Чек арадагы узун кезек: Кыргызстан Казакстанды айыптады
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы төрт күндөн бери уланып жаткан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги боюнча Казакстанды айыптады.
Өлкөнүн Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, ушул тапта 600дөн ашык унаа казак тарапка өтө албай турат. Чек арадагы чыңалган жагдай Кыргызстан коңшу өлкөгө сугат суу берүүнү убактылуу токтоткон маалга туш келди.
Расмий органдардын 24-августта берген маалыматында кезек күткөн унаалардын саны кечээкиге салыштырмалуу бир аз азайганы байкалган. Бирок мурда эки өткөрмө бекетке гана чектөө киргизилген болсо, бүгүн дагы эки бекетте унаалар топтолуп турганы белгилүү болду.

Чек ара кызматынын 24-август, саат 12:00гө карата маалыматы:
- "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде – 379 фура (кечээ 493);
- "Кең-Булуң" өткөрмө бекетинде — 89 ( кечээ 146);
- "Чалдыбар" өткөрмө бекетинде — 73;
- "Чоң-Капка" өткөрмө бекетинде — 73.
Рычаг колдонуу жана айыптоо
Кечээ Кыргызстандын Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын топтолушу боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) кат жиберген.
Анын негизинде Кыргызстандын ЕЭКтеги транспорт, инфраструктура жана энергетика министри Арзыбек Кожошев атайын жумушчу топту баштап келип, чек арадагы жагдайдан кабар алды.
Экономика министрлигинин демилгеси менен өткөн көчмө жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышкан.

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстандын чек арага чектөө киргизип жатышын айыптаган билдирүү таратты.
"Казакстан тарап ЕАЭБдин бирдиктүү иштей турган эң негизги – товарлардын эркин жүрүү принцибин бузууда. Мындай кырдаал системалуу мүнөзгө ээ, мында казак тарап Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жайлатуу үчүн ар кандай себептерди табат”, – деп жазылат анда.
Министрлик ошондой эле, Чек арада түзүлгөн кырдаал, Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.
“Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатышат жана өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин өз убагында аткара албай жатышат. Ошондой эле токтоп турган жүктүн арасында тез бузулуучу азыктар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет”, – деп кошумчалаган мекеме.
Казак тарап сүйлөшпөй жатабы?
ЕЭКтин жумушчу тобу Кыргызстандын чек арасындагы абал менен таанышкан соң, коңшу өлкөгө да өтөлү дешкен. Бирок казак чек арачылары "буйрук берилбеди" деген жүйө менен кыргыз чиновниктерине эшигин ачпай койгонун министр Арзыбек Кожошев Би-Би-Сиге билдирди.

Сүрөттүн булагы, official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Биз кыргыз тараптагы абал менен таанышкан соң казак тарапты да көрөлү деп аларга кайрылдык. Бирок биздин расмий кайрылуубузга жооп болгон жок. Алардын чек арачылары “бизге эч кандай буйрук болгон жок, ошондуктан өткөрө албайбыз” дешти. Өзүңөр билгендей “Ак-Тилек” постунан жарандар эмес, жүк ташуучу унаалар гана өтөт. Биз үч күнгө келдик, дагы мониторинг кылабыз. Казакстан ЕЭКтин комиссиясын өткөргүлө деп уруксат берсе аларды да барып көрөбүз. Биз эки тарапты угушубуз керек. 29-августта ЕЭКтин кеңеши болот, ошондо бул маселени көтөрөбүз. Бул жакшы көрүнүш эмес, эгер биз бири-бирибизге жардам беребиз, колдойбуз десек мындай көрүнүштөр болбошу керек”, – деди Кожошев.
ЕАЭБ түзүлгөндөн бери Казакстан бир нече жолу Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу унааларга чектөө киргизген. Эң эле узакка киргизилген чектөө 2017-жылы болгон. Анда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине сын айтып, бул окуядан кийин коңшу өлкө кыргыз товарларын өз аймагына бир ай бою өткөрбөй койгон.
Экономист Элдар Абакиров мындай көрүнүштөр байма-бай катталгандыктан ЕАЭБдин алкагында келишимдердин эмнеге иштебей жатканы тууралуу маселени кыргыз бийлиги кабыргасынан коюшу керектигин айтат:
"ЕАЭБдин мыйзамдары иштебегени белгилүү эле болуп калды. Кезинде сотко берип, сот аркылуу чечкенге аракеттер болгон, бирок ал деле жыйынтык берген эмес. Азыр эми казак тарап менен сүйлөшүп эле чечиш керек. Бул маселе ЕАЭБдин аянтчасында талкууланып, "мыйзамдар иштебесе уюмдун бар болушунун мааниси эмнеде?" деген суроо коюлушу керек".

