Наланда: Дүйнөнү өзгөрткөн университет. Ал Оксфорддон 500 жыл мурун болгон
Сугато Мукержи, Би-Би-Си

Улуу Британиядагы Оксфорд университети негизделгенге чейин 500 жылдан ашык убакыт мурда эле Индиянын Наланда университетинде тогуз миллион китеп бар болчу жана бул окуу жай дүйнөнүн булуң-бурчунан 10 000 студентти өзүнө тартууга жетишкен.
Кыш мезгилиндеги таңкы маалда коюу туман каптап турду. Биздин автоунаабыз Индиянын чыгышындагы Бихар штатынын элеттик аймактарында дагы эле кеңири колдонулган унаа түрүн – ат арабаларды айланып өтүп келе жатты. Улам туман жамынып артта кала берген жана таскагын таштаган аттарды башында индус чалмасы бар арабакечтер башкарып келет.
Кудай Будда айдыңдыкка жеткен жер деп айтылып жүргөн байыркы конуш болгон Бодхгая шаарында бир түндү өткөргөндөн кийин, мен ошол күнү эртең менен Наланданы көздөй бет алдым. Бул шаардын кызыл кирпичтүү урандылары – илгерки замандарда дүйнөдөгү эң ири билим борборлорунун бири болгон шаардын калган-каткан заттык эстелиги.
Биздин замандын 427-жылы негизделген Наланда окуу жайы – дүйнөдөгү эң биринчи турак-жайлуу университет болуп эсептелет. Чыгыш жана Борбордук Азия аймактарынан 10 000 студентти өзүнө тарткан бул университеттин китепканасы тогуз миллион китепти камтыган. Аны АКШдагы жалпысынан “Чырмоок лигасы” деп аталган Гарвард, Йел, Принстон, Колумбия сыяктуу сегиз мыкты университетке тете болгон орто кылымдардын эрте мезгилиндеги жогорку билим бешиги катары санашат.
Студенттер Наланда университетине медицина, логика, математика сабактарын жана, эң негизгиси, бутпарастык (буддизмге таандык) жоболорду ошол доордун эң кадырлуу окумуштууларынан үйрөнүү үчүн чогулушкан. Бир ирет Далай Лама айткандай: "Биз ээ болгон бардык [бутпарастык] билимдердин булагы Наландадан келген".

Сүрөттүн булагы, Сүрөт ээси: imageBROKER/Alamy
Наланда гүлдөп-өсүп турган жети кылымдан ашуун убакыттын ичинде дүйнөдөгү башка эч жерде мындай университет болгон эмес. Кечилдердин бул университети Оксфорд (Oxford) университетинен жана Европадагы эң эски Болонья (Bologna) университетинен 500 жылдан ашуун мезгил мурда негизделген. Андан тышкары, Наланданын философияга жана динге болгон агартуучулук (айдыңдык) мамилеси бул университет өз жашоосун токтоткондон бир далай убакыт өткөндөн кийин деле Азиянын маданиятын андан ары калыптандырууга огожо болуусун уланткан.
Кызыгы, бутпарастардын кечилдик университетин негиздеген Гупта империясынын өкүмдарлары – динчил индустар болгон, бирок алар ошол кездеги бутпарас динине (буддизмге) жана бутпарастардын айдыңдык (интеллектуалдык) шыктануусуна жана философиялык эмгектерине жан тартуу менен мамиле кылып, далай ойлорун кабыл алышкан. Бул индус төбөлдөрдүн өкүм жүргүзгөн учурунда өнүккөн либералдык маданий жана диний салттар Наланданын көп тармактуу илимий окуу программасынын өзөгүн түзө алды. Анын натыйжасында бутпарас айдыңдык деңгээл ар кандай илимий тармактардагы жогорку билимди өзүнө ширелткен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жаратылыш байлыктарына негизделген айыктыруу ыкмаларынан тамыр алган байыркы индиялык “Аюрведа” медициналык системасы Наланда университетинде кеңири окутулуп, андан кийин бүтүрүүчүлөр аркылуу Индиянын башка бөлүктөрүнө жайылтылган. Башка бутпарас мекемелери университеттин конушунун сыйынуу залдары жана дарс бөлмөлөрү менен курчалган ачык короолорунун архитектуралык долбоорлоруна шыктанып, аларды кайталашкан. Ал эми бул жерде жасалган кооз, сөлөкөттүү чопо шыбактардын өрнөктөрү Тайланддагы ыбадаткана куруу өнөрүнө өз таасирин тийгизген. Мындагы темир усталар менен зергерлердин өнөрү Тибет менен Малай жарым аралынын калайыгына жайылтылган.
