Газадагы абалдан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бизге таза суу керек, тамак-аш керек, ачка отурабыз. Бул жеткен адилетсиздик. Балдарыбыз ачкалыгынан, чаңкап суусаганына уктай албай жатышат. Биз аларга суу менен тамак – аш алып барышыбыз керек",- дейт Газанын ичинде жер которгон Ум Самер аль-Аттар.
Газадагы эл БУУнун жардам кампаларына кирүүгө аргасыз болууда.
Мындай окуянын бири ишемби күнү Дейр аль-Балах борборунда болгон.
Ал жерде Египеттен келген гумжардам сакталат жана ал Газанын борборунда жайгашкан.
БУУ буудай жана гигиеналык каражаттар алынганын билдирди.
Тышкы дүйнө менен байланыш үзүлгөндүктөн эл дүрбөлөңгө түшкөнү айтылат.
"Бизде ун, суу, жадакалса ажаткана да жок. Эч кандай жардам жок. Үйлөрүбүз талкаланган. Бизди эч ким ойлобойт. Биз дүйнө элине кайрылабыз. Бардык эл аралык күчтөр бизге каршы. Бизге жардам керек болчу, эгер муктаж болбосок мындай кылмак эмеспиз",- деди Абдулрахман аль-Килани.
Видеосун төмөнкү шилтемеден көрүңүз
Бул БУУ кампасы бошогондон кийин..
ХАМАСтын чабуулунан бери жардам да азайган.
7-октябрга чейин Газага күнүнө гумжардам ташыган 500 унаа кирип турган.
Акыркы бир нече күндө чек арадан 110дон ашык жүк ташуучу унаа өттү.
Газа тилкесинде 2,4 миллион адам жашайт.
Израил аймакты тынымсыз бомбалап жана аткылап келди.
Израил ошондой эле түндүктө жашагандарды түштүккө көчүүгө чакырды.
Акыр-аягы, ушул абалга келип такалды. Адамдар айласыз, ачка.
"Газа азык-түлүк, суу тартыштыгы менен бирге негизги күнүмдүк каражаттардын жетишсиздигин баштан кечирип жатат. Бул абдан оор, курч кырдаал",- деди БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Абеер Этефа.
Буга чейинки окуялардын айрымдарынын тизмеги
Израил ХАМАСтын согушчан тобун жок кылып жатканын айтууда.
БУУ гуманитардык негизде ок атышууну токтотууга чакырып келет.