Кыйналган айдоочулар
Кант шаарынан Казакстанга кеткен жолдогу жүк ташуучу унаалардын узун кезеги кеминде тогуз чакырымга жетет. Дилшат Нематуллаев суткалап кезек күткөн айдоочулардын бири. Ал чек аранын жабылышы айдоочуларга кошумча чыгым алып келүүдө дейт.
"Тамактанарга эч нерсе калган жок. Чек арага жетип барганга дагы 10 чакырымдан ашык жол бар. Мамлекеттен чек ара ачылышын суранабыз. 25 минутада бир машина өткөрүп жатышыптыр. Бул абалда 10 күн турабызбы кудай билет. Кардарлар да каерде келе жатасың деп телефон чалып сурап жатышат. Аларга чек арада кезекте турабыз десек түшүнүшпөйт экен".
Көпчүлүк айдоочулар эмне себептен унаалардын узун кезеги жаралып жатышынын так себеби белгисиз дейт. Айрымдары муну суу маселеси менен байланыштырып жатышат.

"Биздин бул жактагы айдоочулардын арасында Кыргызстан сууну жаап алганы үчүн, Казакстан чек арасын жаап салды деп айтып жатышат. Оор жүк ташыган унаалардын айдоочуларына эле кыйын да. Түнү менен уктабайбыз. Бүгүн мына төртүнчү күн", – деди Чыңгыз аттуу айдоочу.
Кыргызстандын Чек ара кызматы да коңшу өлкө жүк ташуучу унааларды жай өткөрүп жатышынын себебин так айта алган эмес.
Мекеме 21-августта Казакстанга болгону үч автоунаа өткөнүн билдирген.
Себеби белгисиз чектөөлөр
Кыргызстан август айынын башында Киров суу сактагычында суу аз болуп жатканы үчүн коңшу өлкөгө суу берүүнү убактылуу токтоткон. Мындан улам чек арадагы чектөөлөр суу маселесине байланыштуубу деген суроо болуп жатат.
Бирок Кыргызстандын Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев ушул тапта Казакстандын суу маселеси боюнча кыргыз тарапка эч кандай дооматы жок экенин Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди:
"Кечээ Казакстандык кесиптештер менен сүйлөштүм. Бизде ушундай ой болуп жатат десем, алар “суу боюнча силерге эч кандай дооматыбыз жок, биз алдык, ушу менен бизге жетет” дешти. Анткени баарын өздөрү да көрүп жатат да, биз сууну катып койбойбуз”.
Ал арада казак маалымат каражаттары чек арада баңгизатка каршы операция жүргөнүн кабарлашууда. Бул тууралуу финансы министри Ерулан Жамаубаев журналисттерге комментарий берген.
"Ал жерде бажы жок, бул ЕАЭБдин ички чеги. Мен билгенден, баңгизатын аныктоо боюнча операция болгон. Андыктан азыр,Чек ара жана Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тыкыр текшерүү жүрүп жатат".

Кыргызстан Евразиялык Экономикалык биримдикке мүчө болгонуна сегиз жыл болду. Бул экономикалык биримдик жарандар менен товарлардын тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзүү үчүн уюшулган. Бирок жыл сайын казак тарап, сугат маалы жакындаганда, башка убакта дагы ар кандай текшерүүлөргө шылтап чек арадан жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чектөөлөрдү киргизип келет.































