Миңдеген пейжер жарылды. Бул Хезболлага чабуулбу?

Сүрөттүн булагы, Houssam Shbaro/Anadolu
Ливанда куралдуу “Хезболла” тобунун мүчөлөрү колдонгон пейжерлердин 17-сентябрдагы удаа-удаа жарылуусунан кеминде 12 адам каза болуп, үч миңден ашуун киши жаракат алды. “Хезболла” бул окуяны коопсуздук кызматтарынын соңку мезгилдеги эң ири катасы деп атап, Израилди айыптады. Кантип мындай окуя болуп кетти?
Би-Би-Си негизги версиялар тууралуу айтып берет.
Эмне болуп кетти?
17-сентябрда Ливанда “Хезболла” тобунун мүчөлөрү байланыш үчүн колдонгон пейжерлер жарылды.
Жарылуулар Бейруттун түштүк бөлүгүндө, “Хезболланын” чеби катары саналган аймакта жана өлкөнүн башка жерлеринде да болду. Сирияда дагы бир нече пейжер жарылганы аныкталды.
Reuters агенттиги жарылуулар жарым сааттан ашык убакытка созулганын билдирген.
Маалыматка караганда, кеминде 12 киши, анын ичинде “Хезболла” мүчөсүнүн 10 жаштагы кызы набыт болду.
Миңдеган адам, анын ичинде Ирандын Ливандагы элчиси да жаракат алды.
Ливандын коопсуздук кызматтарындагы булактар Би-Би-Сиге билдиргендей, “Хезболла” байланыш үчүн колдонгон пейжерлерди Израилдин атайын кызматы бузган болушу мүмкүн.
Би-Би-Си эксперттеринин баамында, жарылган пейжерлердин бир пайыздан азыраагы гана өлүмгө алып келген, бирок жүздөгөн адамдар оор жаракат алган жана бул окуя “Хезболлага” чоң психологиялык сокку болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жарылуулардын артында ким турушу мүмкүн?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Хезболла” пейжерлердин жарылуусу боюнча Израилди айыптап, ага “катуу жаза” менен жооп берээрин эскертти. Израил болсо бул окуяга комментарий бере элек.
Reuters агенттиги Ливандын коопсуздук кызматындагы жогорку даражалуу булагына таянып билдиргендей, бир нече ай мурун Ливанга “Хезболла” алып кирген 5 миң пейжерге жарылуучу заттары Израилдин “Моссад” чалгын кызматы орноткон.
“Моссад” жардыргыч затты пейжердин ичине орнотуп, ага код койгон. Аны кандайдыр бир аппарат же сканер менен аныктоо дагы өтө кыйын”,- деп айткан булак Reuters агенттигине.
“Хезболла” тобуна жакын булак атын атабоону суранып, жарылган пейжерлер “Хезболла” жакында алып кирген 1000 жабдыктан турган партияга таандык экенин AFP агенттигине айткан.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Ливан коопсуздук кызматтарынын жогорку даражалуу булагы пейжердин сүрөтү аркылуу алар AP924 деген моделдеги пейжер экенин аныктаган.
Алар башка пейжерлер сыяктуу эле тексттик билдирүүлөрдү кабыл алып, көрсөтөт, бирок телефон чалуулар үчүн колдонулбайт. Булактын айтымында, бул пейжерлерди тайвандык Gold Apollo компаниясы чыгарган.
Бирок тайвандык фирманын билдирүүсүндө жардыруу үчүн колдонулган пейжерлерди Будапешттеги BAC Consulting компаниясы чыгарганы айтылат, алар Gold Apollo брендин колдонууга лицензия алганын айтты.
“Бул продукция биздики эмес. Биздин бренд гана колдонулган”,- деп билдирди Gold Apollo компаниясынын негиздөөчүсү жана президенти Хсу Чинг-Куанг шаршемби күнү Тайвандын Жаңы Тайбэй шаарындагы компаниянын кеңсесинде журналисттерге маалымат берип жатып.
