Ирандын президенти Раиси тик учак кырсыгында каза тапты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандык куткаруучулар президент Ибрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян учуп бара жатып кыйраган тик учакта эч ким тирүү калбаганын билдирди.
Инрандын Mehr агенттиги тик учакта бара жаткан Раисинин жана жанындагылардын өлүмүн тастыкташты жана атын-жөнүн атабаган ирандык чиновник дагы Reuters агенттиги менен сүйлөшүүсүндө да айтканын кабарлады.
Буга чейин Кызыл Жарым Ай уюмунун ирандагы жетекчиси Пирхосейн Коливанд мамлекттик телеканалдын түз эфиринде сүйлөп жатып, курткаруучулар тик учак кыйраган жерде издөө ишин жүргүзүп жатып, аман калгандар боюнча эч кандай белги жок экенин айткан эле.
Тик учакта ирандын президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян жана ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмети жана Тебриз провинциясынын имамы Сайед Мухаммад Аль-Хашим, президенттин коопсуздук бөлүмүнүн командири Сардар Сайед Мехди Мусави, жансакчы жана вертолеттун экипажы болгон.
Тик учак жекшемби күнү Ирандын түндүк батышындагы тоолуу өрөөндө, Азербайжан менен Түркиянын чек арасынан алыс эмес аймакта кыйраган.
Раиси ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясына барып, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугуп, чек аралаш Аракс дарыясына курулган плотинаны ишке киригизүү аземинен кайтып келе жаткан.

Сүрөттүн булагы, MEHR NEWS AGENCY
Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер убактылуу президент болду.
Бул кызматта ал эки ай иштей турганын Би-Би-Си Прес кызматы жазды.
Ирандын Конституциясына ылайык, алдыдагы 50 күндүн ичинде Иранда президенттик шайлоо кайрадан өткөрүлөт.
Ирандын ИИМ башчысы Ахмад Вахиди аба-ырайынын өтө начардыгы куткаруучулардын кырсык болгон жерге жетишине абдан тоскоолдук жартканын билдирди.
Ирандын президенти бараткан тик учакты издөөгө учурулган түрк учкучсуз учагынын ишин чагылдырып жаткан Anadolu агенттиги, дрон тик учак кыйрашы мүмкүн деген жерди тапканын жарыялаган. Ошол жерге куткарууучулар тобу жиберилген.
Tasnim агенттиги коллоннадагы үч тик учактын экөө белгиленген жерге кырсыктан тышкары жеткенин жарыялады. Агенттиктин маалыматына караганда, коштоп жүргөн тик учактар ирандын энергетика министри Али Акбара Мехрабиан жана жол, шаарды өнүктүрүү министри Мехрдада Базарпашаны ташып жүргөн.
Тик учак кыйраган аймактын картасы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Иран президенти Ибрагим Раисинин өмүрүн алган тик учак кырсыгына байланыштуу кошумча маалыматтар жарыяланды.
Ирандын кризисти башкаруу кызматынын башчысы Мохаммад Наминин айтымында, тик учак кулагандан бир саат өткөнгө чейин Тебриз шаарынын имамы түрүү болгон.
Наминин айтымында, имам Мухаммад Али кырсыктан соң Иран президентинин кеңсеси менен байланышууга аракет кылган.
Экипаж мүчөлөрүн кошкондо тик учак кырсыгынан тогуз адам каза болгону айтылды.
Буга чейин айрымдардын денелери күйүп кеткени кабарланган. Ирандын кризисти башкаруу кызматы тик учактагы президент Ибрахим Раиси баштаган аткаминерлердин баарынын өздүгү аныкталганын жана ДНК анализине муктаждык жок экенин билдирди.
Иран президентинин өлүмү боюнча ондогон өлкөнүн лидерлери реакция кылып, көңүл айтуу каттарын жолдоп жатышат.
Эл аралык санкциялар Иранда тик учактарды оңдоп-түзөө ишин абдан оорлотуп келет. Ирандын аскер-аба флоту 1979-жылдагы Ислам революциясына чейин түзүлгөн эле.
Ирандын 63 жаштагы президенти Ибрахим Раиси динге кызмат кылган ультраконсервативдүү саясатчы деп саналчу. Ал 25 жашында эле Тегерандын прокурорунун орун басары, кийин Тегерандын прокурору болгон, 2014-жылы ирандын башпрокурору кызматына жеткен. 2019-жылы аятолла Хаменеи аны сот бийлигинин таасирдүү кызматына дайындаган.
2021-жылкы президенттик шайлоодо Раиси жеңип, Ирандын тарыхында шайлоого катышуунун эң төмөнкү көрсөткүчү катталган. Раиси аятолла Хаменинин жолун улантуучусу катары саналган. Ал 1988-жылдын иран-ирак кандуу согушунун соңунда саясий негизде камалгандарды өлүм жазасына тарткандыгына байланыштуу американын кара тизмесинде болчу.































