Израил абактарынан 90 палестиналык бошоду. Газадагы тынчтыктын экинчи күнү

Израилдин абактарынандар

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин абактарынандар
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

20-январь дүйшөмбүгө караган түнү Израил 90 палестиналыкты бошотту. Бул ХАМАС тобу үч туткунду Тель-Авивге өткөрүп бергенден кийин ишке ашты. Алмашуу согушуп жаткан тараптардын өткөн аптадагы жарашуусунун жыйынтыгы менен жүзөгө ашты.

Reuters агенттиги жазганына караганда, ХАМАСтын маалыматы боюнча бошоп чыккандардын алтымыш тогузу аялдар, алардын арасында жашы жете элек кыз дагы бар. Мындан сырткары 21 эркек бошоп чыкты. Агенттик аларды "өспүрүмдөр" деп атады. Times of Israel жазгандай, алардын басымдуусу Батыш Жээктин жашоочулары, калгандары Чыгыш Иерусалимден.

Туткундар олтурган автобустун Батыш Жээктеги Рамаллага алынып келиши фейреверктердин атылышы менен коштолду деп белгиледи Reuters басылмасы. Аларды тосуп алуу үчүн "миңдеген" киши көчөгө агылып чыкты.

Камактагыларды өткөрүп берүү 19-январь күнү ХАМАС израилдик кыздарды бошоткон соң болду. Алар 471 күн барымтада кармалып турушту. Үч кыз тең 2023-жылдын октябрында ХАМАСтын согушкерлери Supernova фестивалы өтүп жаткан учурда барымтага алгандардын арасында болушкан. Израил тараптын маалыматы боюнча ХАМАСтын чабуулу учурунда 1200 киши өлүп, 250 киши барымтага алынган.

Израилдин маалыматы боюнча, 90дон ашуун туткундун азыркыга чейин кабары чыкпай, дайынсыз жоголгондордун катарында эсептелет. Алардын 57си гана аман калышы ыктымал. Мындан сырткары ХАМАС согушка чейин эле кармап келген эки эркек киши дагы деле кармалып турат.

Time of Israel жазгандай, түрмөдө жаткан палестиналыктарды бошотконго чейин аларды Иеруслаимден алыс эмес "Офер" түрмөсүнө алып барышкан. Ал жактан израилдик коопсуздук күчтөрү жана "Кызыл чырым" уюмунун өкүлдөрү алардын өздүгүн тактап, медициналык кароодон өткөрүшкөн.

Бошотулгандардын тизмесинин ичинде Халида Жарар дагы бар. Ал Палестинаны бошотуу Элдик фронту комитетинин төрагасы.

Бошонуп чыккандардын бири медицина факультетинин студенти Бараа Аль-Фукха. Ал АР агенттигине аларды израилдеги түрмөлөрдөгү кармоо шарттары тууралуу айтып берди. Бараа Аль-Фукха ал жакта өтө оор шартта кармалышканын айтып, сууга жана тамакка жетүү кыйын болгонун кошумчалады. Үй-бүлөсүнө амна-эсен келип кошулганы үчүн абдан жеңилдеп калганын жана сүйүнүп турганын журналисттерге баяндап берди.

АР агенттиги түрмөлөрдөн бошотулгандардын бир бөлүгү израилдик солдаттарды таш менен чапты деп кармалса, дагы бир тобу коомдук сайттарда зомбулукту пропагандалады деп кармалгандар. Арасында адам өмүрүнө кол салууга чейин жеткен олуттуу айыптоолорго кабылгандар да бар.

"Офер" түрмөсүнүн жанында палестиналыктарды бошотоор алдында ондогон киши нааразылыкка чыкты. Al Jazeera билдиргендей, израилдик күчтөр аларга каршы көздөн жаш агыза турган газ колдонду. Мындан сырткары нааразылыкка чыккандардын арасынан жети киши аскер кызматкерлери тарабынан жаракат алып, экөө кармалды.

Газанын согуш жүрүп жаткан аймактарынан качып чыккан палестиналыктар үйлөрүнө кайтып барууга өбөлгө түзүлөт деп күтүп жатышат. Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча Газада качып-бозуп жүргөн эки миллионго жакын киши бар. Бул калктын дээрлик 90 пайызы дегенди түшүндүрөт.