"Айдоочуну балам экөөбүз чыгардык". Курсанттардын жол кырсыгына күбөлөрдүн айтканы
Кубат Чекиров, Би-Би-Си. Бишкек

Сүрөттүн булагы, Social media
Ишемби күнү Ата-Бейиттеги ант берүү аземинен кайтып келе жатып жол кырсыгына кабылган курсанттар бүгүн ооруканадагы палатага которулду. Кырсыктаган унаанын айдоочусуна операция жасалды. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Би-Би-Си окуянын кандай болгонун сурап, күбөлөрдүн сөзүн угуп келди.
Жол кырсыгында жабыркаган тогуз курсант ооруканага жаткырылган. Алардын төртөө Бишкектеги улуттук госпиталдын нейротрамватология бөлүмүндө дарыланууда, дарыгерлер алардын акыбалы жакшы деп айтышты.
"Кечээ бүт баарын көрүп кабар алып чыктым. Баары жакшы. Жакшы динамика кетти. Баары палатага которулду. Жакын арада госпиталга алып келип дарылайбыз. Айдоочу прапорщик гана операция болду",-деди Би-Би-Сиге аскердик институттун начальниги Канагат Уразбеков.
Биз өзүбүз дагы курсанттардын акыбалын билмекке ооруканага бардык. Анын алдында курсанттардын ата-энелери, жакын туугандары топтолуп кетпей турушат. Алардын ичинде кырсыктын өзүнө күбө болгон адамдар менен да сүйлөштүк.
"Дагы көрөр күн ичер суу бар экен. Машинаны айдап келаткан балага рахмат айтыш керек. Эгерде бул баланын тажрыйбасы жок болгондо бакты сүзбөй, четкерээк алганда, ары жагына кетип, бүт өлмөк 27 бала. Ал өзүн курмандык кылып, бакты сүздү. Ошол жерден иче-карды үзүлүп кетти. Аны машинадан балам экөөбүз чыгардык",-деди кырсыкка күбө болгон адамдардын бири. Ал Ат-Башыдан келиптир, бирок эмнегедир атын айтпоону өтүндү.
"27-августта ант беришет деген. Ошого келгенбиз апасы экөөбүз. 87 баланын ата-энеси бүт барганбыз ошо жерге. Баары жакшы бүтүп, саат экиде алып кеткиле дегенинен аскердик унаанын артынан ылдый түшүп келатканбыз. Курсанттарды төрт машинага жүктөгөн. Анан астындагы машинада биринчи ротадагы биздин балдар болуп калып атпайбы".
Кырсык курсанттар Ата-Бейиттен чыгып бара жаткан жолдо болгон.
"Бир мезгилде эле алдындагы машинаны сүзгүлөй баштаганда эле кокуй эмне болду деп чуркасак эле, алдыдагы МАИнин машинасын эки жолу сүзгөндө, МАИнин машинасы бурулду. А тигил барып эле бакты даңк эттире бир сүздү. Кокуй деп чуркап бардык, балдар шок болуп калды да кызыл ала болуп канжалап байкуштар. Шопурду менин балам алып түштү, иче карды жарылып. Жанындагы капитандын буту сынып кетиптир. Машинадагылар травма алышты көп эле, бирок баарынын башы аман".
Оорукананын жанында топтошуп турган адамдардын бири өзүн Руслан деп тааныштырып сөзгө кошулду. Анын айтымында, аскердик автоунаанын тормозу кармабай калды.
"Накат менен келип эле башкарууну жоготуп койду",-деди Руслан.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Курсанттар кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иш козголгону кабарланды. Ошол эле учурда кызматтык иликтөө дагы жүрүп жатат.
Тергөө-иликтөө иштери жол кырсыгынын себептерин аныктап, айыптууларды аныктаганга чейин ар кандай жоромол-божомол кылгыбыз келбейт. Бирок ошентсе дагы күбөлөр айткан айрым маалыматтар ар кандай кейиштүү ойго түртпөй койбойт.
Чу дегенде эле Аскердик институтта кырк жыл болгон эски автоунаа менен адам ташып жүргөнү эмнеси деген олуттуу суроо турат. Анткени, окуяга күбө болгон адамдар кырсыктап бакты сүзгөн МАЗ автоунаасы өткөн кылымдын сексенинчи жылдары чыкканын уктук деп айтып жатышат. Кандай болгон күндө дагы автоунаанын адам ташууга техникалык жактан даяр эмес болуп чыкканы эң жок дегенде оркойгон шалаакылыктан кабар берет.
Эгерде андан ары жиресек, аскердик институттагы эле эмес, кыргыз армиясында дагы канча эскирген аскердик техника иштеп, адам ташып жүрөт деген беймаза суроо чыгат.
Аскердик институттун начальниги өз кезегинде кырсыктаган автоунаанын канчалык эски экени жөнүндө суроого так жооп бербей, өзүнүн башка жүйөлөрүн келтирди.
"Ал татынакай эле иштеп жүргөн техника. Ошол эле айдоочу мындан эки күн мурун ошол эле Ата-Бейитке бир эмес, эки жолу барып келген. Техникалык абалы сонун эле, барып келип жаткан. Бул эми кырсык болуп атпайбы. Техникалык абалы эгер канааттандырарлык болсо, техниканы улам карап турса, агрегаттарды алмаштырып турса, машина жүрө берет жүз жыл деле",-деди Канагат Уразбеков.
Бул кырсык аскердик институтта бир жоокердин өлүмүнүн тергөөсү аяктай электе болуп жатат. 8-августта ушул эле аскердик институтта кароолдо турган бир жоокер өзүн өзү атып өлгөнү расмий кабарланган. Кылмышка шектүү катары бир прапорщик камакка алынган.
Андан мурда Ошто аскердик бөлүктө дагы бир жоокер нарядда турган жеринен эсин жоготуп, ооруканага жетпей каза тапкан.
Аскерлердин өлүмүнүн расмий версиясына эл ичинде көп ишене беришпейт. Анткени, армиядагы тартип жана коопсуздук жакшы эмес деген сын пикирлер көп айтылууда.
Ошентип, адам өлүмүнө алып келген учурлар утур-утур кайталанып, коомчулуктун армиядагы коопсуздукка ишеними бөксөрүп турат.




























