Жаңы окуу жылындагы үй тапшырма дүйнөдө талаш жаратты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Жайкы эс алуу кандай өттү?"
Мектепке кайтып барган окуучулардын көбү дал ушул суроого жооп бергиле деген үй тапшырма алышат.
Бирок дүйнөдөгү бир нече мамлекетте жаңы окуу жылы башталып жатканда, мындай суроону окуучуларга бербегиле деген чакырыктар болду. Анткени мындай суроо үй-бүлөдөгү социалдык көйгөйлөрдү ачык көрсөтүп, окуучу өзүнүн ата-энесинин финансылык абалына жараша жооп берет эмеспи.
АКШда ушундай суроолорго мектеп окуучулары ачык жооп берип, мугалимдер кабатыр болгон учурлар дагы катталган. Айрым окуучулар ата-энесинин финансылык абалын, үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды ачык жазып беришкен экен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Психологдор мындай үй тапшырмалар жарды үй-бүлөдөн чыккан окуучуларга бир топ эле сокку болорун айтышууда.
"Уялып, кирип кеткени жер таба албай калчумун"
Тиффани Грэйсон жалгыз бой эненин колунда өскөн. Анын айтымында, жайкы эс алуу тууралуу суроолор үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктарды курбуларына так көрсөтчү эле.
"Мындай тапшырмаларды алганда уялып, кирип кеткени жер таба албай калчумун. Чогуу окуган балдар Европага бардым, Азияга бардым деп жатканда, мен электр жарыгым өчкөн жок, ошого кубандым деп жазууга туура келчү",-дейт 34 жаштагы Тиффани.

Сүрөттүн булагы, Kayla Meyers
Айрым мугалимдер болсо "чыгармачыл" болууга үндөгөн чакырыктарды коомдук медиада жазышууда. Мындай үй тапшырмалар ондогон жылдардан бери берилип келет эмеспи. Техас штатындагы мугалим Кэйла Мэйрстин билдиришинче, ааламдашуу доорунда мектеп окуучуларынын финансылык гана абалын эмес, диний жана башка көз караштарын дагы эске алуу керек.
"Мугалимдерди чыгармачыл болууга чакырам. Мен дагы жаңы иштей баштаганда көп ката кетиргем. Бирок азыр окуучуларга аналитика кылууга мүмкүнчүлүк түзгөн тапшырмаларды берем. Албетте, окуучулар өзүнүн башынан өткөн тажрыйбасы тууралуу жазышы керек, бирок ушундай болду эле эмес, аны анализдөөгө мүмкүнчүлүк берүү туура деп ойлойм",-дейт Кэйла.
Коомдук тармактарда бул үй тапшырма боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. Талкуунун катышуучуларынын басымдуу бөлүгү "эс алуу кандай өттү" эмес, "жаңы окуу жылында эмнеге көңүл бурасың же жайкы эс алууда кандай сабак алдың жана эмнеге" деген суроолорго басым жасалса деп жазууда. (AT)