Бирок, балким, Наланданын эң терең жана түбөлүктүү мурасы – анын математика жана астрономия илим тармактарындагы жетишкендиктери болсо керек.
Индиялык математиканын атасы деп эсептелген Арйабхата (Aryabhata; б.з. 476 – 550) б.з. VI кылымында дал ушул университетти жетектеген деген божомол да бар.
"Биз Арйабхата эң алгач нөлдү өзүнчө сан катары ажырата алган деп ишенебиз. Бул – илимдеги ыңкылапчыл жобо болду. Нөлдүн колдонулушу математикалык эсептөөлөрдү жөнөкөйлөштүрдү жана алгебра жана тамыр чыгарып эсептөө сыяктуу татаал ыкмаларды өнүктүрүүгө жардам берди", – деди Колката (Калкутта) университетиндеги математика профессору Анурадха Митра айым.
"Нөл болбосо, балким, бизде азыр компьютерлер болмок эмес, – деп ал кошумчалады. – Ошондой эле ал квадрат жана куб тамырларды чыгаруу, тригонометриялык амалдарды чөйрөлүк (сфералык) геометрияга колдонуу боюнча алгачкы саамалыкчыл иштерди жасаган. Ошондой эле Арйабхата биринчилерден болуп Айдын нурунун келип чыгышын ага чагылган Күн нуруна байланыштырган".
Бул илимий эмгек кийинчерээк Индиянын түштүгүндө жана Арапстан жарым аралында математиканын жана астрономиянын өнүгүшүнө терең таасирин тийгизет.
Наланда университети бутпарастардын окууларын жана философиялык мурасын кеңири жайылтуу үчүн өзүнүн эң мыкты окумуштууларын жана профессорлорун Кытай, Корея, Жапония, Индонезия жана Шри-Ланка сыяктуу аймактарга аттандырып турган. Бул байыркы маданий алмашуу программасы бүткүл Азия аймагынын бир катар чөлкөмдөрү боюнча бутпарастыкты жайылтууга жана анын ар кыл мектептерин калыптандырууга көмөк кылган.

Сүрөттүн булагы, Сүрөт ээси: Dinodia Photos/Alamy
Наланда университетинин археологиялык калдыктары азыркы тапта ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. 1190-жылдары бул университет борбордук азиялык түрктөр менен оогандардын баскынчы кошуунун жетектеген колбашчы Бахтияр Хилжиге (Туулган жылы белгисиз — 1206; теги – оогандык түрктөрдүн калач / халаж элинен) таандык мусулман аскерлер тарабынан талоонго алынып, талкаланган. Колбашчы Хилжи Индиянын түндүгүн жана чыгышын басып алуу аракети учурунда бутпарастардын билим борборун ойрондогусу келген.
Университеттин конушу ушунчалык кең болгондуктан, баскынчылар койгон өрт үч ай бою уланып турган. Азыркы тапта археологдор казууга үлгүргөн 23 гектарлык аянт, сыягы, университеттин баштапкы конушунун кичине гана бөлүгү сыяктанат. Ошол казылган бөлүктөгү көп сандаган кечилканалар менен ыбаадатканалардын калдыктары бул жомоктогудай жайда кандай гана билимдер окутулду болду экен? деген өзгөчө дилгирлик сезимди туудурат.
Мен кечилканалардын кире бериштерин жана бастырмаларын, ыбаадатканалардын сыйынуу бөлмөлөрүн кыдырып чыктым. Бийик, кызыл кирпич дубалдары бар далистеден ичке сүңгүгөн соң, кечилкананын ички короосуна жеттим. Оюктуу, тик бурчтуу мейкиндиктин үстүнөн таш пайдубал басып тургандай таасир калтырды.
"Бул – мурда 300 студентке ылайыкташкан дарскана болчу. Ал эми таш пайдубал – окутуучунун сереси болчу", – деди урандыларды аралап көрсөткөн жергиликтүү гид Камла Сингх.
