"ЕАЭБ чектөөлөрдүн мейкиндиги болбошу керек". ЕАЭБдин өкмөт башчылары өнүгүүнү жана тоскоолдуктарды талкуулашты

Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) келечеги жана анын ички карама-каршылыктары 7-августта Ысык-Көлдө өткөн өкмөт башчыларынын жыйынында негизги тема болду. Армения Биримдикте товарлардын эркин жүрүшү толук камсыздалбай жатканын билдирди. Бул маселеге Кыргызстан да токтолду. Жыйынга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен катар Иран, Өзбекстан жана Кубанын өкүлдөрү да катышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында соода, каржы рыноктору, билим берүү жана атаандаштык тармактарын камтыган бир катар документтерге кол коюлду. Маселен, ЕАЭБдин алкагында товарлар менен электрондук соода жүргүзүү тууралуу макулдашуу кабыл алынды. Документ электрондук коммерция үчүн жалпы эрежелерди түзүүгө жана Биримдиктин ички рыногунда бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган.

Пашинян: ЕАЭБ Армения үчүн артыкчылыктуу бойдон калууда, бирок жалпы рынок толук иштебей жатат

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөсү үчүн Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) тышкы саясаттагы жана тышкы экономикалык негизги артыкчылыктардын бири бойдон каларын билдирди. Ошол эле учурда ал Биримдиктин негизги принциптери, анын ичинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүшү толук камсыздалбай жатканын айтып, ички тоскоолдуктарды сынга алды.

Армениянын өкмөт башчысы айрым административдик чектөөлөр Биримдиктин жалпы рыногунун толук иштешине тоскоол болуп жатканын айтты.

"Тилекке каршы, бул принциптер практикада толук көлөмдө ишке ашырылган жок. Айрым чектөөлөр жана административдик чаралар жалпы рыноктун толук кандуу иштешине тоскоол болуп, бизнес жүргүзүүнүн алдын ала болжолдонушун жана интеграциянын натыйжалуулугун төмөндөтүүдө", – деди ал.

Пашиняндын айтымында, Армения ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттердин ишкерлери үчүн бирдей жана басмырлоосуз шарттарды түзүп келет. Ал мындай мамиле Биримдиктин бардык аймагында колдонулушу керек деп эсептей турганын белгиледи.

Ал ошондой эле жалпы рынокко таасир этүүчү бардык чечимдер ЕАЭБдин укуктук базасына жана макулдашылган жол-жоболорго ылайык кабыл алынышы керек экенин айтты.

Пашинян Армениянын ЕАЭБдеги катышуусу өз ара милдеттенмелерди аткарууга негизделгенин белгилеп, финансылык көрсөткүчтөрдү мисал келтирди.

Анын айтымында, 2025-жылы Армения ЕАЭБдин импорттук бажы алымдарынын жалпы бюджетине болжол менен 319 миллион АКШ долларын которгон, ал эми кайра бөлүштүрүү аркылуу өлкө 175 миллион долларга жакын каражат алган.

Ошондой эле, 2025-жылы Армения ЕАЭБ өлкөлөрүнөн болжол менен5 миллиард долларлык товар импорттоп, Биримдиктин рыногуна 3,2 миллиард долларлык продукция экспорттогонун билдирди.

Пашинян сөзүндө Армениянын Европа Биримдигине (ЕБ) кошулуу боюнча мыйзамына да токтолду.

Ал 2025-жылы өлкөдө "Армения Республикасынын Европа Биримдигине кошулуу процессин баштоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынганын, анын максаты өлкө үчүн альтернатива түзүү экенин айтты.

