“Сулуулук же сексуалдык моокумду кандыруу эмес...” Көп аялдуулук кайрадан талкууда
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, screenshot
Социалдык тармактарда "той ээси эки аялы менен бирге той өткөрүп жатат" делген видео кызуу талкуунун чордонунда. Окуя, 30-октябрь күнү Бишкектеги тойканалардын биринде болгон. Алгач тамада жарыялаган кыска видеодо, Бакыт аттуу той ээсине тамада эки жубайыңызга торттон бериңиз деп айтып жатканы тартылган. Видеону тамада Кубанычбек Баркалбасов Instagramm баракчасына жүктөгөн. Көп өтпөй видео көрүнбөй калды. Аккаунттун ээси аны өчүрүп салганы же бөгөттөп койгону так белгисиз.
Коомчулукта "тамада эки аялдуулукту жайылтып жатат" деп жемелегендер четтен чыгат. Би-Би-Си той ээсинен комментарий алууга аракет кылды. Мааракенин уюштуруучулары меймандарга бул тууралуу такыр ооз ачпоо тууралуу "өтүнгөнүн" билдик. ИИМ бул окуя боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек.
Бул окуя боюнча адаттагыдай кайчы пикирлер көп. Анда эки аялдуулуктуу жактагандар да, кескин четке каккандар да болуп жатат. Ошентип кош нике темасы кайрадан козголду. Көп аялдуулук динде уруксат делгени менен мыйзамда тыюу салынган. Бул кылмыш болуп эсептелинет. Бирок, ага карабастан кыргыз коомунда эки же андан көп аял менен жашаган эркектер бар экени эч кимге жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө алардын канчоосуна иш козголуп, жоопко тартылганы боюнча ИИМде азырынча так маалымат жок. Бирок мыйзамга эмес динге таянып, кош никедеги аялдары тууралуу ачык айткандар да жок эмес.
2022-жылы Marva TV телеканалынын “Эмне дейсиз” берүүсүндө жарандык активист Илимбек Исраилов эки аялы бар экенин ачыктап, дагы эки аялды издеп атканын билдирген жайы бар. Бирок буга укук коргоо органдары эч кандай рекакция кылбаган өңдөнөт.
Мыйзам боюнча жарандык абалында никеси бар деп катталгандарга кайрадан каттоо жүргүзүп, нике күбөлүгү берилбейт. Эки же андан көп аял алгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бул чектөө кагаз жүзүндө гана калып калган жокпу деген суроо көтөрүлүп эле келе жатат.
Кош никенин аягы зордук-зомбулукка, калыптанган үй-бүлө институтун кыйратууга жеткирбейби деп кабатыр болгондор бар.
“Адилет” укуктук клиникасынын юристи Кутман Кубатбеков мыйзамдын сакталышына нике кыйып жаткан молдолор дагы түрткү болушу керек деп эсептейт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Биз светтик мамлекетпиз. Бул Конституцияда жазылган. Ислам, христиан же башка диндин эрежелери бизде иштебейт. Эркек киши үйлөнүп жаткан учурда, диний ырым-жырымдар жасалып жатканда, тагырагы нике кыйылып жатканда, молдого башка үй-бүлөсү бар экендигин жашырып коюшу мүмкүн. Менин оюмча, мыйзам бузууга таасир этиш үчүн, муфтият эркектин башка үй-бүлөсү бар жогун талап кыла турчу документти молдолор талап кыла ала тургандай кылып, фатва же атайын эреже иштеп чыкса дейм. Бул диний ырым-жырым жасаган адам тарабынан моралдык жоопкерчиликти дагы пайда кылат”
Ал эми мамлекет тараптан коюлган чектөөлөргө карабастан, катуу жаза берилген учур каттала элек. Ошол себептен мындай көрүнүш токтобой, тескерисинче айрымдар тараптан колдоого алынып жатканын дагы көрүүгө болот. Мунун себебин юристтер, калктын укуктук маданиятынын төмөндүгү менен дагы байланыштырып келишет.
Эгерде мыйзамды билишсе жана ага карата катуу жоопкерчилик бар экенин сезишсе, мындай факторлордун жайылышына салым кошушпайт эле дешет.
Жолдошу көп аял алып, анын кесепетинен жабыркап, кризистик борборлордо күн кечирген аялдар дагы жок эмес. Көп аял алуудан бир тарап гана жабыркайт деп айтууга болбойт. Себеби, Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан кош никеден төрөлгөн балдардын укуктары дагы корголбой, жабыркап калышы толук ыктымал.
Бул тууралуу Оштогу “Ак Жүрөк” кризистик борбордун жетекчиси Дарикан Асилбекова дайыма айтып келет. Ал Би-Би-Сиге коомдогу кайдыгерликтин кесепетинен, көп аялдуулук өтө көбөйүп кеткенин билдирди.
