Кудайберди Кожобеков: Мен жөнүндө жогору жакка толук маалымат жетпей калган болушу мүмкүн
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Ош мамлекеттик университети
Шайлоо алдындагы үгүт кызып турган чак. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү жетекчилерге чара көрүү тууралуу соңку билдирүүсу кызуу талкууда.
Өзгөчө Ош мамлекттик университетинин ректорунун айланасындагы чечим боюнча турдүү пикирлер айтылууда. Анда саясий партиялардын биринин үгүт ишине аталган университеттин студенттери да катышканы себеп болгон.
Би-Би-Си Ош мамлекеттик университетинин убактылуу кызматтан алынган ректору Кудайберди Кожобековду кепке тартты.
Би-Би-Си: Министрлер кабинетинин төрагасы сизди “шайлоого аралашты” деген жүйө менен кызматтан алынганыңызды коомго ачык жарыя кылды. Ушундай чара көрүлөт деп күттүңүз беле?
Кудайберди Кожобеков: Албетте, мен билген эмесмин. Бирок, мүмкүн тиешелүү бир деңгээлде моралдык жоопкерчилик үчүн деп кандайдыр бир аракет болушу мүмкүн деп күтүп жаткам. Бирок мынчалык деңгээлде экенин билген эмесмин.
Министрлер кабинетинен айтканындай эле министр бүгүн мени жумуштан алып, бирок болгону “териштирүүгө чейин деп комиссия түзүп, комиссиянын жыйынтыгы менен чечим кабыл алабыз” деп билдирди.
Ошентип жумуштан убактылуу бошотулдум. Министрлик тарабынан комиссия түзүлүптүр. Эми ошол комиссия бир ай ичинде териштирип, ошого карата чечим кабыл алынат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Министрлер кабинетинин төрагасы айткан жүйө чындап эле орундуубу, чындап эле үгүт ишине түз же кыйыр тиешеңиз болдубу?
Кудайберди Кожобеков: Эми мен бирөөнүн пикирине комментарий берүүдөн алысмын. Мен өзүм жөнүндө айтсам, шаардык мэрия тарабынан чогулуш өткөрүлүп, президенттин буйругу чыгып, университеттеги аткарыла турган иштерди колдон келишинче аткарганбыз.
Атайын алдын ала чогулуштарды өтүп, буйруктарды чыгарып дегендей. Ошонун негизинде жергиликтүү органдар текшерген учурда мен жөнүндө эч кандай маселе чыккан эмес. Болгону жогору жакка толук маалымат жетпей калган болушу мүмкүн деп ойлойм.
Би-Би-Си: Сиздин кол алдыңыздагы факультеттин жетекчилери жөнүндө да сөз болду. Алар чындап эле үгүткө аралашкан деп ойлойсузбу?
Кудайберди Кожобеков: Ошол жердеги видеодо факультеттин мугалимдери жүргөн үчүн, алар түшүнүк кат жазып берген. Алар анда “биз билбептирбиз, ушинтип барып алыптырбыз” деп жазып бергендиктен мен териштирүү бүткөнчө деп ал окутуучуларды да кызматтан алдым.
Ал эми өз мезгилинде деканга тапшырма берилип, ошолорго айтып, жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн декандын дагы моралдык жоопкерчилиги деп аны дагы териштирүү бүткөнгө чейин кызматтан алгам.

Сүрөттүн булагы, Ош мамлекеттик университети
Би-Би-Си: Шайлоо таза өтсүн деп жаткан учурда ушул окуянын өзү сиз жана башка жетекчилерге чындап эле сабак болот деп ойлойсузбу же бул жөн гана кимдир бирөөгө айтып жаткандай шайлоо алдында сүр көрсөтүү болдубу?
Кудайберди Кожобеков: Жок, чындап эле бийлик тарабынан шайлоо таза өтсүн деп кыбыр эткен жерден колуна чаап, эскертип туралы деп катуу карап жатканы менимиче эң туура. Болгону ошол жерде териштирүү иштерин аябай кылдат жүргүзүш керек деп ойлойм.
Жетекчилик катуу айтса элге таасири болот. Менимче, катуу айтканы туура эле. Кимдин кандайдыр бир күнөөсү болсо, ошого жараша мыйзам боюнча жазасын алып турса, шайлоонун жакшы өтүшүнө жардам болот деп ойлойм.
Би-Би-Си: Буга чейинки шайлоолордо деле сизге, сиз сыяктуу жетекчилерге аралашпагыла деп сөз жүзүндө айтып эле келген. Бул ирет чындап эле айырмасы болуп жатабы?
Кудайберди Кожобеков: Бул жолу чындап эле аябай олуттуу каралып жатат. Шайлоо жөнүндөгү соңку мыйзамга дагы мурунку шайлоого караганда өтө катуу пунктар кирген. Ошол пукттарды аткаруунун алкагында бул жолку көзөмөл мурункудан катуудай сезилип жатат.
Би-Би-Си: Буга чейин сиз буйрукту колуңузга ала электигиңизди айттыңыз эле. Буйрук колуңузга тийдиби?
Кудайберди Кожобеков: Ооба, алдым.
Би-Би-Си: Бир айдын ичинде атайын комиссия териштирет деп калдыңыз. Эгер ошол комиссиянын жыйынтыгында чындап эле “туура бошотулуптур, эми биротоло бошотулсун” деген чечим чыгып калат деп күтпөйсүзбү?
Кудайберди Кожобеков: Эми аны комиссия өзү чечет. Бүгүнкү “териштирип анан чечим чыгаралы, бир адамдын тагдырын жөн эле чечип койбойлу” деген чечимдин өзү мен үчүн акыйкат болсун дегендей ишарат болду деп ойлойм.
Ошол комиссия жакшы териштирип, кандай чечим чыгарса, ошого жараша жетекчилик, министрлик чечим кабыл алат. Биз ошого макул болушубузга туура келет.



























