ХАМАС америкалык жаранды барымтадан бошотту

Сүрөттүн булагы, IDF
ХАМАС тобу Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууну көздөгөн макулдашууга жетүү аракеттеринин алкагында 2023-жылдын октябрынан бери барымтада кармап жаткан кош жарандуулугу бар (АКШ жана Израил) Эдан Александрды бошотту. Ал үй-бүлөсүнүн катарына барып кошулду.
ХАМАС 12-майдын кечинде Эдан Александрды "Кызыл чырым" уюмунун кызматкерлерине тапшырып берип, алар аны Газадан чыгарып кетишти.
Мындай чечим АКШ президенти Дональд Трамптын шейшембиде баштала турган Жакынкы Чыгышка сапарынын алдында кабыл алынды. ХАМАС тобунун өкүлдөрү бул кадам 70 күндөн бери блокадада турган Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү боюнча келишимге жол ачаарын үмүттөнүшүүдө.

Сүрөттүн булагы, IDF
Ал учурда ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлү Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматына Катардагы америкалык администрациясынын өкүлдөрү менен түзмө-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын айтты.
Буга чейин Александрды бошотуу тууралуу ХАМАСтын билдирүүсүн АКШ өкүлдөрү Израил бийлигине кабарлагандыгын премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси тастыкдаган.
Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматына сүйлөшүүлөрдөн кабары бар палестиналык жетекчилердин бири ХАМАС тобунун мындай кадамын Трамп сапарынын алдындагы "жакшы ниет катары" жасалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, дүйшөмбү күнү ХАМАС тобунун өкүлдөрү Газадагы согушту токтотууга аракеттенген ортомчулар менен дагы бир ирээт жолукмакчы. Анда израил аскерлеринин Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерин убактылуу токтотуу жана аскер-аба операцияларын четтетүү боюнча макулдашуулар жүргүзүлмөкчү.
Жекшемби күнү кечинде Дональд Трамп Александрдын бошотулганын ырастап, ХАМАС барымтага алган баардык туткундар куткарылаарын жана Газа тилкесиндеги ок атышуулар токтойт деген үмүтүн билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"2023-жылдын октябрынан бери барымтада кармалып жаткан америкалык жаран Эдан Александр үй-бүлөсүнө кайтып келе жатканын кубануу менен билдирем. Анын бошотулушуна көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазымын. Бул ырайымсыз согушту токтотуу, баардык тирүү жана жансыз туткундарды жакындарына кайтаруу үчүн ортомчулардан – Катар менен Египеттин колдоосу менен АКШнын ак ниеттүү кадамы болду. Бул ырайымсыз жаңжалды токтотуудагы маанилүү кадамдардын баштапкысы деп ишенем", – деп Truth Social социалдык түйүнүнө жазган.
21 жаштагы Эдан Александр Тель-Авивде төрөлүп, Нью-Жерсиде чоңойгон. Израилдин армиясына өз ыктыяры менен кошулган израилдик АКШ жараны. ХАМАСтын 2023-жылдын октябрындагы чабуулу учурунда ал Газа чек арасына жакын жерде кызмат өтөгөн.
ХАМАС барымтага алган 251 адамдан 59у дагы деле Гази тилкесиндеги туткунда. Алардын арасынан болжол менен 24 киши тирүү.
Март айында АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф Александрдын бошотулушу Ак үйдүн башкы приоритети экенин билдирген. ХАМАС тобу аны ошол учурда эле бошотууга даяр экенин билдирсе дагы, ал бүгүнкү күнгө чейин кармалып келген.
ХАМАСтын жекшембидеги билдирүүсүндө, Александрдын бошотулушу 70 күндөн бери Израилдин толук блокадасында турган Газа тилкесине азык-түлүк, дары-дармек жана башка керектүү буюмдарды жеткирүү боюнча, ошондой эле тынчтык келишимине жетүү аракеттеринин бир бөлүгү экенин билдирген.
Ал арада Израилдин премьер-министринин кеңсеси бул кадам калган туткундар боюнча дагы сүйлөшүүлөрдүн жандантаарын айткан.
Трамптын талабы

Сүрөттүн булагы, Bloomberg
АКШ президенти Дональд Трамп март айынын башында ХАМАС тобуна кайрылып, Газа секторунда кармалып турган туткундардын баарын тез арада бошоткула жана ошондой эле анклавдын аймагынан чыгып кеткиле деп талап койгон. Ак үй ошол эле учурда туткундарды бошотуу боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын дагы ырастаган.
"Баардык туткундарды азыр бошоткула, кийин эмес жана силер колдуу болуп өлгөн кишилердин баарынын сөөктөрүн кайтарып бергиле. Муну аткарбай турган болсоңор анда ишиңер бүттү дей бергиле. […] Мен айтканды аткармайын ХАМАСтын бир дагы мүчөсү коопсуз жүрө албайт, ошондуктан мен айтканды жасагыла", - деп жазган ал өзүнүн Truth Social баракчасына.
"Бул силерге деген соңку эскертүүм! Жетечилик [ХАМАС], Газадан чыгып кеткенге азыр эң эле ынгайлуу учур, азырынча шансыңар бар. Ошондой эле Газанын калкына дагы кайрылам: силерди укмуштуудай келечек күтүп турат, бирок бул иш силер туткундарды бошоткон шартта гана жүзөгө ашат. Эгер силер муну аткарбай турган болсоңор анда өлүм күтөт",- деп кошумчалаган эле.
Трамп ХАМАСты биринчи эле жолу коркутуп жаткан жери жок. Марттагы бул кайрылуусуна чейин февралдын башында ХАМАС туткундарды бошотууну токтотуп коё тургандыгын айтып чыкканда, Трамп аларга жооп кайтарып, "эгерде андай кыла турган болсоңор силерди чыныгы тозок күтөт" деп билдирген.
ХАМАС коркутуп-үркүтүүдөн эч кандай пайда чыкпайт, ал кырдаалды ого бетер оорлотот деп жооп кайтарган болчу.



























