Р. Казакбаев: Азербайжанда ондон ашык келишимге кол коюлду, эми аткаруу керек

Published

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Расмий сапардын алкагында ондон ашуун келишимге кол коюлду

Сүрөттүн булагы, sultan dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Расмий сапардын алкагында ондон ашуун келишимге кол коюлду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапары жыйынтыкталды. Бул сапардын башкы максаттары кандай, жыйынтыгынан эмнелерди күтүүгө болот?

Би-Би-Си Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кепке тартып, кенен маек курду.

Р. Казакбаев: Кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу керек

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Р. Казакбаев: Кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу жагы өтө маанилүү

Би-Би-Си: Эки тарап тең тыгыз кызматташтык тууралуу билдирип жатат. Дегеле бул сапардын эң башкы максатары кайсылар?

Руслан Казакбаев: Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров мырзанын расмий сапары болду. Азербайжан Кыргызстан үчүн дос жана бир тууган өлкө. Биз көптөгөн эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташабыз. Ал уюмдар Бириккен Улуттар Уюму, Түрк мамлекеттердин уюму, КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы кызматташтык ошондой эле ЕККУнун алкагында жана башка уюмдардын алкагында биз тыгыз кызматташабыз. Бул жолку сапар өзгөчө сапар деп айтсам болот. Себеби көп жылдан бери эң президенттердин деңгээлинде эки тараптуу расмий сапарлар уюштурула элек болчу. Анын дагы ар түрдүү себептери болгон. Акыркы жылдары мамилелерибиз бир аз салкындап турган. Эң негизги айтаарым, бул жолу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгаруу боюнча декларацияга кол коюлду. Бул маанилүү документ. Мындан сырткары мамлекеттер арасындагы кеңеш түзүлдү. Ал кеңешти эки өлкөнүн урматтуу президенттери Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев мырзалар башкарат. Ондон ашык эл аралык келишимдерге кол коюлду.  Сапар өзүнүн негизги максатына жетти деп айтсам болот.

Учурунда Азербайжандан мунай ташуу аракети да болгон

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учурунда Азербайжандан мунай ташуу аракети да болгон

Би-Би-Си: Кол коюлган документтердин саны, мазмуну жана кандай натыйжалар болушу керек дегенди чечмелеп берсеңиз

Руслан Казакбаев: Өзүңүздөр билгендей, бул расмий сапардын алкагында он документке кол коюлду. Бул эки өлкө ортосундагы кызматташууну стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгаруу боюнча декларация, эки өлкө ортосундагы мамлекеттик кеңешти түзүү боюнча меморандум жана андан сырткары Кыргызстан үчүн маанилүү болгон айыл-чарба тармагында кызматташуу боюнча меморандум, эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Дүйнөдөгү жаңы маалымат технологиялары тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Ошондой эле интеллектуалдык менчикти сактоо боюнча андан кийин биздин мамлекетик башкаруу академиясы, мамлекеттик кызмат боюнча академия менен Азербайжан ортосундагы ошол тармактагы окуу жайдын ортосунда дагы келишимге кол коюлду.

Маалымат боюнча өзгөчө тыгыз кызматташуу жөнүндө сөз болду. Биздин мамлекеттик телерадио компания менен Азербайжан ТВнин ортосундагы келишимге кол коюлду. Мындан сырткары, бардык тармактар боюнча өзгөчө сөз болду. Негизги максат, страрегиялык өнөктөштүккө өткөндөн кийин, эки тармактуу кызматташууда дагы жана көп тармактуу кызматташууда дагы, эл аралык уюмдардын алкагында дагы бири-бирибизди колдоп, көп уюмдардын арасында, көп эл аралык уюмдардын алкагында, аянтчаларында тыгыз кызматташуу болуп эсептелет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биринчи кезекте, бул соода-экономиканы өзгөчө жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча сөз болду. Азыр эки мамлекет ортосундагы соода көлөмү 10 миллион доллардын тегерегинде гана экен. Бул аябай аз. Эки өлкө ортосунда чоң потенциал бар. Азербайжандын өзүндө эле суверендик резервдик фонду менен кошкондо жана өзүнүн федералдык казынасындагы каражаттарын эске алганда 50 млрд доллардан ашык фонду бар.

Азербайжан Кавказда жана дүйнөдө туруктуу өнүгүп жаткан, Кыргызстанга дос жана бир тууган мамлкеттердин бири болуп саналат. Ошондуктан расмий кездешүүлөрдөн сырткары, бизнес форум болуп өттү. Анда президент Садыр Жапаров сүйлөдү, биздин экономика, транспорт министри жана жаңы түзүлгөн инвестиция тартуу жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчилери сөз сүйлөп, бул жактан алып барган элүүдөн ашык бизнес долбоорлорду презентация жасап, көргөзүштү. Азербайжан бизнесмендери тарабынан да бир топ кызыгуулар болду. Өзгөчө биздеги энергетика тармагына -кичи жана орто ГЭСтерди курууга чакырдык. Ошондой эле, айыл-чарба, жер- жемиштерин кайра иштетүү, өстүрүү жаатында инфестицияларды тартуу боюнча өзгөчө сөз болду.

