"Кол жоолуктай кызмат". Билим берүүдөгү реформалардын тагдыры
"Кол жоолуктай кызмат". Билим берүүдөгү реформалардын тагдыры
Кубатбек Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстанда алты ай араң иштеген билим берүү министри кызматынан алынды. Анын алдында Бишкекте төрт мектептин директору коррупцияга шектелип камалды. Жаңы окуу жылы башталганда мектептерде окуу китептер тартыш болуп, ата-энелердин нааразылыгы дүрт этти. Мурдагы министрлер да кыска убакыт иштеген. Министрлерди кол жоолуктай тез-тез алмаштыруудан көп жылдан бери быкшыган көйгөйлөр чечилип кетпейт дейт эксперттер.

Сүрөттүн булагы, Facebook
“Анткени ички система ушундай түзүлгөн жана мыйзамдар да ошого жараша кабыл алынган. Азыр машайык министр болуп келсе да эч нерсе өзгөртө албайт. Өзгөртөм десе анда жоболорду кайра карап чыгып, мыйзам аркылуу өзгөртүү киргизет. Ага убакыт керек. Эми билим берүү тармагында ушунча убакта канча министр алмашканын эске алсанар жана алардын канча мезгил министр болуп отурганын эсептесенер эле өзүңөр түшүнөсүңөр - алардын баары таанышуу процессинде жүрүп эле кетишти. Канчалык жетекчи тез алмашкан сайын, оперативка, чыныгы иштер ошончолук кеч иштейт. Анткени, кол коюлмайын иш жүрбөйт. А ким кол коет? Министр. А жаны министр келсе сөзсүз таанышып чыккыча эки ай өтөт. Буга китеп бастыруу иши далил. Анан ошо, отура беребиз ушинтип аңылдап коюп»,-деп жазды "Фейсбукка" Акимжанова Рысгүл.
Билим берүү тармагы көп жылдан бери өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деген арабөк стагнациялык абалдан чыгууга жаңы гана умтулуп, комплекстүү пландар жазылып, демдүү аракеттер башталып жаткан эле. Эми жаңы министр келип түшүнүп, камынганча эле башталган реформалардын деми сууп калбас бекен деген кабатыр маанай турат коомчулукта.
"Каныбек Иманалиев эми бир жыл иштесе болбойт беле? Кызмат кол жоолукпу? Же анын беделин ушинтип түшүрүү керек беле, капырай?"-деп күйөт журналист Аскер Сакыбаева.
"Базарда бар, мектепте жок"
Каныбек Иманалиев министр болуп жарым жыл иштеди. Бул аралыкта аткарылган иштери жөнүндө жаңы окуу жылы башталарда отчет берген эле. Анда негизги кадамдар катары 44 жаңы мектеп курулганы, бала бакчаларды ачууга бюрократиялык тоскоолдуктардын жоюлушу, бакчага тартылган балдардын көбөйүшү, эки миңден ашык мектеп директору окуудан өткөнү, 35 миң мугалим кара даярдоодон өткөнү, мектеп директорлорунун эмгек акысы жогорулаганы, 55 нарк мектептери түзүлгөнү, ЖРТнын орточо көрсөткүчү эки баллга жогорулаганы ж.б айтылган болчу. Улуттук эгемендүү билим берүүнүн жаңы сапаттык баскычына өтүү жолундагы башка толтура пландарын айтып жаткан эле.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ал эми окуу китептерге келсек, Билим берүү министрлиги быйылкы жылы 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор, жумушчу дептерлер даярдалып басылып жатканын билдирүүдө. Бул өткөн окуу жылына караганда он эсе көп. Бирок окуу китептер мектепке жете элек, анткени президент жарлыгы менен окуу китептерди басууга монополиялык укукту алган "Учкун" басмаканасы басып жетише албай жатат. Мектепке китеп жетпей атканда, базарга жеке менчик басмаканалардын кымбат окуу китептери жайнап чыгып кетти. Эмне үчүн китеп базарда бар, мектепте жок деген нааразылык ушундан чыкты.
