Памирлик кыргыздарга жарандык берилди

Published

Кыргызстандын Алай районуна Памирден көчүрүлүп келген 44 кыргызга жарандык берилди. Жергиликтүү бийлик аларды жумуш менен камсыздап, балдарына дагы документ берип, билим алуусуна шарт түзүү аракеттери болорун айтты.

Өткөн аптада Кытай менен Ооганстандан келген 111 этникалык кыргызга жарандык берүү тууралуу президенттин жарлыгы чыккан эле.

Ооганстандагы кыргыздар деңиз деңгээлинен төрт-беш миң метр бийиктеги Улуу жана Кичи Памирде жашайт. Алардын турмушу оор, тамак-ашы начар, медициналык тейлөө жок, ошол себептүү өлүм-житим көбөйүп, элдин саны азайган.

2008-жылы памирлик кыргыздардын саны эки миңдин айланасында болсо, учурда 800дүн айланасында деп айтылат. Аларды көчүрүп алуу маселеси көп жылдан бери эле көтөрүлүп келген. Биринчи жолу Кыргызстан ооган өкмөтүнөн уруксат алып, балдарды окутуу тууралуу келишим менен памирликтердин элүүсүн үч жыл мурун алып келген эле.