You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Индиянын ковид булгаган ыйык дарыясы
Published
Ковид пандемиясынын айынан Индиядагы Ганг дарыясынын жээгинде тайыз чуңкурларга жүздөгөн маркумдардын сөөктөрү коюлган. Эми сезондук жамгырлар келсе суу ташкындап, кишилердин сөөгү дарыяга агып, суу андан ары булганат деген кооптонуулар бар. 400 миллион адамдын жашоосу ансыз да булган дарыяга көз каранды.