"Биз Евразиялык экономикалык биримдикке жана Европа биримдигине бир убакта мүчө болуу мүмкүн эмес экенин түшүнөбүз. Бирок аталган мыйзамдын кабыл алынышы Армения бүгүн эле Европа биримдигине мүчө боло алат дегенди билдирбейт. Келечекте Армения Европа биримдигине мүчө болууга сапаттуу даяр болгондо да, бул биздин өлкө автоматтык түрдө ЕБге мүчө болот дегенди билдирбейт. Бул үчүн дагы Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин макулдугу жана Армения жарандарынын жактыруусу талап кылынат. Экинчи жагынан, бул маселени алдын ала институционалдык даярдык иштерин жүргүзбөстөн Армения жарандарынын кароосуна чыгаруу мүмкүн эмес экени айдан ачык. Ал иштерден кийин да Европа биримдигине кирүү боюнча расмий арыз менен кайрылуу зарыл болот. Андан кийин гана ЕБге мүчө болууга талапкер мамлекет макамын алуу керек болот. Кеминде жогоруда айтылган этаптардын көбүнөн өтпөстөн, бул маселе боюнча референдум өткөрүү мазмунсуз болуп калат. Анткени мындай учурда биз жарандардан азырынча жөнөкөй эле жок болгон суроого жооп берүүнү күтүп жаткан болобуз", - деди армиян өкмөт башчысы.

Пашинян ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн үчүнчү мамлекеттер менен кызматташуусу "нөлдүк суммадагы оюн" катары кабыл алынбашы керек экенин билдирди.

"ЕАЭБ чектөөлөрдүн мейкиндиги катары каралбашы керек. Биримдик канчалык өз келишимдерин ырааттуу аткарып, мамлекеттердин эгемендүү укуктарын урматтаса, ошончолук жагымдуу болот", – деди ал.

Армениянын Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) мүчөлүгүнө байланыштуу Москва менен Еревандын ортосунда карама-каршылыктар күчөдү. Анын негизги себептери - Армениянын Европа биримдиги менен жакындашуусу жана Орусиянын армян товарларына киргизген чектөөлөрү.

Ереван ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ уюмдарына мүчө. Бирок акыркы кезде бул уюмдарга салкын мамиле кылган учурлары болуп, ЖККУнун ишмердигине активдүү катышпай келет.

2026-жылдын май айынан тартып Орусия Армениядан келген айрым товарлардын импортуна чектөөлөрдү киргизген. Ереван бул чаралар ЕАЭБдин эрежелерине жана эки тараптуу келишимдерге каршы келерин билдирген.

Июль айында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Орусия президенти Владимир Путин сүйлөшкөн. Кремлдин маалыматына ылайык, Путин Арменияга ЕАЭБде калуу же Евробиримдикке кошулуу маселеси боюнча референдум өткөрүү зарылдыгын айткан.

Бул талап ЕАЭБге мүчө төрт өлкөнүн - Орусия, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандын лидерлери тарабынан 2026-жылдын май айынын аягында уюмдун Астанадагы саммитинде кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө айтылган. Ал жыйынга Никол Пашинян катышкан эмес. Армениянын атынан жолугушууга вице-премьер-министр Мгер Григорян барган. Путин Пашинян менен сүйлөшүүдө дал ушул документке таянган.

Касымалиев ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды белгиледи

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичинде товарлардын эркин жүгүртүлүшүнө тоскоолдук жараткан маселелерди жоюуга жана интеграцияны практикалык долбоорлор аркылуу тереңдетүүгө чакырды.

"Бул биздин тышкы соода байланыштарыбыздын географиялык чөйрөсүнүн кеңейип жатканын жана эл аралык өнөктөштөрдүн Евразия экономикалык бирлиги менен кызматташууга болгон кызыгуусунун өсүп жатканын көрсөтүп турат. Ошол эле учурда, Биримдик өз рынокторун тышкы өнөктөштөр үчүн канчалык активдүү ачкан сайын, мүчө мамлекеттердин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу ички механизмдер ошончолук күчтүү болушу керектигин белгилей кетүү зарыл. Бул — бирдиктүү саясаттын эки тарабы жана алар өз ара айкалышта өнүгүүгө тийиш. Дал ушул контекстте коргоо чаралары жана тарифтик саясатты колдонуу менен катар кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизми өзгөчө мааниге ээ болот. Бирок, бүгүнкү күндө бул механизмдин учурдагы параметрлери негизинен Биримдиктин ири экономикаларына багытталганын, ал эми экономикасы чакан мамлекеттер үчүн анын практикалык жеткиликтүүлүгү чектелүү бойдон калып жатканын моюнга алышыбыз керек".

Касымалиев Биримдиктин алдыдагы негизги милдети декларациялардан практикалык иштерге өтүү экенин белгиледи.

