"Бул Путиндин чоң жеңиши": эл аралык медиа Трамптын Путинге, Зеленскийге чалуусун талдоодо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ жана Орусия президенттеринин телефон аркылуу биринчи сүйлөшүүсү, андагы эң башкы тема Украинадагы согушту токтотуу маселеси белгилүү болгон соң Батыш басылмаларынын көбү муну Владимир Путин үчүн ийгиликтүү болду деп сыпаттап жатышат.
Киев Брюсселде аларды жараяндан четтетип салгандай сезип турган чакта Путин изоляциядан дүйнөлүк саясатка кайтып келип, Украинанын тагдыры тууралуу Дональд Трамп менен бетме-бет сүйлөшкөнү жатат. Бир топ кабарчылар Трамп менен Путиндин биринчи жолку байланышын ушундай деп мүнөздөшүүдө. Бирок чыныгы сүйлөшүүлөр али алдыда. Путин ойлогонунун баарына жетеби, ал каалаганын орундата алабы дегенге азыр али эрте, бүдөмүк.
Москва эки президенттин сүйлөшүүсүн көксөп келгени турган иш. Путин Трамптын 20-январдагы инаугурациясына чейин эле байланышка даяр экендигин айткан, бирок ал чалуу ант берүү аземинен үч апта өткөн соң ишке ашып отурат.
Америкалык New York Post басылмасы бул байланышка чейин эле бир нече күн мурун Трамптын өзүнүн сөзүнө шилтеме берип, эки президент буга чейин эле байланышканын билдирген. Бирок эч кандай цитата, маалымат берген эмес. Кремль дагы мындай билдирүүнү четке кагып же тастыктаган дагы эмес.
Анда маалыматтык фон Москва үчүн өтө деле жагымдуу эмес эле. Ал учурда Трамп "мындай калайман согушту токтотуу үчүн" Владимир Путинди сүйлөшүү аянтчасына отургузуп, эгер андай болбой турган болсо, анда Орусияны жаңы санкциялар менен бажы тарифтери күтө тургандыгын убада кылып жиберген.
Украинанын президенти Володимир Зеленский сүйлөшүү үчүн мындай ишке тыюу сала турган өз жарлыгына карабай Владимир Путин менен столго отурууга дээрлик макул болгон. Бирок Зеленский ал учурда сүйлөшүүлөр башталышы үчүн Киевге адегенде Батыштан коопсуздук келишими керектигин билдирген эле. Муну перспективада НАТО уюмуна мүчөлүк, ошондой эле Украинанын аймагына тынчтык орнотуучу күчтөрдү жайгаштыруу, анын ичинде америкалык аскерлер дагы болушу керектиги боюнча кепилдик деп түшүнүү керек.
Эми контекст башкача болуп турат. Трамп менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жөнүндө ачык белгилүү болгонго чейин бир нече саат мурун АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Брюсселде Киевдин үмүтүнө суу сепкендей бир нече билдирүү жасады десе болот. Ал негизинен Украина НАТО уюмуна мүчөлүктү үмүт этпей эле койсун, Киевдин 2014-жылга чейинки чек араларды калыбына келтирүү кыялы реалдуу эмес жана кандай гана сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөсүн АКШ өз контингентин Украинага жөнөтпөй тургандыгы боюнча айткан эле. Көп өтпөй Трамп дагы анын айткандарын кубаттаган.
Жыйынтыктап келгенде Трамптын Путин менен "тез арада" жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөргө даярдыкты баштоо дегени маанилүү иштин бир бөлүгүнүн калып калганы эле болду. Сунуштары четке кагылган Киев бери дегенде эле азырынча бул сүйлөшүүлөргө катышпайт. Трамп менен Путиндин биринчи жолугушуусу (кыязы Сауд Аравиясында өтө турган болуп калды) Володимир Зеленскийдин катышуусусуз бетме-бет өтөт. Бул тууралуу Трамп кийинчерээк журналисттерге айтып берди.
Бул АКШнын мурунку президенти Жо Байдендин администрациясынын "Украинаны анын катышуусусуз талкуулоого болбойт" деген принцибинен баш тартуу дегенди билдирет, деп жазды Le Monde басылмасы.
"Президент-демократ [Байден] макулдашуу жабырлануучуга далысын салган шартта болушун каалаган эмес жана конфликттин реалдуу качан аяктары тууралуу эл алдында шардана кылып айтуудан баш тарткан. Трамп агрессорго карата мындай коллективдүү кадамдан жаа бою алыс турууда", — деп эсептейт франциялык басылманын вашингтондук кабарчысы Петр Смоляр.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Киев АКШ тикелей эле Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жакташынан узак убакыт бою этияттанып келген эле. Эми мындан аркы жараян Орусиянын тескөөсү астында өтөт, деп болжойт Le Monde басылмасынын журналисти.
"Путин Украинанын келечегин талкуулоо жөнүндө Вашингтон менен түз байланышты узак мезгилден бери күтүп келе жаткан. Батыш жана НАТО аны пайдаланып кеткендей эле болду. 12-февраль күнү бир жарым саатка созулган телефондук байланыш Трамп менен Путиндин ортосундагы альянсты бекемдеп жатканын иллюстрациялайт жана бул Зеленскийди тынчсыздандырат", - деп белгилейт Washington Post.
Трамптын сүйлөшүүсү бул — Путиндин изоляциясынын соңу деп болжойт польшалык Rzeczpospolita басылмасынын талдоочусу Енджей Белецкий. "Аны аскер кылмышкери катары санашкан. Эми ал дүйнөдөгү эң маанилүү лидердин тең ата өнөктөшү экенин далилдегендей болду",- дейт талдоочу.

Сүрөттүн булагы, Reuters






























