Нью-Йорктогу теракттын курмандыктары таанылды, Түркиядан вакцина келет

Published

Дүйнөлүк соода борборундагы теракттын эки курмандыгы ким экени такталды

Нью-Йорктун башкы соттук медициналык экспертиза башкармалыгы 2001-жылы 11-сентябрда Дүйнөлүк соода борборунда болгон теракттын эки курмандыгынын ким экенин тактап тааныды.

“Дороти Морган - Хемпстедден (Нью-Йорк) 1646-курмандык, эркек киши - аты үй-бүлөсүнүн өтүнүчү менен айтылбайт,  1647- курмандык”,-деп айтылат кабарда.

Бул 2019-жылдын октябрынан кийинки биринчи тактоолор болду. Азыркы убакта Дүйнөлүк соода борборундагы теракттын 2753 курмандыгынын 1106 (40%) ким экени тактап таанылган.

Өткөн аптада президент Байден 2001-жылы 11-сентябрда болгон терактка тийиштүү өкмөттүк документтерди ачыкка чыгарууга уруксат берген жарлык чыгарды. (KC)

Түркия COVID-19га каршы 150 миң доза вакцина берет

Түркия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде коронавируска каршы 150 миң доза Sinovac вакцинасын берет.

Бул туурасында кечээ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуусунда билдирди.

Кечээ,7-сентябрда, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын жолугушуусу болуп өткөн.

Анда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасын башкаруу боюнча маселелерди талкуулашкан.

Алымкадыр Бейшеналиев түрк өкмөтү буга чейин дагы COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө, ошондой эле жарандарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чоң колдоо көрсөтүп келгенин белгилеп, ыраазычылык билдирди. (MD)

Чек ара кызматы Пакистандан келген жарандар санын тактады

1-5-сентябрда Кыргызстанга 537 пакистан жараны келип, ага чейин өлкөдө жүргөн 1 миң 596 пакистандыктар чыгып кетти. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитет жыйынында Чек ара кызматынын өкүлү Нурланбек Жалбиев билдирди.

УКМК алдындагы Чек ара кызматы пакистан жарандары Кыргызстанга транзит аркылуу келип жатканын, аларда туристтик виза бар экенин тактады.

Сентябрдын аягында аларга берилген туристтик виза мөөнөтү аяктап, алардын саны дагы кыйла азаяры күтүлүүдө.

Бирикке араб эмираттары Пакистан, Бангладеш жана Малайзиядан тикелей учууларга чектөө киргизип, бул өлкө жарандары ал жакка учуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдү транзит кылууга аргасыз экени айтылууда. (EK)