Генерал Кирилловдун өлүмүнө байланыштуу өзбек жараны кармалды

Сүрөттүн булагы, Mikhail Metzel/TASS
Орусиянын Тергөө комитети генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектүү катары Өзбекстандын жараны кармалганын кабарлады. Шектүү сурак учурунда аны Украинанын атайын кызматы жалдаганын айткан. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, шектүү атайын көрсөтмө менен Москвага келип, колго жасалган жардыргыч зат алган.
Аны электр чыгырыгына орнотуп, Кириллов жашаган көп кабаттуу үйдүн подъездине коюп кеткен. Генералдын жашаган жерин байкоо үчүн унааны ижарага алып, ага камера орноткон.
Днепр шаарындагы операциянын уюштуруучулары камера аркылуу онлайн көрүп турган. Кириллов чыгып баратканда жардыруучу зат аралыктан иштетилген.

Сүрөттүн булагы, ЦОС ФСБ
Шектүүгө 100 миң доллар жана Европанын бир өлкөсүнө барып жашоо мүмкүнчүлүгү кепилденген. Дүйшөмбү күнү Украинанын коопсуздук кызматы операцияны ишке ашырганын мойнуна алды. Орусия муну "террордук акт" катары мүнөздөдү.
Кирилловдун өлүмүнөн бир күн мурун Украинанын коопсуздук кызматы ага сыртынан айып таккан. Анда Кириллов тыюу салынган химиялык куралды Украинадагы согушта колдонулушуна жооптуу болгону белгиленген. Октябрь айында Британия ушундай эле айып менен Кирилловго каршы санкция киргизген.

Сүрөттүн булагы, Sergei Savostyanov/TASS
Окуя 17-декабрда Рязанский проспектиндеги көп кабаттуу үйдүн кире беришинде болду.
Набыт болгон генерал Игорь Кириллов 2017-жылдан бери Орусиянын аскердик радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн башчысы кызматын аркалап келаткан.
Согушту пропагандалаган айрым орус блогерлери генерал Кирилловдун өлүмүн оор сокку катары баалап жатышат.































