Онлайн окуу бүттү: мектептер ачылат

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg
Бишкекте бүгүн билим берүү кызматкерлеринин республикалык конференциясы башталды.
Педагогдордун чоң кеңешмеси «Сапаттуу билим жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” деген темада "Газпром Кыргызстан мектебинин» базасында өтүп жатат.
Анын ишине Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, чыгып сүйлөшү күтүлүүдө.
Ошондой эле билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жаңы окуу жылына даярдыктар жана бул тармактын алдында турган стратегиялык милдеттер жөнүндө өзүнчө чоң баяндама жасамакчы.
Конференциянын экинчи бөлүгүндө он максаттуу топто мастер-класстар өткөрүлөт.
Быйыл биринчи жолу эгемен өлкөнүн тарыхында жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталган турат.
Өкмөт туристтик сезонду узартуу жана мугалимдерди коронавируска каршы эмдөөдөн толук өткөрүү үчүн ушундай чечим кабыл алынганын билдирген.
Ошол себептүү жылда августта өтүп келген педагогикалык кеңешме быйыл биринчи жолу кечирээк убакта өтүп жатат.
Жаңы окуу жылында бардык мектептер реалдуу режимде окутуп баштайт. Пандемия башталганда мектептер аралыктан окууга өткөн бир жылдан ашык убакытта билим берүүнүн сапаты абдан түшүп кеткени айтылууда. (КС)
КРде коронавирустун жаңы 100 учуру катталды

Сүрөттүн булагы, official
Республикалык штаб 7-сентябрда акыркы суткада коронавирустун жаңы 100 учуру катталганын жана андан дагы 3 киши каза болгондугун маалымдады. Муну менен Кыргызстанда COVID-19дан көз жумгандардын саны 2557 кишиге, COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 176 682ге жетти.
Акыркы суткада 14 303 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 7-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи ченемин 707453 киши алды, ал эми эки ченемин тең сайдыргандардын саны — 489 миңден ашты. (CS)































