Глобалдык вакцина таңкыстыгы өсүүдө, дагы көп дары керек.

Published

Глобалдык вакцина таңкыстыгы өсүүдө, дагы көп дары керек. Фарм компанияларды кызыкчылыгын коргогон патенттерди алып салуу өндүрүшкө көбүрөөк компанияларды кошууга жол ачат. Бирок ушуну менен эле маселе чечилип кетпейт дегендер дагы бар. Фармкомпаниялардын ач көздүгү пандемияны узартып жатабы же башка да себептер барбы?

Бай өлкөлөр вакциналардын көбүн алууда. АКШнын президенти Жо Байден америкалыктардын 60 пайызы кеминде бир өлчөм вакцина сайдырганын айтты. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула вон дер Лайен белгилегендей, ар секунд сайын бир европалык эмделүүдө.

"Биз пандемиянын экинчи жылына баратабыз. Биринчи жылга караганда өлүм көп болот",-деп эскертти ДССУ жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус.

Дүйнөнүн калган бөлүгү каралбай калдыбы?

"Африкада орто эсеп менен алганда жүздөн эки же элдин 2% гана COVID- вакцинасын алды",-дейт ДССУнун Африка боюнча регионалдык директору, доктор Матшидисо Моэти.

Патенттер вакциналарды көчүрүп алуудан коргоонун мыйзамдуу жолу. Аларды коргоосунан ажыратуу тууралуу кызуу талкуулар жүрүүдө.

"Түштүк Африка, Индия жана башка жүздөн ашуун өлкө патенттен баш тартуу керек деп жатабыз",-дейт Түштүк Африканын соода жана өндүрүш министри Ибраихим Пател.

Айрым өлкөлөр вакцина рецепттерин бөлүшүү керек деген позицияда турат. Алар жакыр өлкөлөрдө жергиликтүү өндүрүш уюштуруп, бааны жеткиликтүү кылса болорун айтышууда.

АКШ вакцина патенттерин убактылуу токтото турууну колдойт.

Бирок Жапония, Германия, Британия баштаган бир катар өлкөлөр буга каршы чыгууда.

Бул өткөн кылымдын 90-жылдарындагы талаштарды эске салат. Анда жакыр өлкөлөрдө жалпы максаттагы АИВ (ВИЧ) дарыларынынын түрлөрүн чыгарууну макулдашууга эле алты жыл кеткен.

Патент вакцинанын даярдоо схемасын гана берет. Бул даярдоо ыкмасы же курамдык заттары жок бир нерсенин рецебин алгандай эле көрүнүш.

Өндүрүү ыкмалары чогуу берилиши керек. Патенттерден баш тартуу - курамдык заттардын таңкыстыгын, камсыздоо маселесин же соода бөгөттөрүн чечпейт. Айрым эксперттер вакцина менен камсыздоо үчүн бай өлкөлөр дүйнөнүн калган бөлүгүнө бекер бергени жана экспорт кылганы тезирээк болот дешет.

Британия жана ЕБ тажрыйба бөлүшүүгө көзөмөл берген лицензиялоо системин колдойт. Оксфорд-AstraZeneca менен Индия cары суу институтунун кызматташуусу буга мисал. Мындай болгондо лицензия алуу милдеттендирилип, фармкомпаниялар компенсация алышат.

Вакцина өндүрүүчүлөр талкууга түшүп жатканда, "алардын ач көздүгү пандемияны узарттууда" деген сындар күчөп турат.

Фармкомпаниялар патенттөөдөн баш тартуу - курамдык заттардын таңкыстыгын жаратып, жалпы өндүрүштү кечеңдетерин жүйө келтирип жатат.