Алтын, күмүш эле эмес, тагдырдын сыноосун жеңген спортчу айымдар...

Кыргызстандык спортчулар

Сүрөттүн булагы, Жалалдин Абдувалиев

Published

Кыргызстандык спортчулар “көзү азиз аялдар” категориясындагы паратриатлон боюнча дүйнөлүк кубокто алтын жана күмүш медаль утту.

3-4-март күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн эл аралык мелдеште “Кыргыз Азиздер федерациясынын” негиздөөчүсү Гүлназ Жүзбаева алтын медаль алса, Айтунук Жоомарт кызы күмүш медаль тагынды.

Би-Би-Си паратриатлончулар машыккан залга барды.

Гүлназ Жүзбаева: Ар бир спортчуда жеңишке жетсем деген тилек болот эмеспи, бирок мен бул жолу алтын медаль мага буюрат деп ойлогон эмесмин. Ошондуктан күтүүсүз жеңиш болду. Эл аралык мелдеште Кыгызстандын намсын коргоо сыймык эмеспи. Медаль тапшыруу учурунда өлкөбүздүн аты чыкса өзгөчө сезимде болот экенсиң. Бул эл аралык мелдеш болгондуктан Ирландия, Испания, Португалия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдөн спортчулар келди. Жалпы жыйырмадан ашык өлкөнүн спортчулары катышты. Мелдешке катышып жатканда ар бир спортчуда өлкөнүн атын чыгаруу деген тилек менен бирге жоопкерчилик жана тоскоолдуктар болот. Эң башкысы коштоп жүрүүчүлөрдүн буйругун угуу, эмоцияны башкара билүү, бурулуштарда велосипеди туура башкаруу, айтор ар бир аракетиң кыйынчылыктар менен коштолот. Меледеш учурунда баарын унутуп, жыгылып калбашым керек, азыр оңго бурулам деп ар бир этапты басып өткөн сайын кийинкилерин эстеп, турасың. Убакытты туура пайдаланып, бардык эрежелерди туура аткарсаң эле жеңиш сен тарапта болот экен.

Гүлназ Жүзбаева

Би-Би-Си: Мелдешке чейин ар бир кыймыл аракеттерди бир сыйра кайталап аласыздарбы?

Гүлназ Жүзбаева: Турнирге бир күн калганда баарыбызга жарыш өтө турган жерди эсетеп калуу үчүн сууда сүзө турган трассаны, велосипед тебе турган тилкени жана чуркай турган жерден бир сыйра өтөбүз. Кайсы жерде бурулуштар бар экенин, оңго-солго өз убагында бурула турган жерлерди эстеп калышыбыз керек. Эң негизги жоопкерчилик бизди коштоп жүрүүчүлөрдө. Алар биздин көзүбүз деп айтсак да болот. Коштоп жүрүүчүлөр көзү көрбөгөн спортчуга багыт берип турат, биз болсо берилген ар бир буйрукту туура аткарышыбыз керек.

Би-Би-Си: Сиздерди коштоп жүргөндөр кимдер, машыктыруучуларбы?

Гүлназ Жүзбаева: Коштоп жүрүүчүлөр машыктыруучулар эмес, аларды лидер спортчулар деп коет. Мисалы сууда сүзүү учурунда бутубузга жип байланып алабыз. Алардын багытына карап кыймылдайбыз. Чуркоодо дагы ушундай, жип кармап алып алабыз.

Би-Би-Си: Сиз федерацияны гана жетектебестен, көзү азиз адамдарга жардам берип келет экенсиз. Окуучуларыңыздын арасында спортчулар көппү?

Гүлназ Жүзбаева: Ооба, “Кыргыз азиздер федерациясы” көп жылдан бери өлкөбүздөгү көзү көрбөгөн адамдардын жашоосун жеңилдетүү үчүн жардам берип, окуутуларды өткөрүп келебиз. Окутуу учурунда биз балдарды спортко тартып, сууда сүзгөндү, чуркаганды жана велосипед тепкенди, айтоор спорттун кайсы түрү менен машыгуу мүмкүн болсо баарын үйрөтөбүз. Окуу аяктаган соң, ар бир адам жөндөмүнө жараша спорттун түрүн тандап алат. Парадзюдо боюнча балдар-кыздарды тарбиялап чыгардык. Паратриатлон боюнча мурун бир-эки эле спортчу бар эле, азыр жети адам болдук. Алардын арасынан бүтүрүүчүбүз Айтунук Жоомарт кызы Абу-Дабиде өткөн мелдеште ийгиликке жетип, күмүш медаль тагынды. Ар бир бүтүрүүүбүздүн ийгилиги биздин да ийгилигибиз.

Кыргыз азиздер федерациясы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Саламатсызбы Айтунук, жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

Айтунук Жоомарт кызы: Саламатсызбы? Мен 27 жаштамын. Аксы районунун Аркыт айылынан болом. “Кыргыз азиздер федерациясынын” бүтүрүүчүүсүмүн. Ошондой эле Кыргызстандын паратриатлон курама командасынын мүчөсү болом. Эл аралык мелдешке экинчи жолу катышып жатам. Буга чейин да Абу-Даби шаарында өткөн дүйнөлүк мелдешке катышканмын. Аз да болсо тажырыйба болгону үчүн бул жолкусунда бир аз жеңилирек болду. Анткени толкундануулардын баарын четке чыгарып коюшуң керек.

Би-Би-Си: Мелдеш учурунда кандай окуялар болду?

Айтунук Жоомарт кызы: Мелдеш учурунда бир кызыктуу учур болду. Коштоп жүрүүчүм экөбүз велосипед тээп барактканда капсынан чынжыры чыгып кетип, кыска убакыттын ичинде көйгөйдү чечүүгө туура келди. Мындай учурда эрктүү болушуң керек экен. Мунун баары бир заматта болуп жатса да аябай көп нерсе оюма келип кетти. Ар бир күнү таңкы алтындан кечки тогузга чейин тер төгүп машыкканыбыз, мелдешке катышуу үчүн узак жол басып өткөнүм көз алдыман өтүп жатты. Бирок өзүмдү башкарып, толкунданганга жол берген жокмун.

Би-Би-Си: Машыгууларды калтырбаганга аракет кыласызбы?

Айтунук Жоомарт кызы: Ооба, күндө таңы алтыда World Class спорт залына машыгууга келебиз. Ар бир күнгө күн тартибибиз бар. Бир күнү сууда сүзсөк, бир күнү велосипед тээп же чуркайбыз. Машыгуу убактыбыз да ар башка. Биздин спорт паратриатлон болгон үчүн күнүнө үч жолу машыгууга туура келет.

Ийгилик жараткан учурда сага колдоо көрсөткөн адамдардын баарына ыраазы болот экенсиң. Мен биринчи кезекте ата-эне, бир туугандарыма, “Кыргыз азиздер федерациясына”, анын жетекчиси Гүлназ Жузбаевага, устатым Жалалдин Абдувалиевге, машыктыруучум Андрейге жана кошточууларыма терең ыраазычылык билдирем. Менин бул жолку ийгилигим Кыргызстандын жеңиши деп ар бир жаранды куттуктап кетмекчимин.

Сталбек Абдижалил, Атайын Би-Би-Си үчүн.