Коопсуздук кызматындагы башка булактын айтымында, жаңы пейжерлерге үч граммга чейин жардыргыч зат орнотулган, аны “Хезболла” бир нече ай бою байкабай жүргөн.
Борбордук чалгын кызматынын мурдагы аналитиги Майк Димино Израилдин чалгын кызматы “Хезболланын” байланыш жабдыктарын ким камсыздаарын жана кайсы түрлөрүн колдонорун алдын ала аныктаган деп эсептейт.
“Классикалык диверсиялык операция болду. Бул чалгын кызматынын эң мыкты иши”,- деп жазды Майк Димино өзүнүн X (мурунку Twitter) баракчасына.
Sky News Arabia телеканалы булактарына шилтеме берип, бул байланыш жабдыктары Батыш өлкөлөрү жана Израил террористтик уюм деп эсептеген “Хезболлага” чейин эле “Моссад” чалгын кызматынын колунан өткөн деп маалымдады.
Жарылуучу заттар кантип реакцияга кириши мүмкүн?
Sky News Arabia телеканалы шилтеме берген булактын айтымында, "Моссад" агенттери пейжерлердин батареяларына PETN (пентаэритриттетранитрат) деген күчтүү жарылуучу затты катып, аралыктан эле батарейкалардын температурасын жогорулатып таасир берген. Ысыган соң алар жарылган.
Wall Street Journal басылмасына топтун өкүлү маалымат берип, айрым адамдар жарылуудан мурун пейжерлердин ысып кеткенин байкашканын айткан.
Өтө ысып кеткен литий-иондук батарейкалар күйүп кетиши мүмкүн, бирок адистердин айтымында, пейджерлер бузулуп, ысып кеткенде, алар адатта мындай катуу жарылбайт.
BBCнин коопсуздук боюнча корреспонденти Фрэнк Гарднер британ армиясынын мурдагы кызматкерине шилтеме берип, пейжерлерде 10 граммдан 20 граммга чейин өтө күчтүү аскердик жарылуучу зат болушу мүмкүн экенин маалымдады.
Жардыргыч зат жасалма электрондук бөлүккө катылган болушу мүмкүн. Андан соң ал атайын алфавиттик-сандык билдирүү аркылуу иштеши керек болчу. Пейжерди колдонгон биринчи адам аны активдештирип, анан жарылган деп жоромолдоду эксперт.
Атлантикалык кеңештин курал боюнча эксперти Алекс Плицас да пейджерлерде өтө көп эмес жардыруучу зат болгон деп эсептейт.
“Литий-иондук батарейканын күйүп кеткени ал башка нерсе, бирок мен анын мынчалык жарылганын көргөн эмесмин. Бул кичинекей жарылуучу затка окшоп жатат”, - деди Плицас.
“Кызмат өтөп жүргөндө көптөгөн программалар жана операциялар менен иштедим, бирок бүгүн диверсия дүйнөсүндө жаңы нерсе болду”, - деп жазган Плицас X баракчасына.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Литий-иондук батареялардын коопсуздугу боюнча Ньюкасл университетинин эксперти Пол Кристенсен буга чейин пейжерлердин жарылуусунан келтирилген зыян мынчалык деңгээлде болбогонун айтууда.
“Биз салыштырмалуу кичинекей эле батареянын жарылганын айтып жатабыз. Сөз өлүмгө алып келген жардыруу жөнүндө болуп жаткан жок. Мен көбүрөөк билишим керек (...), бирок менин интуициям мага бул мүмкүн эмес экенин айтып жатат”, - деп жазды Times of Israel Кристенсендин айткандарын.
Жардыргыч заттар боюнча эксперттердин айтымында, жарылбай калган бир нече пейжер табылып, тергөө алкагында текшерилип жатат жана ага кеминде алты өлкө катышуусу мүмкүн.
Дүйнө кандай кабыл алды?
