Кыргызстанда бугу-маралды сактап калуу

Published

Кезинде Кыргызстанда кабылан, жолборс, жейрен болгон экен, алар тукум курут болуп кетиптир деген сөздөр айтылып келет. Кыргызстанды байырлаган бугу-марал дагы жоголуу коркунучуна кептелип, саны кескин азайган. Эсеп боюнча миңдеген бугу-маралдан болгону 40 чамалуусу калган деп айтылат.