Караңгы түшүнүктөр жоголмоюн кан донорлору көбөйбөйт

Published

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си Бишкек

Дарыгерлер кан берүүнүн ден соолукка зыяны жок экенин айтышат

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарыгерлер кан берүүнүн ден соолукка зыяны жок экенин айтышат

Кыргызда "Кырсык каш-кабактын ортосунда", “Оору айтып келбейт" деген сөз бар. Адам оор илдетке же ар кандай кырсыктарга кабылган учурда көп кан жоготуп, өмүрү коркунучка кептелет. Мындай учурда дарыгерлер бейтапка кан куюп, анын өмүрүн сактап калуу аракетин көрөт. Бирок бейтаптарга коопсуз кан өз убагында табылбай калган учурлар көп. Мунун кесепетинен айрымдар жашоо менен кош айтышы да мүмкүн.

Мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн ар бир өлкөдө бейтапканаларды туруктуу жана коопсуз кан менен камсыз кылган, стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик кан борборлору бар. Ага ыктыярчы донорлор акысыз кан берип, жардамга муктаж, бейтааныш адамдардын өмүрүн сактап калууга салым кошушат.

Кыргызстанда акыркы жылдары ыктыярдуу түрдө кан тапшыргандар азайып, ооруканаларда канга муктаж болгондордун саны өсүп жатканын дарыгерлер маал-маалы менен айтып келишет.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 14-июнь – Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата, Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиеваны кепке тартып, өлкөдөгү кан запасы жана донорлук тууралуу сурадык.

Айганыш Сатыбалдиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айганыш Сатыбалдиев

Би-Би-Си: Сиздер буга чейин маал-маалы менен кан тартыштыгы тууралуу коңгуроо кагып келгенсиздер. Учурда абал кандай?

Айганыш Сатыбалдиева: Кыргызстанда кан тапшыргандардын саны кескин азайып кетти деп айта албайм, донорлордун саны бир калыпта эле турат, бирок канга муктаж бейтаптардын саны кескин өсүп кетти. Буга калктын санынын өсүшү, оор абалдагы оорулуулардын көбөйүшү, ар кандай кырсыктардын көп катталышы себеп болууда. Ушул себептен өлкөдө кан донорлоруна караганда канга муктаж болгондор көбөйүп жатат. Быйыл Орозо айы башталгандан бери кан жана анын компоненттеринин тартыштыгы жарала баштады.

Би-Би-Си: Өзгөчө жай мезгилинде кан тартыштыгы күчөйт экен, эмнеге мындай?

Айганыш Сатыбалдиева: Биз муну биринчи кезкте студенттердин каникулга тарап кетиши менен байланыштырабыз. Анткени окуу жайлар менен келишимдерибиз бар. Анан да көптөгөн жарандарыбыз жайдын аптабынан качып, эмгек өргүүгө же чет жактарга чыгып кетишет. Мындан улам жайында кан тапшыргандардын саны бир аз азайып кетет.

Би-Би-Си: Өлкөдө канча адамга канча донор туура келет?

Айганыш Сатыбалдиева: Кыргызстанда ушул тапта донор болгондордун саны 51 миңден ашты. Бул көрсөткүч төмөн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча 1000 адамга 40 донор туура келиши керек. А бизде 1000 адамга 12 донор туура келет. Мындан 2-3 жыл мурда миң кишиге алты эле донор туура келчү. Азыр бир аз көбөйдү, ошого карабай кан таңкыстык көйгөйү курч бойдон турат.

Кан берүү үчүн келгендер. Ош шаары

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кан берүү үчүн келгендер. Ош шаары
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Өзгөчө кайсы бейтапканалар же кимдер канга көп муктаж болууда?

Айганыш Сатыбалдиева: Улуттук онкологиялык борбор, төрөт үйлөр, тез жардам көргөзгөн ооруканалар канга муктаж болууда. Бейтаптар тууралуу айта кесек, ак кан менен ооругандар, жаңы төрөгөндөр, онкологиялык жана гематологиялык ооруга жана ар кандай кырсыктарга кабылгандар канга көп муктаж болушат.

Би-Би-Си: Кыргызстандыктар эмнеден кооптонуп, ыктыярдуу түрдө донор боло беришпейт?

Айганыш Сатыбалдиева: Көпчүлүк адамдар, мен кан берсем каным азайып кетет деп ойлошот. Андай эмес, кан бул суюк орган. Жүрөк карыбайт деп коюшат го, жүрөк эмес, кан карыбайт. Ал бат эле өз калыбына келген уникалдуу орган. Кан берсем өзүмдүн каным азайып кетет деген түшүнүктөгү жарандарыбызга айтып кетет элем: эгер жаран 400-500 гр кан берсе, ошол эле күнү суюктук ичкенден кийин кайра эле каны калыбына келип, орду толот. Ал эми кан берүүнүн аралыгы 60 күн. Эч кандай зыяны жок, коопсуздугуна 100 пайыз кепилидик беребиз. Кан тапшыруу коопсуз жана ден соолукка эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

Донорлор кан берүү менен башкаларга жардам кыла алышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Донорлор кан берүү менен башкаларга жардам кыла алышат

Би-Би-Си: Кимдер кан донору боло алышат?

