Бөйрөктөрдү уурдап кесип алып, сатып жүрүшкөн. Пакистандагы үрөй учурган кылмыш

Сүрөттүн бул темага тиешеси жок
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттүн бул темага тиешеси жок
Published

Пакистанда адамдардын бөйрөгүн кээде өздөрүнө билгизбей туруп кесип алган кылмыштуу тармактын бети ачылды. Сегиз киши, анын ичинде бир дарыгер камакка алынды. Алар адамдардын бөйрөгүн бай кардарларга трансплантация кылуу үчүн мыйзамсыз кесип алышкан. Бийликтердин айтымында айрым донорлор андай операцияга макулдук беришкен эмес.

Пакистандын Пенджаб провинциясынын өкмөтүнүн башчысы Мохсин Накви жекшемби күнкү маалымат жыйынында доктор Фавад Мухтар бөйрөктү алып салуу операцияларын үйдө, көбүнчө донор-бейтаптардын макулдугусуз жасаганын айтты.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Наквинин айтымында, дарыгерге кесиби боюнча автомеханик операциялар учурунда ассистент катары жардам берген; ал ошондой эле ооруканадагы бейтаптарды операцияга тартууга көмөктөшкөн.

Ошентип, алар кеминде 328 операция жасашып, анын кесепетинен кеминде үч донор каза болгон.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, камакка алынгандар чет элдик бейтаптарга бөйрөктөрдү 10 миллион рупийге (120 миң доллар) жана пакистандык бейтаптарга үч миллион рупийге сатышкан.

Сүрөттүн бул темага тиешеси жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттүн бул темага тиешеси жок

Мохсин Накви доктор Мухтар буга чейин беш жолу камакка алынганын, бирок ар жолкусунда ал коррупционер полиция кызматкерлеринин жардамы менен бошотулганын айтты.

Кылмыштуу топ негизинен 13 миллион калкы бар Лахор шаарында, борбор шаар Исламабадга жакын Таксила шаарында, жана ошондой эле Кашмирдин Пакистан бөлүгүндө иш алып барган.

“Чындыгында мыйзамсыз операциялык бөлмөлөр жана трансплантация жасагандар дагы да көп. Булар биз аныктап билгендер гана”, - деди Накви.

Пакистанда 2010-жылы адам органдарын сатууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Донорлор өздөрү, дарыгерлер жана ортомчулар тарабынан органдарды чет өлкөгө массалык түрдө сатууну токтотууга үмүттөнүп, бийлик бул үчүн катаал жазаларды: он жылга чейин эркинен ажыратуу жана ири айыптарды киргизген.

Бирок андан майнап чыккан эмес: калкы жарды жана укук коргоо органдары коррупциялашкан Пакистанда орган соодасы дагы эле гүлдөп жатат.

Январь айында Пенджаб полициясы жашыруун операция бөлмөсүн таап, орган сатуучу топту жок кылган. Ал жерде дайынсыз жоголгон, бир бөйрөгү алынган 14 жаштагы бала табылган.