Алыскы Ооганстандан бери келгени жоромолдонгон ар кыл студенттер жашаган короодо сапка тизилгендей чакан бөлмөлөрдүн бирине башпактым. Бири-бирине карама-каршы жайгашкан дублдардагы эки оюк май чырактарды жана жеке буюмдарды сактоо үчүн арналган экен. Сингхтин айтымында, бөлмөнүн кире беришинин жанындагы кичинекей, чарчы шекилдеги оюк ар бир студенттин жеке кат кутусу катары кызмат кылган.
Азыркы элиталык университеттер сыяктуу эле, бул окуу жайга өтүү кыйын болгон. Келген болочокку студенттер Наланданын эң мыкты профессорлору менен катаал түрдө оозеки баарлашууга тийиш болчу. Окууга өтүү бактысына ээ болгондор Индиянын булуң-бурчтарынан келген профессорлордун эклектикалык тобунан сабак алып, Дхармапала жана Силабхадра сыяктуу ошол доордун эң даңазалуу бутпарас устаттарынын кол алдында чогуу иш жүргүзүшкөн.
Китепкананын тогуз миллион сандагы пальма жалбырактарынын бетине жазылган кол жазмалары дүйнөдөгү бутпарастык ой мурастын эң бай кампасы болгон. Тибеттик бутпарас окумуштуу Таранатха университеттин китепканалык үч имаратынын бирин тогуз кабаттуу, "булуттарга чейин бийик көтөрүлгөн" имарат катары сүрөттөгөн.
Ошол пальма жалбырактарынын бетине жазылган жана түстүү боёлгон жыгач мукабалары бар кол жазмалардын бир ууч гана бөлүгү өрттөн сакталып калган. Баскынчылардан качкан кечилдер бул мурасты өздөрү менен ала кетишкен. Бул бутпарастык кол жазмаларды азыркы тапта АКШдагы Лос-Анжелес чөлкөмдүк көркөм өнөр музейинен жана КЭРдин Тибет аймагындагы Ярлунг музейинен табууга болот.
![Далай Ламанын айтканы бар: "Биз ээ болгон бардык [бутпарастык] билимдердин булагы Наландадан келген".](https://ichef.bbci.co.uk/ace/ws/640/cpsprodpb/24c4/live/dcb5aa20-b652-11ed-89f4-f3657d2bfa3b.jpg.webp)
Сүрөттүн булагы, Сүрөт ээси: REY Pictures/Alamy
Атактуу кытайлык бутпарас кечил жана саякатчы Сюан Цзан Наланда университетинде окуп, өзү да дарс берген. 645-жылы Кытайга кайтып келгенде, ал Наландадан Кытайга 657 бутпарас жазмасы камтылган чоң араба жүк ала келген.
Сюань Цзан андан ары дүйнөдөгү эң таасирдүү бутпарас окумуштуулардын бири болуп калган. Ал өзү ала келген томдордун бир бөлүгүн кытай (ханзу) тилине которгон. Өзү да илимий эмгек жазган жана ал эмгектин өзөккү мааниси – жалпы дүйнө жүзү тек гана акыл-эстин өкүлчүлүгү болуп саналат, деген ой болгон.
Анын жапон тектүү шакирти Дошо бул окууну кийинчерээк Жапонияга жайылтат. Тарыхта Сюан Цзанды "Чыгышка бутпарастыкты алып келген кечил" деп баалап келишет.
Наланда университети ойрон кылынгандан кийин сегиз кылымдан ашык убакыт өткөн соң, кээ бир окумуштуулар колбашчы Хилжи жана анын мусулман жоокерлери бул университеттин окуулары исламдын жоболору менен атаандашаарын сезгендиктен, бул окуу жайды кыйратышкан, деген кеңири тараган теорияга каршы чыгышты.
Бутпарас динин түп-тамыры менен жок кылуу – баскынчыл кол салуунун кыймылдаткыч күчү болушу мүмкүн болсо да, Индиянын алгачкы археологдорунун бири Хасмукх Дхиражлал Санкалия (1908–1989) өзүнүн 1934-жылы чыккан Наланда университети тууралуу китебинде университет конушунун чепке окшош көрүнүшү жана анда катылган зор байлык жөнүндөгү айың кептер талоончул кол салуу үчүн жетиштүү себеп болгонун баса белгилеп жазган.

