Альпинисттик лагерде эки кишини атып өлтүргөн куралчанды кармоо операциясы

Сүрөттүн булагы, Википедия
Ысык-Көл областында милиция "Хан-Теңири" лагеринде эки кишини атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткен адамды кармоо операциясын жүргүзүп жатат.
Областтык милициянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 4-июлда 12:20 да Ак-Суу райондук милициясынын күзөт бөлүмүнө сырт өрөөнүндөгү Эңилчек зонасындагы чек ара бекетинен белгисиз бирөө лагердин башчысынын орун басары А.Д. атып, качып кеткенин билдирген маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге областтык жана райондук милициянын иликтөө-тергөө тобу жетип барып, күбөлөрдү суракка алган. Алар лагерде кароолчу болуп иштеген 29 жаштагы Сергей ашканага кирип, "Вепрь" мылтыгынан лагердин башчысынын орун басары А.Д. көкүрөккө атып, андан кийин 31 жаштагы жумушчуну ичке атканын айтып беришти.
Ошол учурда ашканада тамактанып отурган Тасма айылынын тургуну Сергейдин куралын тартып алууга аракет кылганда, ал аны бычак менен колго сайган. Сергей ошондон кийин ашканадан качып чыгып кеткен. Алган жаракатынан А.Д. ошол жерден жан берген, ал эми ичинен жарадар болгон М.К заставага бараткан жолдо каза болду.
Ошондой эле күбөлөрдүн айтымында, Сергей кылмыш жасагандан кийин станциядагы аял кызматкерди барымтага алып, качып кеткен.
Азыркы учурда кылмышка шектүү Сергейди кармоо жана барымтадагы адамды бошотуу боюнча атайын операция жүрүп жатат.
Областтык милициянын маалыматы боюнча кылмыш турмуштук чыр-чатактан улам болгон. Окуя болгон жерде ички иштерн министринин орун басары Мирлан Каниметов жүрөт. Ал куралчан кылмышкерди кармоо жана барымтадагы адамды бошотуу операциясын жетектеп жатат. (КС)
























