Казакстандын эле көзүн карабасак... Жүк ташуучулардын жүрөк өйүткөн маселеси

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу ууналардын тыгыны азая баштады. Бул казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасынан кийинки көрүнүш.

Соңку жылдары аталган жайларда мындай тыгындардын кайталанышы кадыресе көрүнүш болуп калды. Маселени өкмөт башчылары эле эмес, президенттер талкуулаган учурлар болгон. Ошентсе да маселенин түйүнү чечилбей келди. Кийин ЕАЭБ алкагында дагы жөнгө салуу далалаттары болду, андан да бир жаңсыл майнап чыккан жок. Арга кеткенде кыргызстандык айдоочулар сунуш менен чыгышкан.

Казакстан аркылуу жүк ташуудагы түйшүк 2017-жылдан бери күч алды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан аркылуу жүк ташуудагы түйшүк 2017-жылдан бери күч алды

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындан тажаган кыргызстандык айдоочулар кыргыз бийлигинен Казакстанды кыйгап өтө турган башка маршрутту жөндөп берүүнү өтүнүп жатышат.

Транспорт министрлиги айдоочулардан мындай сунуш түшкөнүн Би-Би-Сиге ырастады.

“Чыдамыбыз кетип баратат”

Кезекте турган айдоочулар саналуу эле күн мурун "тыгын күчөгөн маалда суткасына 4-5 гана унаа өткөрүлдү, кыймыл жокко эсе" деп катуу кейишкен эле. “Сапарман” айдоочулар бирикмесинин төрагасы Максат Дүйшеев кесиптештери менен Транспорт министрлигине жолдогон сунушун чечмелеп берди:

“Азыр эми Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы мамиле саясатташып бара жатат. Биз товар ташып жаткан жол негизи Уулу Жибек жолу. Канча кылымдардан бери келе жаткан ошол багытты жаап салуу туура эмес. 2016-жылдан бери эле казак тарап бизди ушинтип коркутуп келчү болду. Транспорт министрлиги альтернативдүү жолдорду караса, Өзбекстан, Түркмөнстанга, андан ары Каспий аркылуу паромдор менен ташуу жагын караштырса. Ушундай документ бар, сунуштаганбыз, үч жылдан бери эле толуктап бүтүшпөйт. Казак бир туугандар кечке эле ушинте берсе биздин деле чыдам кетет да”.

Өткөрмө бекеттердеги абал айдоочулардын эле эмес, кыргыз өкмөтүнүн дагы чыдамын кетирип жатканы талашсыз.

25-августта министр Арзыбек Кожошев башында турган ЕЭКтин жумушчу тобу Кыргызстандын чек арасындагы абал менен таанышкан соң Казакстанга бармак. Бирок казак чек арачылары "буйрук берилбеди" деген жүйө менен жумушчу топко уруксат берген эмес.

29-августта ЕАКтин кезектеги жыйыны өтөт. Анда кыргыз-чек арасындагы соңку жагдай да талкууланары күтүлүп жатат. Бирок буга чейин эле казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшырып, бүгүнкү күнгө абал турукташып жатат.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев

Сүрөттүн булагы, Павел Михеев / Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казак президенти Касым-Жомарт Токаев

“Мамлекет башчы өкмөткө казак-кыргыз чек арасындагы бекеттердеги кырдаалды биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин негизинде жөнгө салууну тапшырды. Ошондой эле, чек арадан мыйзамсыз товар ташууну болтурбоо үчүн санариптештирүүнү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин белгиледи”, - деп айтылат Акорда тараткан маалыматта.

28-августтагы маалыматка каргаанда, “Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 140тай машина кезек күтүп турат.

Чек ара кызматынын билдиришинче, 27-августта бул бекеттен 292 машина Казакстанды көздөй өтүп кеткен. Калган "Чалдыбар", "Кең-Булуң", "Чоң-Капка" бекеттеринде 28-августка карата кезек күткөн машиналар жок.

