Дипломдук иш студент менен окутуучунун "базарына" айландыбы?

Дипломдук ишти жасалгалап берген жайлардын бири

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дипломдук ишти жасалгалап берген жайлардын бири
Published

Быйылкы окуу жылы аяктап, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү дипломдук иш жазып, жактоо алдында турат. Алар 4-5 жыл окуган билими боюнча дипломдук иш даярдап, комиссиянын алдында коргоп, баа алган соң гана окугандыгы тууралуу тастыктоочу документти ала алышат.

Бирок, бардык эле бүтүрүүчүлөр илимий ишти күнү-түнү көз ирмебей өздөрү жазат деп айтуу кыйын. Студенттер өздөрүнүн окутуучуларына дипломдук ишти кызылдай акчага жаздырган учурларды угуп, бул темага кызыгып көрдүк.

Азыр замандын талабы такыр өзгөрдү, кызылдай соода менен дипломдук иш эле эмес, ар кимге кандидаттык, докторлук диссертация жазып берип жаткан учурлар бар.

"Бизди мажбурлашат…"

Бул жолу жогорку окуу жайлардагы дипломдун баасы жана баркы тууралуу кеп козгойбуз. Биз материалды даярдап жатып, Кыргыз улуттук университетине барып, студенттердин бирин кепке тарттык. Албетте, бүгүн-эртең дипломдук ишти жактасак эле окууну бүтөбүз деп турган студенттен маалымат алуу оңойго турган жок. Айрымдары "ызы-чуусу жок дипломду жактап алган соң баарын ачык айтып чыгабыз" деп тиштенип турган чагы.

Дипломдук ишти акчага жаздыруу дагы, жазып берүү дагы эреже, мыйзам бузуу экенин баса белгилейбиз.

*Эске сала кетчү жагдай, бизге маек берген студенттер коопсуздугунан улам, атын гана атап коюуну өтүнүштү.

Өзүн Албина деп тааныштырган 4-курстун студенти быйыл илимий иш жазуу 20 миңден 30 миң сомго чейин бааланып жатканын айтты. Ал өзү дагы дипломдук ишке атайын бекитилген жетекчисине 20 миң берип жаздырып жатканын белгиледи.

“Бизде айрым студенттер өздөрү жазып жатышат. Кээ бирөөлөрү иштешет, убактылары жок, ошон үчүн башкаларга дагы буйрутма бергендери дагы бар. Ал эми, айрым учурда студентке бекитилген мугалим дагы начар болуп калат. Алар өздөрү жазып, акча табуу үчүн студентти кыйнашат. Аркасынан чуркатат, убакытты созот дегендей. Анан албетте, айласы кеткен студент “дипломду сиз эле жазып бериңиз” деп жетекчисине сунуштайт. Айрым учурда башка мугалимдер дагы мен жазып берейин деп акырын жашыруун айтышат. Мурдагы даяр дипломду саткан учурлар дагы бар. Мисалы, мен өзүмдүн жетекчиме 20 миң сомго жаздырып жатам. Анткени биринчи бөлүмдү жазып барсам, жаратпай койду. Анан айла жок, жаздырып атам. Бул жакта мага окшогон студенттер бар”,- дейт Албина.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындай схема бир эле Кыргыз улуттук университетинде эмес, борбор калаадагы башка дагы окуу жайларда бар экени айтылып жүрөт.

Бизге мындан бир жыл мурун Кыргызстан эл аралык университетинин журналистика факультетин бүтүп, азыркы учурда магистратурада окуп жаткан Перизат маек курду. Ал көпчүлүк учурда мугалимдер өздөрү акча табуу үчүн студенттердин илимий иштерин жазып берерин айтат.

Ал сөзүнүн башында эле университетти туура эмес тандап, тапшырып алганын белгиледи.

“Дипломдук иштин темасын алгандан кийин студенттерге келип сунушташат. Албетте, бизге келип эле түз айта салышпайт. Кыйыштырып, айлантып айтышат. Алардын сунушуна макул болгондору дагы болгон, макул болбой өздөрү жазып жактагандар дагы болгон. Бирок, макул болбой койгондор кыйналышкан. Анткени кечке мугалимдин аркасынан чуркашат. Алар жаратпай коёт, кайра жазат. Мен бизге сабак берген эжеге жаздыргам. Анткени менин темам оор болчу. Жаза албай жатканда, эженин өзүнө келип сунуштагам. Макул болуп, 20 миңге жаздыргам”,- дейт ал.

Ал кыргызча жазылган дипломдук иштер антиплагиаттан оңой эле өтүп кетерин, анткени бул ыкма кыргызча жазылган иштерди жакшы кабыл албай турганын белгиледи.