Р. Казакбаев: Азербайжанда инвесторлор көп.  Мисалы, туризм, энрегетика, айыл-чарба, жаңы технологиялар тармагына келсе жакшы болот

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Р. Казакбаев: Азербайжанда инвесторлор көп.  Мисалы, туризм, энрегетика, айыл-чарба, жаңы технологиялар тармагына келсе жакшы болот

Би-Би-Си: Мурда эки өлкө ортосунда мунайдан тарта бир катар маанилүү маселелер боюнча кызматташат деп айтылганы менен ойдогудай жыйынтык болгон жок. Макулдашуулар чындап ишке ашышы үчүн кандай аркеттер зарыл деп ойлойсуз?

Руслан Казакбаев: Эки өлкөнүн ортосунда кызматташунун 30 жылдык тарыхы бар. Бир учурда биздин кызматташтык аябай жакшы деңгээлге чыккан. Бир мезгилдерде салкындап кеткен убактар да болгон. Эми бул эл аралык кызматташтыкка мүнөздүү көрүнүш. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын эң жогору коёт эмеспи. Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерден сырткары Азербайжан Кавказ чөлкөмүндө, биз Борбордук Азиядабыз. Эки мамлекет тең өз аймагында башка дагы эл аралык уюмдардын арасында өз милдеттенмелери бар. Ал милдеттенмелерди так аткаруу керек. Убагында Кыргызстанда мунайды кайрадан иштетүү үчүн завод куруу боюнча Азербайжандын эң белгилүү фирмаларынын бири менен дагы сүйлөшүүлөр, меморандумдар болгон. Алар эми чоң келишимге айлана алган жок. Чоң делегациясы Кыргызстанга чейин келген, бирок, Кыргызстанда мунай заты аз. Бирок азыр алар кайрадан жумушчу топторун жиберип, Кыргызстандын мунай базары менен кенен таанышуу жөнүндө пикирлерин билдиришти.

Эми бул эки өлкө ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүккө чыгаруу бир маселе ал эми кол коюлган он келишимдин баарын ишке ашыруу үчүн дагы көптөгөн иштер аткарылышы керек. Ага бийлик бутактарынын баары, президенттик аппараттан баштап биргелешип, тыгыз иштешибиз зарыл. Эл аралык келишимге кол коюлгандан кийин аны сөзсүз түрдө так аткаруу керек. Андай болбогон шартта ишенбөөчүлүк жаралат, кагаз жүзүндө эле кала берет. Ар бир келишим өтө маанилүү. Азербайжанда инвесторлор көп.  Мисалы, туризм, энрегетика, айыл-чарба, жаңы технологиялар тармагына келсе жакшы болот. Ал үчүн биз да даяр болушубуз керек. Жакшы деген долбоорлорубуз эл аралык стандарттарга ылайык келгидей болушу шарт. Премьер-министрдин алдында атайын топ түзүлгөн. Алар иштеп жатышат. Алар мыкты долбоорлорду белендеп, сунуш кылат деп үмүттөнүп турабыз. Инвесторду кабыл алып, укугун коргоп, шартын түзсөк. Алар дагы биздин мыйзамдарды так аткарууга даяр болушу керек. Эки мамлекеттин тарыхый, достук мамилеси стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкты.

Баку шаары

Сүрөттүн булагы, sultan dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баку шаары

Би-Би-Си: Айрым серепчилер түрк тилдүү мамлекеттердин алакалары соңку учурда жакшырууда деп баалап жатышат. Бул сапарды ошондой ракурстан алып кароого болобу?

Руслан Казакбаев: Ооба, туура айтасыз. 2021-жылга чейин түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши бар эле. 2021-жылы ал Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмуна айланды. Стамбул шаарында анын баш катчылыгы бар. Ошондой эле алардын маданият тармагында, парламенттер арасындагы ТүркПА деген ассамблея бар. Инвестициялык банк курулуп, фонд түзүлгөнү жатат. Ал Кыргызстанда ачылат го деген илгери үмүт менен турабыз. Ошондой эле түрк академиясы бар. Чындап эле түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы кызматташтык кеңейип, жакындап бара жатат. Бул эми мыйзам ченемдүү жана табигый көрүнүш деп айтат элем. Себеби биздин жалпы тарых, маданиятыбыз, каада-салт, тилибиз, динибиз бар. Азербайжан менен Кыргызстан бул эле эмес БУУ, КМШ, ЕККУ баштаган жана башка көп уюмдардын алкагында кызматташабыз. Кыргызстан менен  Азербайжандын ортосунда эч кандай талаш-тартыш жок. Ошондуктан биз мамилелердин жаңы бийиктикке көтөрүлгөнүнө кубанычтабыз.