ЕЭАБ чамасы, Казакстандын кысымы

Соңку жылдары Казакстандын бажычалары чек арада улам эле тыгын жаратып, товарларды ташып өтүүдө документтерди туура эмес толтурат деп кыргызстандык айдоочуларды көз боёмочулукка айыптап келет. Кыргызстандык ишкерлер болсо казак тарапты ашкере бюрократия үчүн айыптап, миллиондогон сом чыгым тартып жаткандарына ыза.

Эксперттер ЕАЭБ бул маселени чечүүдө жөндөмсүз болуп жатканын, экономикалык маселе саясатташып, чиеленишип бара жатканын эскертип да жатышат.

“Чындыгын айтканда чек арадагы тыгындар эки өлкө ортосундагы эле маселелерге айланып калды. ЕАЭБ экинчи эле планда калгандай. Бул уюмдун келишимдери, документтери кырдаалды жөнгө салуучу инструмент боло албай жатат. Бул кыргыз-казак саясий маселесине эле айланып, эки тараптуу дооматтардын маселеси болуп калды”, - дейт экономист Кубан Чороев.

Кубан Чороев, экономист

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубан Чороев, экономист

Постсоветтик мейкиндикте Евробиримдиктин аналогу катары негизделген бул экономикалык интеграция 2015-жылы түптөлгөн.

Анда биримдикке кошулууну сүрөгөндөр Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна эми тоскоолдуксуз ташый аларын айтышкан эле.

2017-жылы Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоонун негизги талапкеринин бири Өмүрбек Бабановду казак президенти Нурсултан Назарабаев кабыл алып, буга ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев катуу териккен. Мындан улам казак президентинин дарегине сындар айтылып, анын жыйынтыгында кыргызстандык айдоочулар биринчи жолу чек арада ашыкча текшерүүлөргө дуушар болушкан.

“Хоргостон” улам чыккан кызыкчылык

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Чек арадагы соңку тыгын Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам казак тарапка сууну коё берүү чектелгенден кийин орун алып отурат. Кыргызстандагы көпчүлүк чек арадагы тыгынды ушул жагдайга да байланыштырып жатышат.

Бирок “Сапарман” айдоочулар бирикмесинин жетекчиси Максат Дүйшеевдин пикиринде, бул жерде Казакстандын экономикалык эле кызыкчылыгы болуп жатат дейт:

“Казак тарап Хоргостон жүк өтпөй, Эркечтам менен Торугарттан көбүрөөк жүк өтүп калса эле ушинтип баштайт, бир сууга шылтайт, бир бомба текшерип атабыз дейт, террористтик иш-аракеттерге текшерүү дешип айтор кур шылтоолорду эле айтып келишет. Хоргос долбооруна казак бийлигинде отурган адамдар да бар. Бул жерде Кытайдан жүк ташууда кызганыч эле мамиле болуп атат. Мисалы, жүк ташуунун көлөмүн алалы, Хоргостон күнүнө 30 машина өтсө, бизден 100 машине өтүшү мүмкүн. Ошондуктан булар жүктү оодарып кетели деп атышат. Себеби, бизден чыккан жүк түз Россия жана Европа жактарга кетет. Соодагерлерге ылдамдык маанилүү, ошол ылдамдыктан биздин айдоочуларды чектеп койсо, казактарга ошол эле товарларды Хоргос аркылуу ташыганга мүмкүнчүлүк болгону жатпайбы. Бул жерде ошол эле бизнес кызыкчылык”.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кызматташтык, достук тууралуу бир канча келишим бар. Ал эми ЕАЭБдин эрежесине ылайык, аймакта товар эркин жүгүртүлүш керек.

Кыргызстан буга чейин чек арадагы блокада боюнча арызданып, Дүйнөлүк соода уюумуна да кайрылган. Бирок Казакстан унаадагы товар менен декларациясындагы товар дал келсе, эч кандай дооматсыз унааларды өткөрүп жатабыз деп жүйөө келтирип, кайра Кыргызстанга доомат келтирген.