Дипломдун базар баасы…

Дипломдук ишти мугалимдер гана эмес, компьютердик кызмат көрсөткөндөр дагы жазып келишет. Биз университеттерден чыгып, жер алдындагы өтмөктөрдөгү компьютердик кызмат көрсөткөн Маратты кепке тартканга аракет кылдык.

Дипломдук ишти мугалимдер гана эмес компьютердик кызмат көрсөткөндөр дагы жазып келишет.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова

Анын айтымында, дипломдук иштин баасы темага жараша коюлат. Баштапкы сумма 15 миң сомдон 30 миңге чейин бааланат. Бирок дипломдук иш бүткөн менен анын плагиаттан өтөрүнө кепилдик жок.

Кыргыз улуттук университеттин басма сөз кызматынын жетекчиси Жээнбек Эралиев дипломдук иштердеги коррупция тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ал көпчүлүк факультеттерде дипломдук иш жактоо деген нерсе жоюлуп, студенттер анын ордуна мамлекеттик экзамен тапшырарын, азыркы ректор коррупцияга каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүргүзүп жатканына ишендирди.

“Көпчүлүк факультеттерде дипломдук иш деген жок, анын ордуна мамлекеттик экзамен тапшырышат. Мисалы, биздин жаныбыздагы 4-курстун студенттери экзамен тапшырып жатат, дипломдук иш эмес. Ошондуктан бул жөнүндө кабарым жок экен, бизге эч ким кайрыла элек. Бизде жаңы ректор келгенден бери студенттер менен жолугушуусунда айтат: “жанагындай иштер болсо декандарга кайрылгыла, проректорлорго кайрылгыла, такыр болбосо мага кайрылгыла” деп. Биздин университеттин сайтында “стоп коррупция” деген рубрика бар. Ал жерге студенттер атын жазбай эле, жазышса болот”,- дейт ал.

Эралиев мындан 5-6 жыл мурун айрым окутуучулар экзаменде акча алганы үчүн жумушунан кеткен учурлар болгонун, бирок мындай фактылар азыр каттала электигин кошумчалады.

“Кайсы тема болбосун, кандай татаал болбосун дипломдук иш жазып беребиз” деген жарнама интернетте жана көчөлөрдө ачык эле көзгө урунат.

Би-Би-Си буга чейин интернетте “дипломдук иш жазып беребиз” деген жарнаманын ээси менен байланышып, жадагалса дипломдук иш боюнча соодалашып да көргөн.

Анын айтымында, дипломдук иштин баасы темага жараша коюлат.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова

Плагиат демекчи, университеттерде он жылдан ашык убакыттан бери уурдап көчүрүлгөнүн аныктай турган тутум (антиплагиат) иштеп келет. Ар бир илимий иш плагиаттан өткөнү менен, кыргызча жазылган иштерди жүз пайыз аныктайт деп айтуу кыйын.

Билим берүү министрлигинин жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү боюнча башкармалыгынын башкы адиси Айнура Исираилованын айтымында, илимий иш жазууда кандайдыр бир мыйзам бузуулар байкалса, укук коргоо органдары текшеришет.

“Бүгүнкү күндө мен ойлойм, окуу жайларда дипломдук иштерди жаздыруу же сатып алуу жокко эсе. Анткени, ар бир бүтүрүүчү студент дагы мугалим дагы ойлонуш керек. Ал эми дипломдук ишти жазып жатышат деген сыяктуу арыз түшсө, албетте, биз укук коргоо органдарына кайрылабыз. Бирок мындай учур каттала элек. Азыркы заманда студенттерге жеңил эле, ар бири өзү жазса болот. Бардык маалыматты тапса болот. Ал эми студент диплом жазууда мугалимдин кандайдыр бир кысымына кабылып жатса, коррупцияны аныктоо бөлүмүнө арыз жазса болот”,- дейт ал.

Билим берүү министрлигинин өкүлү дипломдук иштерди мугалимдер акчага жазган учурлар жок деп жаткан чакта, өзүнүн студентине дипломдук иш жазып берүү үчүн акча алып, кармалган мугалимдерге кылмыш иши козголгон учурлар бар экенин айта кетели. Буга бир нече мисалды келтирүүгө болот.

Ал эми укук коргоо органдарынан бул боюнча кенен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча 75 жогорку окуу жай бар. Алардын ичинен 28 мамлекеттик болсо, калганы коммерциялык жогорку окуу жай болуп саналат.

Дилде Шатанова

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дилде Шатанова

Ал эми быйыл жогорку окуу жайын 45 миң студент аяктайт. (DSH)