"Биздин чечимдерибиз ишкерлер коомчулугубузга жана жарандарыбызга түздөн-түз таасирин тийгизет. «Евразиялык экономикалык жол» декларациясы 2030-жылга чейинки стратегиялык багытты аныктаган жана бүгүнкү күндө ал багыт бекитилген Иш-чаралар планында конкреттүү түргө ээ болууда. Максат өзгөрүүсүз калууда: ЕАЭБ энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна, ошондой эле транспорттук байланышка таянган, өз алдынча көп тармактуу дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек. Бул үчүн декларацияларды азайтып, реалдуу долбоорлорду көбөйтүү, тоскоолдуктарды азайтып, өз ара ишенимди бекемдөө талап кылынат. Прагматикалык жана макулдашылган аракеттер аркылуу гана биз "Евразиялык экономикалык жолго" мазмундуу маани бере алабыз", - деди кыргыз өкмөт башчысы.

Орусия менен Казакстан эмне маселеге токтолду?

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, аймактын экономикалык потенциалын жогорулатуу, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, өз ара сооданы кеңейтүү жана Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча милдеттерди коюшкан.

Ал Казакстандын ЕАЭБ органдарына төрагалыгынын алкагында жасалма интеллектти өнүктүрүүгө, логистикалык хабдарды түзүүгө, өнөр жай менен агроөнөр жай комплексин санариптештирүүгө, тоскоолдуксуз сооданы камсыздоого жана тышкы өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө артыкчылык берилип жатканын билдирди.

"Жыйындын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар коюлган максаттарды ишке ашырууга жана ЕАЭБ алкагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого салым кошот деп ишенем", – деди Бектенов.

Тар курамдагы жыйында мүчө мамлекеттердин азык-түлүк менен камсыз болушу жана ЕАЭБдин негизги соода өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери да каралды. Катышуучулар Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн товарларын жаңы рынокторго чыгаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча пикир алмашышты.

Казакстандын премьер-министринин айтымында, ушул жылдын май айында Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында кабыл алынган агроөнөр жай тармагын каржылык колдоонун жаңы механизми айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүгө, өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен кооперациялык долбоорлорду колдоого багытталган.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кийинчерээк кеңейтилген курамда уланды.

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын жана жасалма интеллект боюнча кызматташууну күчөтүүгө чакырды.

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер өнөр жай кооперациясын тереңдетип, жасалма интеллект жана санариптик долбоорлор боюнча кызматташууну кеңейтүүгө тийиш экенин билдирди.

Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин май айында Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында айткан сөзүнө шилтеме жасап, ЕАЭБдеги интеграция мүчө өлкөлөрдүн экономикасына жана калктын жашоо деңгээлине оң таасир берип жатканын белгиледи.

Мишустиндин айтымында, дүйнөлүк экономикалык чакырыктарга карабастан, Биримдикте ушул жылдын январь–май айларында ички дүң өнүмдүн көлөмү, өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, чекене соода жана өз ара товар жүгүртүү өскөн.

Өкмөт башчы быйыл ЕАЭБ органдарына Казакстан төрагалык кылып жатканын эске салып, май айында Астанада өткөн Евразия экономикалык форумунда жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынганын айтты.

Анын айтымында, бул документ Биримдиктин санариптик долбоорлорун ишке ашырууда негизги багыт болуп калат.

Мишустин ошондой эле өнөр жай кооперациясын күчөтүү ЕАЭБдин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

"Өндүрүштүк кубаттуулуктарды, чийки зат базасын жана кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү менен гана Биримдиктин өнөр жай потенциалын толук пайдалана алабыз", – деди ал.

Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өнөр жай өндүрүштөрүн жергиликтештирүүгө көбүрөөк көңүл буруу керектигин белгилегенин айтып, мындай кооперация ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын аймагында да өнүктүрүлүшү керек экенин кошумчалады.

Мишустин бул маселени 1–2-октябрда Беларуста өтө турган «Иннопром» көргөзмөсүндө жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында кеңири талкуулоону сунуштады.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана байкоочу макамындагы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов да катышты.

Евразия экономикалык биримдигине Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө, ал эми Өзбекстан, Куба жана Иран байкоочу макамга ээ.