Памирлик кыргыздар үчүн Ошто шаарча курулат

Садыр Жапаров Чоң-Алайда

Сүрөттүн булагы, prezident.kg

Published

Ош облусунун Чоң-Алай районунда афганистандык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна 26-сентябрда президент Садыр Жапаров капсула салды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, шаарчада жалпы 300-400 турак-жай салынышы пландалууда.

Ошондой эле, анда 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык объектилер да курулат.

Аталган шаарча үчүн Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынан 30 гектар жер бөлүнгөн.

Садыр Жапаров Чоң-Алайда

Сүрөттүн булагы, prezident.kg

“Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун көмөгү менен жүргүзүлөт”, - деп айтылат президенттин сайтында.

Президенттин басма сөз кызматы кошумчалагандай, памирлик кыргыздарды Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин көчүрүп келүү пландалып жатат.

Садыр Жапаров Чоң-Алайда

Сүрөттүн булагы, prezident.kg

Быйыл жаз айында Памирден көчүрүлүп келинген 44 кыргызга Кыргызстандын жарандыгы берилген.

Афганистандын түндүгүндө жайгашкан Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздар деңиз деңгээлинен 4-5 миң метр бийиктикте жашайт. Алардын турмушу оор жана медициналык тейлөө жок. Ошол себептен өлүм-житим көбөйүп, элдин саны азайып кеткен.

2008-жылдары памирлик кыргыздардын саны 2 миңдин айланасында болсо, учурда 800дүн айланасында деп айтылат.

Кыргызстан ооган өкмөтү менен келишим түзүп, 2017-жылы билим берүү үчүн 17 памирлик баланы алып келген болчу.