Украина - Орусия согушу: Крымда күйүүчү май сатуу токтотулду
Украина - Орусия согушу: Крымда күйүүчү май сатуу токтотулду
Published
Орусия аскерлерин камсыздоо үчүн колдонуп жаткан Крымдагы энергетикалык, логистикалык жана аскердик инфраструктурага Украина чабуулдарын күчөтүүдө.
21-июндан тарта Крым аймагында жарандарга дизель жана бензин сатуу токтотулду.
Орусиянын Кара деңиз флотунун башкы деңиз-аскер базасы жайгашкан Севастополь шаарында 22-июндан баштап коопсуздук максатында түнкүсүн көчөлөрдө жарык өчүрүлөт.
Өткөн аптада Москвадагы Капотня мунай заводу дрон чабуулунан кийин ишин токтотуп, Москва шаарын жана Москва облусун күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.
Коомдук сайттардын колдонуучулары орусиянын башка шаарларында да бензин сатууга чектөөлөр коюлганын кирггизилгенин жазып жатышат.