"Булардын баары пираттык жол менен чыккан китептер. Бул китептердин басылбай калганына үч-төрт жыл болуп, беш-алты жыл болуп атат. Ошолорду басып көчүрүп алып чыгып атышат",-дейт Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү башкармасынын начальниги Кыялбек Акматов.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Министрдин кандай күнөөсү бар, окуу китептерин чыгаруу "Учкунга" берилбеди беле",-деп таң калганын билдирди билим берүү эксперти Алмаз Тажыбай.
Айтмакчы, министрлик расмий бекиген окуу китептердин баары PDF форматына өткөрүлүп, сайттарда ачык турганын айтууда. Мүмкүнчүлүгү барлар көчүрүп алып электрондук форматта да пайдаланса болот. Бирок мындан жеке менчик басмалар да пайдаланып, акча табууда. Алар ачык турган түп нусканы көчүрүп алып, китеп кылып басып базарга алып чыгууда.
"Бизнес кылгандар баары чыгарып атат. Басмалардын баарында окуу китептеринин исходниктери бар, тарап кеткен. Биринен бири сатып алышып, басып, бизнес кылып атышат",-деди министрликтин окуу китеп боюнча адиси Самат Тоялиев.
Ошон үчүн мектепте жок китептер базарга чыгууда. Ата-энелер балдарына окуу китеп алуу үчүн базардан кымбат болсо да сатып бергенге аргасыз. Базардагы ката-патасы менен, мукабасы 4-класстыкы, ичи 3-класстыкы болгон сапатсыз окуу китептер ошол көзөмөлдүн жогунан чыгууда.
Бирок базардагы окуу китептерди текшерип, ким канчалык мыйзамдуу чыгарып атканын, баасы эмне үчүн кымбат экенин иликтеген мамлекеттик көзөмөл органдары болгон жок. Билим берүү министрлигинин базарды көзөмөлдөй турган колунда рычагы да, укугу да жок.
Кыргызстанда окуу китептер, алардын мазмуну, сапаты, мектептерге жеткирүү көйгөйү көп жылдан бери келаткан чырмалышкан оор маселе.
"Бул тармакта уюшкан мафия, калыптанып калган схема бар болчу. Мамказынадан китепке деп каралган каражаттар Индиядагы басмаканага деп жок болгон учурлар болгон. Ошол коррупциялык ишти жасагандар эч качан жазаланган эмес. Кеп ушунда. Коррупцияга баткан мамлекетпиз. Министр Каныбек Иманалиев бул маселени жолго кое баштаган болчу. Китептер биздин "Учкундан" басылып баштаганы эле чоң утуш болчу да. Окуу китептеринин жетишсиздигинен мурда китептердин мазмуну жана сапаты да оор маселе. Бул маселелерди чечишке ырааттуу саясат жана бир нече жылдар керек болчу. Министрди бошоткондон уткан жокпуз, уттурдук",-деп жазды Кыргызстандагы окуу китептер көйгөйүн иликтеген Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова.
Бишкекке мектепке балдарды киргизүүгө акча алгандыгы үчүн төрт деректирдин кармалышы баш калаада көп жылдан бери келаткан көйгөйдү ашкере кылды. Балдар көп төрөлүп, мектепке батпай калганда шылуун деректирлер мындан пайдаланып, акча чогултууга кыныгып калган. Бирок бул ошол эле убакта мамлекет мектепке жетиштүү каражат бөлүп бербегендиктен келип чыккан аргасыз иш болгонун да айтуу керек.

Сүрөттүн булагы, Official
Президенттин мектепке акча чогултууга тыюу салган жарлыгы жазында чыккан. Жарлыкта кандай гана формада болбосун ата-энелерденби, башкаларданбы, мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынат деп жазылган. Ошондо эле бардык мектептерге акча чогулткан фонддорду жабуу талабы коюлган.
