You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зардалынын бүгүнү, үмүтүн үзбөгөн айылдыктар
Published
Зардалы айылы өлкөнүн эң алыскы аймагында, бийик тоо арасында жайгашкан. Күздө айылга кеткен жол жабылып калат. Көбүнчө жашоочулар тоонун кырында жар бойлоп отуруп, Баткен борборуна жетет. Ушул жалгыз аяк жолдогу көпүрөнү үч жыл мурда сел алып кетип, анын ордуна жакында эле жаңысын курушту. Би-Би-Си кабарчысы айылдыктарга жолугуп, Зардалыдагы өзгөрүүлөр тууралуу сурады.