You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Сегиз кишиге коронавирус жуктурдум”
Дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында вирус кайрадан күчөп, бир катар өлкөлөр карантин чектөөлөрүн кайрадан киргизүүдө. Бирок буга нааразылыктар күчөп, дүйнөнүн булуң-бурчунда демонстрациялар өттү.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун жайылышын беткап кийип, санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактап токтотуу мүмкүн экенин улам айтып келет. Ага карабастан, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерде бул эрежеге көңүл бургандар аз.
Индияда дагы абал ошондой. Өлкөнүн Керала штаты вирустун жайылышын тез токтоткон аймактардын бири катары саналган. Бирок карантин чектөөлөрү жеңилдетилгенден кийин, бул аймакта дагы вирус күч алды. Абалдын курчуп кеткенине эмне себеп болду?