Айрым спортчулар кара күчүнө ишенип, кылмышка аралашып кеткен учурлар бар.

Published

Күрөштүн түрлөрү, бокс, каратэ, кикбоксинг боюнча машыккан атлеттер чоң байгелерди жеңип, элдин сүймөнчүгүнө айланган. Ошону менен катар Кыргызстанда спорттун бул түрлөрүнүн көмүскө жагы да бар. Спорт залдарда машыгып жүргөн балдар кара күчүнө, булчуңуна ишенип, кылмышка аралашып кеткен учурлар көп. Бизден машыккан бир да бала кылмышка өтүп кеткен жок деп ишеничтүү айта алчу клубдар бар болду бекен?