You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус аба каттамдарын чектеди
Коронавирус Covid-19 Кытайдын чегинен сырткары аймактарга жайылып жатат. Ошондуктан учурда саякаттоого ар түрдүү чектөөлөр киргизилди.
Грузиянын бийлиги вирустун биринчи учуру катталганын жарыялады. Вирус жуктуруп алган грузин жараны Ирандан келген экен. Ал аңгыча Жапониянын премьер-министри Абэ коронавирус түзгөн коркунучтан улам эмдиги аптадан тарта Март айынын аягына чейин мектептерди жабууну сунуштады. Жапонияда 13 киши Covid-19 вирусун жуктурганы тастыкталды, алардын экөө жаш бала.
Сауд Арабиясы болсо коронавирус коркунучуна байланыштуу ажылык кичи зыяратты убактылуу токтотту. Миллиондогон адамдар топтолуучу Меке жана Мединага болчу зыяраттар вирустун жайылыш очогуна айланбайбы деген кабатыр суроо чыгууда.
Flightradar24.com сайтынан Covid-19 вирусунан улам Ухань шаарындагы аба каттамдардын азайганын байкаса болот.