согуш кылмыштарына алып баратат деп кооптонот.
Азыр согуш кылмыштары жасалып жатат деп ишенесизби деп суроо салдык.
- Ооба, болушу мүмкүн, - деп жооп узатты Эран Эцион.
- Алар эми эмне кылышы керек?
"Алар баш тартышы керек. Эгерде аскерди же офицерди аскердик кылмыш сыяктуу ишке түртүшсө, алар баш тартышы керек. Бизге 7-октябрда жырткычтык менен чабуул жасалды, жапайычылык, мыкаачылык болгону, ХАМАСтын кара ниеттик аракети тууралуу эч кандай суроо жок. Биздин коргонууга толук укугубуз бар болчу, азыр да бар. Бул боюнча маселе жок. Бирок бул бизге согуш кылмыштарын жасоого укук бербейт. Биз террордук уюмдардын деңгээлине түшпөшүбүз керек", - деди Израилдин коопсуздук кеңешинин башчысынын мурдагы орун басары Эран Эцион.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чек арадан анча-мынча жардам өтүп жатат. Жабалиядан качкан кишилердин аягы үзүлө элек.
Би-Би-Си бул боюнча Израил армиясынан интервью берүүнү сурады, бирок алар ошол күнү бир да маалымат катчысы жеткиликтүү эмес экенин айтышты. Алар мурунку эле билдирүүсүн кайталап, Израил армиясы ар дайым эл аралык мыйзамдарга ылайык аракет кылат деп ишендирип келе жатат.
Ал эми армиянын гуманитардык жардам берүү бөлүмү Газага жардамды чектөөсүз берүүгө даяр экенин кабарлады.
Бул эми Израилдин баяны, бирок Газанын түндүгүнөн агылып чыгып бараткан жайкын тургундардын азаптуу көрүнүшүн карап туруп андайга ишенүү кыйын.
Бомба эч кимди аяган жок
Бир жыл мурун 7-октябрда ХАМАСтын Израилге чабуулунан кийин Израил мурда болуп көрбөгөндөй ири аскердик операциясын баштаганын билдирген. Анын айынан жүз миңдеген палестиналык качып-бозуп, ар кандай жаракат алып, согуштун азабын тартууда. ХАМАСтын бир жыл мурунку чабуулунда 1200дөй киши өлүп, 251 израилдик туткунга алынган.
Израилдин буга жооп катары баштаган чабуулдарынан, бомбалоолорунан миңдеген киши көз жумду. Ушул жылдын сентябрь айындагы эсеп боюнча эле Газада кеминде 40 900 киши курман болду. Жоготуулар күн сайын уланып, бул сандар улам өзгөрүүдө.