“Мыйзамдын толук түшүнбөгөнүнүн кесепети, элдин арасында “боло берет” деген кайдыгерлик мамиленин кесепетинен ушундай маселелер жаралып жатат. Көп аялдуулук жабык түрдө өтө өнүккөн. Көпчүлүгү ачык айта албайт. Муну мыйзам жагынан жакшылап бышыкташ керек. Муну керек болсо жарнамалабаш керек. Бул аялдардын, балдардын психологиялык абалына өтө терс таасир этет. Мен көргөн практикада, көп аялдуулардын балдарынын биригиши кыйын. Атасы бир болсо дагы, биригиши кыйын”
Акыркы учурларда эки эле эмес, үч-төрт жада калса беш аял алган учурлар көп болуп жатканын гендердик теңчилик боюнча эксперттер, активисттер коңгуроо кагып келишет. Мунун бирден бир себеби, аялдардын материалдык жактан эркекке көз карандылыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Жолдошу көп аял алып, андан укугу бузулуп, психологиялык кыйынчылыкка дуушар болгондор тууралуу көмүскө гана айтылып келет. Ачыкка чыгып, мыйзамдуу укугун коргоодон аялдардын көбү тартынышат.
Эгерде эркектин бага ала турчу шарты болсо, эмнеге болбосун деп эки аялдуулукту жактап, мыйзамдаштырууну жактагандар дагы жок эмес.
Эгерде коом мындай нерсеге көз жуумп, мыйзам иштелбей кала берсе, анда жаш кыздарды турмушка берүү көнүмүш адатка айланып каларын БУУнун “АЯЛДАР” түзүмүнүн адиси Анара Айткурманова билдирди.

Сүрөттүн булагы, social media
“Көп аялдуулукту колдонгон кээ бир коомдордо жаш кыздарды күйөөгө берүү көнүмүш көрүнүш. Көп аял алууну сындагандар бул гендердик теңчиликтин жана адам укуктарынын заманбап стандарттарына туура келбеген баш ийдирүүнүн бир түрү экенин айтышат. Башкалары болсо макулдугун берген чоңдор өнөктөштөрүнүн санына карабастан, алар каалаган адамына турмушка чыгууга уруксат бериши керек деп эсептешет. Бирок бул эки көз карашты айкалыштыруу кыйын жана көп аялдуулуктун никесине байланышкан укуктук жана этикалык маселелер талаштуу бойдон калууда”
Көп аялдуулук кыргыз коомунда эле эмес, Борбор Азия боюнча көбөйүп жатканын дин аалымдары билдирип келишет. Бирок, мунун диндеги милдети жана жоопкерчилиги толук аткарылып жатабы деген суроого так жооп жок. Эгерде көп аялдуулуктун динде жазылгандай тартиби кенен түшүндүрүлсө, азыркыдай жоопкерчиликсиз мамиле болбойт болчу деп эсептейт «Дин, укук, саясат» көз карандысыз, аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов.
“Дин аалымдары көп аялдуулук деген эмне жана анын Кудай алдындагы жоопкерчилигин түшүндүрүп, терең жайылтуу ишин жүргүзүшү керек. Исламда көп аялдуулук бул - сулуу аял эмес, сексуалдуулук каалоону канааттандыруу үчүн дагы эмес. Биринчи орунда социалдык мааниси жогору турат. Бул - жесир же балалуу жесир аялдарды азайтуу, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга үйлөнүү болуп эсептелинет. Бирок, эмнеге алардан баштаса болбосун? Мындайча айтканда көп аялдуулукту түшүндүргөн институтту түптөө”

Сүрөттүн булагы, social media
Маликов, мыйзамды көзөмөлдөгөн айрым бир аткаминерлердин өздөрүндө көп аялдуулук маселеси чыгып жатса, мындай көрүнүштүн жоопкерчилигин талап кылуу да кыйын болорун кошумчалады.
Көп аялдуулуктун түпкү маселеси - аң-сезим, маданияттуулук жана билимдин төмөндүгү менен байланыштырып келишет. Ошол эле учурда бул адам укугун тебелөө, басмырлоо экенин укук коргоочулар тынымсыз коңгуроо кагып турушат.
Өткөн жылы БУУ менен Евробиримдик көп аялдуулуктун кесепети жана мыйзамдагы жоопкерчилиги тууралуу маалымат өнөктүгүн жүргүзгөн. Интернет аркылуу аялдардын жана балдардын мыйзамдагы укуктары тууралуу тынымсыз маалымат таркатылган. Ошондой эле мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдарда дагы көп аялдуулук боюнча бир дагы статистика жок.
Кыргызстанда бир эле расмий никеге уруксат берилет. Андан ашса эки жылга чейин абактагы жаза мөөнөт, 100 миң сомго чейин айып пул же коомдогу чарба жумуштарына тартылары жазылган.



























