ЦАХАЛ: Газада аскерлер медиктерди жаңылыш өлтүрүп алышкан

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Гэри О'Донохью. Би-Би-Си, Иерусалим

Газа

Израиль армиясы өткөн айдагы үрөй учурган окуя боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, Газада иштеп жүргөн тез жардамдын 15 кызматкери Израил аскерлеринин "буйрукту так аткарбаганынын" жана "ыкчам буйрук берүүдөгү түшүнбөстүгүнүн" кесепетинен өлүмгө дуушар болушкан.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) окуяны иликтеп, аскерлер бир катар кемчиликтерге жол бергенин аныктады.

Тиешелүү бөлүктүн командиринин орун басары териштирүүнүн жүрүшүндө жарым-жартылай жана туура эмес отчет бергендиги үчүн иштен алынды.

23-мартта Израиль аскерлери Рафах районунда Палестинанын Кызыл жарым ай коомунун тез жардам унааларынын колоннасын, БУУнун унаасын жана Газанын Жарандык коргонуу мекемесинин өрт өчүрүүчү унаасын аткылаган. Анын кесепетинен 14 куткаруучу жана БУУнун кызматкери набыт болгон.

ЦАХАЛдын билдирүүсүндө Израиль аскерлери душман тараптан коркунуч туулуп жатат деген ишеним менен ок чыгарышканы айтылат.

Израиль аскерлеринин билдирүүсүнө ылайык, иликтөө учурунда каза болгондордун ичинен алтоо ХАМАСтын мүчөлөрү экени аныкталган. ЦАХАЛ сотсуз эле өлүм жазасы ишке ашкан деген версияны четке кагууда.

Набыт болгондордун ысымдары ачык жарыяланганына кабарбай, Израилдин Коргоо күчтөрү алардын ХАМАС менен байланышы бар экенине далил келтирген жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баяндамада окуя "кооптуу согуш зонасы" деп аталган жерде болгону, командир унаалар тездик менен жакындай баштаганда коркунучту сезгени айтылат.

Отчетто айтылгандай, түнкүсүн машинелер жакшы көрүнбөй, командир алардын тез жардам унаалары экенин аныктай алган эмес.

Адегенде Израиль атайын унаалардын колоннасы түн ичинде жарыктарын өчүрүп алып айдап, шек жаратканынан улам ок атканын билдирген. Израиль жолдон гуманитардык унаа өтө турганы боюнча армия менен алдын ала макулдашылган же координацияланган эмес деп айткан.

Кийинчерээк Израиль отчет туура эмес даярдалганын мойнуна алган. Себеби каза болгон медиктин уюлдук телефонунан табылган видеодо унаалардын жарыктары күйүп турганы жана жарык берүүчү белгилери жанып-өчүп турганы тастыкталган.

Видеодон таң атарда унаалар жолго жакындап калганын, андан көп өтпөй ок атуу башталганын көрүүгө болот.

Видеонун узактыгы беш мүнөттөн ашык. Анда парамедиктин келме келтирип жатканы, андан соң унааларга жакындап келген израилдик аскерлердин үндөрү угулат.

Ошондой эле видеодо унаалар атайын жарыктарын жандырып, медиктер болсо жарык чагылдыра турган атайын формаларды кийип жүргөнү даана көрүнүп турат.

Каза болгон 15 куткаруу кызматкеринин сөөгү кумга көмүлгөн. Алардын сөөгү бир жумадан кийин гана табылган. Анткени БУУ да, башка эл аралык уюмдар да бул аймакка коопсуз жетүүнү камсыздай алышкан эмес. Окуя болгон жерди так аныктоо дагы кыйынга турган.

Кызыл жарым ай жана башка бир нече эл аралык уюмдар буга чейин бул окуя боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан.

Израилдин Коргонуу күчтөрүнүн командиринин орун басарын кызматтан алуу жана дагы бир улук офицерге чара көрүү чечими адаттан тыш көрүнүш эмес.

Өткөн жылы апрелде World Central Kitchen гуманитардык уюмунун жети кызматкери өлтүрүлгөндөн кийин да ЦАХАЛ эки офицерди кызматтан алып, дагы бир нече кишиге чара көргөн.

ЦАХАЛдын аскерлери Газада аскер кылмыштарын кылды деген сындар байма-бай айтылып келе жатат. Израил болсо муну кескин четке кагат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЦАХАЛдын аскерлери Газада аскер кылмыштарын кылды деген сындар байма-бай айтылып келе жатат. Израил болсо муну кескин четке кагат

Израиль 2024-жылдын май айында Рафах шаарында өзүнүн биринчи ири операциясын баштаган. Натыйжада шаардын көпчүлүк бөлүгү урандыга айланган. Соңку эки айлык ок атышууну токтотуу маалында он миңдеген адамдар кайрадан шаарга кайтышкан.

Израиль ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин биринчи баскычы аяктагандан кийин Газа тилкесиндеги чабуулун 18-мартта кайра жанданткан. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки баскычы туңгуюкка кептелген.

ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда Изралдин түштүгүнө чабуул жасап, 1200 миң адамдын өмүрү кыйылган, 251 адам барымтага алынган. Бул кандуу окуядан кийин Изаиль ХАМАСты жок кылуу операциясын баштаган.

ХАМАСтын көзөмөлүндөгү Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ошондон бери тилкеде кеминде 51 201 адам каза болду. (AA)