Айганыш Сатыбалдиева: Кан мыйзамы жана укуктук ченемдер боюнча 18-жаштан 60 жашка чейинки, салмагы 50 киллограмдан жогору болгон, дени сак адамдар донор боло алат. Бизге келгенден кийин алардын жугуштуу оорулар менен оорубаганын, эки күн ичинде ичимдик ичпегенин, 72 саат аралыгында дары-дармек колдонбогонун сурайбыз. Кош бойлуу, бала эмизгендер, түнкү кезметте иштегендер донор боло албайт. Сурамжылоонун этегинде донор “ооруларды аныктоо үчүн канымды тестирлөөдөн өткөрүүгө макулдугумду берем” деп кол коет.

Кан аркылуу жугуштуу орорулар, вирустук гепатит, сифилис, ВИЧ, бруцеллез, кургак учук сарык менен ооругандар таптакыр донор боло алышпайт. Алар токтоосуз түрдө четтетилет. Ал эми убактылуу четтетилген донорлор бар. Алар кан тапшыруу үчүн келгенде гемаглавини төмөндөп же жогорулап кеткендер. Донорлор кан берүү үчүн майлуу эмес, жеңил тамактанып келиши керек.Ачкарын келүү да сунушталбайт.

Кан алгандан кийин биз аны плазма, тромбоцит жана эритроциттерге бөлөбүз. Канга болгон муктаждык, анын сактоо мөөнөтүнө да көз каранды. Мисалы кандын эритроциттери 35 күн сакталат, ал эми тромбоциттер беш эле күн. Плазманы үч жылга чейин сактоого болот. Айырмасы плазма тоңдурулат, тритроциттер менен тромбоциттерди тоңдурууга болбойт.

Чек ара жаңжалында жабыркагандарга кан берүү үчүн келгендер

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чек ара жаңжалында жабыркагандарга кан берүү үчүн келгендер

Би-Би-Си: Жылына канча өлмөмдө кан топтойсуздар? Учурда өлкөдө кан запасы жетишүү элеби?

Айганыш Сатыбалдиева: Пандемияга чейин үч тоннадай плазма кан запасыбыз бар болчу. Анын баары пандемияда толугу менен короп кетти. Бүгүнкү күндө 200 литрдей эле запас бар. Тилекке каршы бул абдан аз. Бул коомдун саламаттыгы үчүн керек болгон улуттук байлык, улуттук запас. Сырттан бирөө келип кан бербейт. Өзүбүздүн гана жарандар кан берүү менен бейтааныш адамдардын өмүрүн сактап калганга салым кошо алышат. Учурда күн сайын жүздөй адам кан берүү үчүн келет. Анын 30 пайызы алгачкы суроолорго жооп алууда эле донор боло албай калышат. Кан бергенден кийин тестирлөө учурунда донорлордун 20 пайызы четтетилет. Ошентип бизге келгендердин жарымынын каны жарабай калат.

Би-Би-Си: Кан донорлорунун катарын кеңейтүү үчүн кандай иштерди жасап жатасыздар?

Айганыш Сатыбалдиева: Үгүттөө, маалымат берүү жумуштарын жүргүзүп, элге туура маалымат жеткирүүбүз керек. Мурда "Кызыл Ай коому менен тыгыз иштешчүүбүз. Алар дайыма бизге колдоо көрсөтүшчү. Азыр өздөрүнүн аз өлчөмдөгү каражаты менен бир аз гана колдоо көрсөтүп, чоң үгүт иштерине жардам кыла албай жатышат.

Башка өлкөлөр 14-июнга карата чоң иш-чараларды өткөрүп, жылдыздарды, спортчуларды чакырып, кан донорлорунун күнүн белгилешет. Мындай иш-чаралардын максаты, донорлорду даңазалап, башкаларды дагы донор болууга чакырууга багатталат. Ошондуктан бул күн 202 өлкөдө чоң масштабда майрамдалат. Билесиз да ири иш-чараларды өткөрүү үчүн каражат керек. Биздин чектелүү гана каражатыбыз бар, ошонун негизинде иштеп жатабыз. Тилекке каршы үгүттөө иштерине, маалыматтык материалдарды чыгарганга каражатыбыз тартыш.

"Донор болуп, өмүрлөрдү сактап кал!" акциясынан

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Донор болуп, өмүрлөрдү сактап кал!" акциясынан. 2022-жыл, 14-июнь

Би-Би-Си: Жарандар жылына канча жолу кан берсе болот?

Айганыш Сатыбалдиева: Эркектер 4-5 жолу кан берсе болот, ал эми аялдар физиологиялык себептен улам 3-4 жолу гана кан бериши керек. Эркектерге кан берген пайдалуу, себеби эркектин организиминде кан алмашуу дээрлик жүрбөйт. Алар кан бергенден кийин зат алмашуусу жана уктоосу жакшырып, ар кандай оорулардан алыс болушат.

Кыргызстанда үч миңден ашуун донорлор бар. Мыйзам боюнча 30 жолу өз ыктыяры менен акысыз кан бергендер же 45 жолу акылуу түрдө кан бергендерге ардагер донор деген наам берилет. Алар айына 1000 сомдон каражат алып турушат.

Донор болууну каалаган Бишкек шаарынын тургундары Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дареги боюнча саат 8:00дөн 14:00гө чейин кан тапшыра алат. Ал эми аймактардын жашоочулары облустук кан борборлоруна кайрылса болот.