Макрондун пенсия реформасына каршылык күчөдү

Макрондун пенсиялык реформасы анын өзүнүн репутациясына олуттуу сокку урушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Макрондун пенсиялык реформасы анын өзүнүн репутациясына олуттуу сокку урушу мүмкүн
Published

Францияда транспорт жана башка мамлекеттик сектордогу кызматкерлердин иш таштоосу бүгүн экинчи күн уланууда. Профсоюздар Макрон өзүнүн пенсиялык реформасын токтотмоюнча каршылык акциясы улана берерин эскертти.

Көп сандаган француздар президенттин реформасын өзүнүн жашоо образына каршы коркунуч катары кабыл алып, каршылык акциясына чыгышты.

Руандын түштүгүндөгү айланма жолду бөгөп жүрүш баштаган "сары жилетчендер" менен полиция кагылышканы жөнүндө маалыматтар келүүдө. Франс-Пресстин кабарына караганда, тартип сакчылары каршылык акциясына чыккан 200 адамга каршы көздү бууган газ колдонуп, аткылаган. Кагылышуу убагында үч адам кармалды.

Шаарлардын ар кай тарабынан борбор жакты көздөй "сары жилетчендер" агылып бара жатышканы айтылууда.

Бул акцияга катышкандардын алдыңкы сабында транспортниктер менен мугалимдер бар. Көп мектептер иштебей жабык болуп, чоң ылдамдыктагы поезд каттамдары токтоду.

Бэ-эф-эм телеканалы бидиргендей, эң чоң кыйынчылык Бретань жана Прованс-Альпы-Лазур жээги региондорундагы жүргүнчүлөр үчүн болуп жатат. Ал жактан келген репортаждарга караганда, вокзалдарда топурап кезек күткөндөр көбөйдү. Марсель, Тулуз, Брест жана башка шаарларда поезддердин каттамы тыптыйпыл токтоду.

Шаарларда көчөлөрдү иш таштоого чыккандар басты

Сүрөттүн булагы, CLEMENT MAHOUDEAU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көчөгө шыкалган элден кыймыл кыйындап, тыгындар пайда болду.

Париждин өзүндө бүгүн автобус менен трамвайдын отуз пайызы гана ишке чыгары алдын ала жарыяланды. Ошол эле убакта метронун көп каттамдары иштебей жабык турат.

Транспорт маселеси боюнча мамлекеттик катчы Жан-Батист Жеббари телеканалдан чыгып сүйлөп, иш таштоо жакынкы күндөрү дагы уланат дегендей айтты.

Билим берүү министри Жан-Мишель Бланкер "Франс-2" телеканалынан чыгып, билим берүү кызматкерлеринин 70% иш таштоону колдоп жатканын белгилеп, бирок жума күнү алар ишке чыгарына үмүттөнүп жатканын билдирди.

Массалык иш таштоо акциясы өкмөттүн 42 өзгөчө пенсиондук режимин жоюу планына каршы болуп жатат. Бир катар тармактын кызматкерлери, анын ичинде темир жолчулар, энергетиктер, юристтер пенсияга эрте чыгып, жакшы пенсия алышат. Ошондой эле бийлик бардык жарандар үчүн пенсиялык төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн узарткан жатат. Франциянын өкмөтү өлкөнүн пенсиялык системасын каржылоодо көп миллиарддаган дефицит болот деп чочулап, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө киришкен.

Мугалимдердин 70 пайызы иш таштоо акциясына кошулгандыктан көп мектептер иштебей турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мугалимдердин 70 пайызы иш таштоо акциясына кошулгандыктан көп мектептер иштебей турат

Франциянын темир жол вокзалдары иш таштоо күнү аңгырап бош калды. Бейшембиде таң эрте эле көп жолдордо кыймыл кыйындады. Иш таштагандар кээ бир жолдорду ээлеп, жүрүш жасап, атайылар тыгын жасашууда. (КС)