Бирок акча чогултмай көрүнүш деректирлери камалган төрт мектепте эле эмес, баш калаадагы бардык мектептерде бар. Ар кандай суммада жана ар кандай формада. Мектептин, класстардын ремонтуна, кайтарууга, тазалоочу каражаттарды алууга ж.б деген негизде ата-энелерден акча чогултуу кадыресе көрүнүш болуп калган.
Ошол эле учурда мамлекет дагы мектептин чарбалык керектөөсүнө жетиштүү каражат карабай келди. Негизинен мугалимдердин эмгек акысы жана балдардын шашке тамагына каралган акча берилет. Ал эми калган чыгымдардын баарына ата-энелерден чогулган акча жумшалат. Ошол себептүү мэрияда турган жетекчилер бул көрүнүшкө көз жумуп, керек болсо калкалап келгени белгилүү. Ал эми билим берүү министри Бишкектеги мектептин директорлорун тикелей көзөмөлдөй албайт.
Мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу маселеси коомдук деңгээлде дайыма көтөрүлгөн маселе болчу. Аны бир нече жолу депутаттык комиссиялар текшерип, Жогорку Кеңештин деңгээлинде каралган. Өкмөткө, Билим берүү министрлигине тийиштүү тапшырмалар берилген, бирок кырдаал өзгөргөн эмес.
Билим берүү боюнча эксперт Асел Өмүракунова баш калаадагы мектептерге арыз-даттануулар боюнча көп рейддерге барган активисттердин бири. Анын Фейсбукта жазган пикирин келтирели.
"Жаңы мэр, министр, укук коргоо органдары көңүл бура турган маселе. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармасынын ишин абдан кылдат текшериш керек. Ал абдан начар иштеп атат. Коррупция менен күрөшпөйт, кашкайган коррупциялык фактыларды карабайт, баш калаада билим берүүнү уюштуруунун эффективдүү механизмин ойлонбойт. Менин оюмча, бул жакта коррупция гүлдөп атат. Алар директорлорду өздөрү калкалап келатат".
Асел биринчи класска электрондук каттоо боло электе Бишкектеги мектептердин жетекчилерине ата-энелер балдарын биринчи класска киргизиш үчүн 25 миң сомдон беришчү дейт. Ал эми директорлор өздөрү мэрди баш кылып, шаар башчыларына конверт берип, аларды колго алып коюшат.
"Иса Өмүркулов мэр кезинде конвертке 25 миң доллардан салып беришчү экен. Мен мектептерге, бала-бакчаларга рейдке көп чыкчумун, ошондо билим берүү башкармалыгы директорлорго эскертип коюшчу бизден билип алып. Мектептерде конфликт болгондо аны басканга ставкасы элүү миң сом. Конвертке салып туруп, берип коюшат. Ошондо директорго тийишпейт".
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев баш калаада директорлордун чөнтөгүнө жылына 20 млн доллар акча пара түрүндө кетип атканы жана директорлордун арасындагы миллионерлер жөнүндө билдирүү жасаган эле. Ошондо шаардагы нааразы болгон директорлор биригип, бул депутатка катуу чабуул баштаган болчу. Алар Жогорку Кеңештин төрагасына кат жазып, аларды жаманатты кылган депутатты миллиард сомго жыгып, жазалоо талабын коюшкан эле.
"Жетекчилер менен жогору жакта отурган бийлик адамдары дагы тыгыз байланышкан. Ошентип мектепти жакшыртабыз деп ата-энелер чогулткан акчалар, өзгөчө гимназия-лицейлерде 150 сомдон 750 сомго чейин чогултат экен. Бир жылда, мисалы, лицейде 750 сомдон чогултса, эки жарым миң окуучу болсо, бул деген 200 миң доллар акча чогулат экен тогуз айда. Эгер бул мектептин керегине жумшалса, анда мындан дагы жакшы ийгиликтерге жетмек, имараттары сонун болмок. Тилекке каршы, андай эмес. Демек, акчанын баары башка жакка кетип атат",-дейт билим берүү боюнча эксперт Алмаз Тажыбай.