Сүрөттүн булагы, Сүрөт ээси: Sugato Mukherjee
"Ооба, университетке баскынчылыктын так себебин айтуу кыйын", – дейт Наландадагы ачык асман алдындагы музейдин директору Шанкар Шарма.
Бул жайды археологиялык казуулар учурунда 13 000ден ашуун байыркы эстелик өрнөктөрү табылган. Алардын ичинен 350 артефакт музейде экспонат катары көрсөтүлүүдө. Алардын арасында чопо бедиздер, Будданын коло айкелдери, пил сөөгүнөн, башка сөөктөн жасалган сөлөкөттөр ж.б. бар.
"Бирок бул Наланда университетине каршы жасалган биринчи чабуул эмес болчу", – деди Шарма. Ал бул сөзүн биз урандыларды аралап жүргөнүбүздө айтты.
Шарманын маалыматына караганда, б.з. V кылымда хундар да кол салышкан, андан соң VIII кылымда Бенгал падышасы Гауда жортуул жасап, кыйра бүлгүн кылган эле.
Бирок бул эки жортуулдан кийин деле Наланда университети кайра калыбына келтирилген.
"Колбашчы Хилжи бул ыйык билим жайына жортуул жасап, каратып алган маалда Индияда бутпарас дини жалпы төмөндөө абалында болчу, – деди Шарма. – Ички жиктелүүнүн күчөшүн жана б.з. VIII кылымынан бери бул университетти колдоп келген бутпарастык Пала сулалесинин (династиясынын) алсырашын эске алсак, үчүнчү жолку жортуул – Наланда университетинин тагдырын биротоло кыйган өлүм соккусу болуп калды".

Сүрөттүн булагы, Сүрөт ээси: Sugato Mukherjee
Кийинки алты кылымдын ичинде Наланда 1812-жылы шотландиялык изилдөөчү Фрэнсис Бьюкенен-Гамилтон тарабынан "ачылып", кийинчерээк, 1861-жылы сэр Александр Каннингэм тарабынан байыркы Наланда университетинин урандылары катары аныкталганга чейин, акырындык менен унутулуп, жаңы кыртышка көмүлгөн бойдон калып келди.
(Борбордук Азиядан чыккан атактуу математик окумуштуу, классикалык алгебраны негиздөөчү Мухаммед ибн Муса Хорезми ( 780 – 850) индиялык математик Арйабхатанын ондук эсеп системасы жаатындагы ачылышын жалпы “мусулмандык алтын доордогу” өлкөлөргө арап тилинде жайылткан. 825-жылы ал арап тилинде “Китаб ал-жабр ва-л-мукабала” (“Кошуу жана алуу тууралуу китеп”) деген илимий эмгегин жазган.
Хорезми “нөлдү” арапча “ас-сыфр”, б.а. “жок”, “эчтеке” деп атаган, бул сөздөн улам европалыктарда “цифра” сөзү келип чыккан.
Хорезминин чыгармасы “Чырымдуулар жортуулу” доорунда, XII кылымдын биринчи жарымында латынчага которулуп, “Algoritmi de numero Indorum” (“Индиялык эсеп тууралуу алгоритмдер”) деген наам менен Батыш жана Борбордук Европада кеңири белгилүү болгон. Бул эмгектин так аталышы “Ал-Хорезми индиялык ондук эсептөө системасы тууралуу” делип аңдалышы керек. Анын эмгегин пайдаланган Лейбниц “алгоритм” терминин европалык латын тилдүү илимге киргизген.
Хорезминин эмгегинин котормосунун аркасында, дүйнөдө “арап сандары”, “алгебра”, “алгоритм” аттуу түшүнүктөр пайда болгон. Иш жүзүндө, ондук эсептөө системасы – индиялык ачылыш.
Айтмакчы, айрым бутпарас эмгектери Чыгыш Теңир-Тоодо жана Дунхуанда чыгыш түрк тилдерине да которулган. Бул аймактагы бир кыргыз төбөлүнүн буйругу менен бутпарас кол жазмасы башка нускага көчүрүлгөндүгү тууралуу да маалымат айтылат. Азыркы тапта Кытайдын ШУАРына кирген Тарбагатайдагы чакан кыргыз тобу бутпарас дининин ламаизм жолун алигиче тутат. – Котормочу). (TT)