Ливан премьер-министри Нажиб Микати бул Ливандын эгемендигин олуттуу бузуу жана бардык стандарттар боюнча кылмыш экенин айтып, жардыруу боюнча Израилди айыптады.
Тегеран Израилдин аракеттерин террордук акт жана массалык адам өлтүрүүнүн үлгүсү деп атады.
Израилдин эң жакын өнөктөшү АКШ Иранды чыңалууну күчөтпөөгө чакырып, Кошмо Штаттарынын болгон окуяга эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.
“Болгон окуяга АКШнын тиешеси жок. Америка Кошмо Штаттары бул окуя тууралуу алдын ала билген эмес, бирок биз учурда маалымат чогултуп жатабыз”, - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер шейшемби күнү пресс-брифингде.
Евробиримдиктин дипломатиялык жетекичи Жозеп Боррел кол салууну Ливандын коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө коркунуч келтирүү жана аймактагы эскалация коркунучун күчөтүү катары баалады.
"Бул чабуулдар конкреттүү бутага багытталгандай көрүнсө дагы, карапайым калктын, анын ичинде балдар арасында оор жоготууларга алып келди" деди Боррелл.
Ал аёсуз согуш бүтүндөй аймакка жана анын чегинен тышкаркы дагы оор кесепетин тийгизе турганын айтып, Евробиримдик аны токтотууну каалайт деди.
БУУнун өкүлү Ливандагы акыркы окуялар “өтө кооптонууну жаратып, айрыкча өзгөчө туруксуздук шартында болуп жатканын” билдирди.
Бул Израил жана “Хезболла” үчүн эмнени билдирет?
Израил мындай ири операцияны “Хезболланын” мизин кайтаруу жана түндүккө эвакуацияланган израилдик жарандарды өздөрүн коопсуз сезүүгө ынандыруу үчүн жасаган болушу мүмкүн”,- деп эсептейт араб эксперти Мурад Шишани.
“Эгерде “Хезболла” жооп кайтарып, чабуулдарын күчөтсө бул толугу менен тескери натыйжаларга алып келиши мүмкүн”.
Эгерде пейжерлердин жарылууларына Израилдин тиешеси бар болсо, бул “Хезболланы” жана анын жетекчилигин оор кесепеттерге алып келет деп жазган Австралиянын отставкадагы генерал-майору Мик Райан.
“Израилдиктер “Хезболланын” байланыш жана аны жеткирүү түйүндөрүнө кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтүштү.
Бул “Хезболланын” ар бир мүчөсүн уюм жеткирген байланыш жана башка жабдууларга ишенүү керекпи же жокпу деген суроонун үстүнөн кайра ойлонууга түрттү”, - деп жазат Райан.
“Жалпысынан алганда, израилдиктер “Хезболлага” багытталган жабдыктарга колу жетип, аларды жасалмалоого кудурети бар экенин көрсөттү. Дагы эмне жасалмалады”?
Би-Би-Синин эл аралык редактору Жереми Боуэндин айтымында, чабуул “Хезболланы” аз убакытка таң калтырганы менен топ бат эле күчүн жыйнап, башка байланыш ыкмаларын табат. Ливан – кичинекей өлкө, жана билдирүүлөрдү кол менен жеткирүү оңой”.
Мындан тышкары, Al Monitor берген отчетко ылайык, пландалган чабуул мөөнөтүндө жүргүзүлгөн эмес. Пейжерлердин жарылуулары чоң эскалациянын биринчи кадамы болушу керек болчу, бирок “Хезболла” шек туудура баштагандыктан, Израил операцияны мөөнөтүнөн мурда баштоого аргасыз болгон.
Израилдиктер “Хезболланын” байланыш түйүнүн бузуп кире аларын көрсөткөнү менен, бул операция регионду кеңири масштабдуу согуштан бир кадам да алыстатпайт, тескерисинче, аны жакындатат”, – деп жыйынтыктаган Боуэн. (VO)