Бишкектеги мектептерде чогулган акчаларга адатта деректирлер тиешем жок деп четке чыга беришет. Аны ата-энелер өздөрүнүн демилгеси менен чогултуп, өздөрү билгендей жумшап келатканын жүйө тартышат.
"Ата-энелер комитети деп мектептин алдында түзүлгөн уюмдар чогултат акчаны. Алардын башчылары болсо деректирлер менен өз ара байланыштагы адамдар. Акчанын каякка сарпталып жатканынын көзөмөлү жок. Бир да мектеп акчанын каякка жумшалганынын отчетун илип койбойт. Бул кандайдыр бир жашыруун, саналуу эле ата-энелер билет. Ал эми акча берген көпчүлүк ата-энелер буга көз жумуп коет. Ошентип тилекке каршы, ата-энелер дагы системалык жемкорлукту күчөтүп жатат",-дейт Алмаз Тажыбай.

Сүрөттүн булагы, Kabar
Мамлекет акчасы мектепке жетеби?
Эми президенттин жарлыгынын аткарууга бир эле деректирлер тараптан эмес, өкмөт, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан да керектүү кадамдар жасалышы зарыл. Мектептин күнүмдүк чарбалык чыгымдарына, окуу-материалдык базасынын жыртык-тешигин бүтөгөнгө каражатты жетиштүү бөлүп бериши керек. Мамлекеттик бийлик органдары буга даярбы, акчасы барбы? Кымбатчылык менен каатчылык каптаган азыркы шартта бул жеңил иш болбойт, бирок аткарылбаса, анда мектепте мыйзамсыз акча чогултуу токтобойт, ал эми абдан жашыруун жолдорго өтөт. Же болбосо мектептин каржылык муктаждыктарын чечүүнүн алгылыктуу жолдорун издөө керек. Бул мектеп алдында көмөкчү чарбаларды уюштуруу жана бүтүрүүчүлөр фондун түзүү сыяктуу аракеттер болушу мүмкүн.
Мисалы, Кара-Суу районундагы мектептерде көмөкчү чарба жакшы жолго коюлган. Өзүнүн жер аянтынан же күнөскадан картошка, жашылча-жемиш өстүргөн мектептер кайсы бир деңгээлде каражат таап алууда. Бирок шаар мектептеринде буга ылайыктуу жер да, шарт да жок.
Мектепке каржылык жардам берүүнүн экинчи жолу - бүтүрүүчүлөрдүн бирикмеси аркылуу иш алып баруу. Экс-министр Каныбек Иманалиев бул жерде жетиштүү пайдаланылбай жаткан чоң потенциал бар экенин айтып келди. Кээ бир мектепти бир эле бүтүрүүчү шефке алып, жаңыртып коюуда. Мисалы, азыр Британияда бизнес кылган түбү кыргызстандык Юрий Шефлер Балыкчыдагы өзү окуп кеткен мектепке жардам берүү үчүн "Большая перемена" деген кайрымдуулук фондун түзүп, мектептин капиталдык ремонтуна жана айлана-тегерегин гүлдөтүүгө 56 миллион сом жардам көрсөттү.
Ырас бардык эле мектептен мындай миллионер-миллиардерлер чыга бербейт. Бирок көп түкүрсө көл болот дегендей, ар бир мектептин миңдеген бүтүрүүчүлөрү бар, алардын арасында жашоодо ийгиликтүү болгондору бар. Алар мектеп менен байланышын жакшы жолго салып, көзүн таба билиште турат. Мисалы, жыл сайын мектепте бүтүрүүчүлөрдүн он жылдык, 20-23-40 жылдык тойлору өтөт. Толтура акча чогултуп, жылкы союп, ичип-жеп тойлоп тарап кетишүүдө. Ошол эле убакта чогулган акчадан мектепке бөлүштүрүп, бүтпөй жаткан ишти бүткөрүп жаткан дагы бүтүрүүчүлөр бар. Керек болсо көп жыл алпештеп билим берген мугалимине акча чогултуп үй алып берген азаматтар дагы бар.



























