“Онлайн окууга тапшырган ыңгайсыз экен”: абитуриент-2020

Бишкек мэриясынын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, official

Published

Абитуриенттерди кабыл алуу быйыл толугу менен онлайн форматта өтүүдө. Бул үчүн автоматташтырылган "Онлайн абитуриент" маалыматтык системасы иштелип чыккан. Кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталды. Онлайн окууга тапшыруунун тажрыйбасы кандай болууда?

Чолпонай жалпы республикалык тестирлөөдөн Жети-Өгүз району боюнча эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдүн бири.

“Коронавируска байланыштуу окуу жайларды кыдырып тандап тапшыра алган жокмун. Бирок окуу жайларды телефондон эле карап жана ал жакта окуган студенттерден кеңештерди алып тапшырганга туура келди. Бирок өзүң барып тапшырганга жетпесе керек. Телефондон эле талон таштап койдук, эми окууга өтүп кетсем кийин кандай окуйм, билбейм. Негизи телефондон иш бүтүргөн ыңгайсыз экен”.

Чолпонай өзү каалаган окуу жайга жана адистикке тапшыруу үчүн “Онлайн абитуриент” системасына болгону жыйырма мүнөттөй убакыт коротконун айтууда. Баары түшүнүктүү жана жөнөкөй болду, дейт ал.

Чолпонай

Бирок бүтүрүүчүлөр арасында аталган порталга катталуу машакатын тарткандары да болуп жатат. “Менин уулум 2020-жылдын бүтүрүүчүсү. Бактысына жараша быйылкы кырдаал ушундай болуп калды. Үйдө олтуруп тапшырат экенсиң, бирок пикир алышып консультация алганга баары бир жетпейт экен. Башында катталганда кыйынчылыктар болду. Балам экөөбүз эки-үч күн кире алган жокпуз. Сайтка киргенде катталыш керек экен, ага балага берилген каттоолучу номерин киргизиш керек экен, андан кийин сайт телефон номер сурайт экен. Биз номерди киргизсек туура эмес номер деп кабыл албай жатты. Мугалим, директор, шаардык билим берүү башкармалыгына чейин чалдык. Анан кандай болуп чечилди билбейм, үч күндөн кийин кирип калдык”,- деди бүтүрүүчүнүн апасы Койсун.

Билим берүү, илим министрлиги окууга онлайн тапшырууда маселе жаралса, 1919 кыска номерине чалып сураса болорун айтып жатат.

Акылбек Орозматов.

Сүрөттүн булагы, Internews

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Билим берүү, илим министрлигинин өкүлү Акылбек Орозматов

“Биздин ыкчам байланыш номерлерибизге жана биздин адистерге талон маселесинде чалгандар көп болууда. Мисалы, бүтүрүүчү бир окуу жайды тандап, ага талонун таштап коюп, бирок кайра өкүнүп аны кантип артка кайтара алам деп сурап жатышат. Биринчи турда эки гана жолу талон таштаганга болот. Бирөөсүн бюджеттик негизде окууга, экинчисин контрактык негизде. Эгер талон ташталып калса, аны кайра артка кайтарып алуу мүмкүн эмес. Экинчи турду күтүш керек болот”, -деди аталган министрликтин өкүлү Акылбек Орозматов.

Ал "Онлайн абитуриент" маалыматтык системасы олуттуу техникалык мүчүлүштүгү жок иштеп жатканын кошумчалады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталган, документтерди кабыл алуу 22-июль саат 14:00гө чейин уланат. Бир сутка ичинде порталга жыйырма миңге жакын талон түштү.

“Мен он беш жылдан бери кабыл алуу комиссияларында иштеп келе жатам, бизге көп жагынан жеңил болуп жатат. Бирок бул система алыскы, интернети жай же жеткиликсиз бүтүрүүчүлөргө кыйын болуп калат экен. Биз аралыктан кабыл алып жатканыбыз менен ишке барып эле жатабыз”,- дейт Улуттук университеттин окутуучусу Рахат Акмацияева.

Маанилүү жагдай, биринчи турдун жыйынтыгында кабыл алууга сунушталган абитуриент 25-июль саат 18:00гө чейин тандаган адистиги боюнча билим аларын ырасташы керек. Болбосо анын орду бош деп эсептелет.

Экинчи турга документтерди кабыл алуу 27-29-июльда, ал эми үчүнчү турга 3-5августта өтөт.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда абитуриенттерди биринчи жолу онлайн кабыл алуу ишке кирип жатат. Мындай тажрыйбаны айрымдар айла жоктун иши дегени менен, бул билим тармагын санариптештирүүгө дагы бир кадам, окууга тапшырууда паракорчулукту жоюуга жакшы өбөлгө дегендер да болууда.