Иранда генералдын мүрзөсүнө эл чогулганда жарылуу болуп, 100дөн ашуун киши набыт болду

JAMRAN

Сүрөттүн булагы, JAMRAN

Published

Ирандын Керман шаарындагы көрүстөндүн жанында болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши набыт болуп, 170тен ашууну жарадар болгонун ирандык маалымат каражаттары кабарлашты.

Чогулгандар Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгына арналган иш чарага келишкен эле. Иран бийлиги окуяны теракт деп атады.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, иш чара учурунда эки жардыруу болгон.

Ирандын "Хабар" каналына берген маегинде ички иштер министри Ахмад Вахиди жардырууларды "кутум" деп атап, биринчи жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө, ал эми саат 15:20 чамасында адамдар менен куткаруучулар жардам берүү үчүн окуя болгон жерге жеткенде экинчи жардыруу болгонун айтты.

IRNA

Сүрөттүн булагы, IRNA

Кээ бир булактардын айтымында, жардыруу Сулейманинин мүрзөсүнө жакын жерде болгон, ал эми кээ бирлери жардыруу Сахеб аз-Заман мечитинин жанынан адамдар өтүп бара жатканда болгонун айтышууда.

Би-Би-Синин Перс кызматы жергиликтүү булактарга таянып, жарылуулар Голзар-Шахадага барчу жолдогу Сахеб аз-Заман мечитинин жанында болгонун жазды - биринчиси генералдын мүрзөсүнөн 700 метр аралыкта, экинчиси бир чакырым алыстыкта жарылган.

Айрым билдирүүлөргө караганда, бомбалар эки баштыкка салынып, алыстан жардырылган, бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

BBC
IRNA

Сүрөттүн булагы, IRNA

Ирандын тышкы саясатынын идеологу Касем Сулеймани 2020-жылы АКШнын аба соккусунун натыйжасында Иракта каза болгон.

Аны акыркы сапарга узатуу учурунда киши көп топтолгондуктан 56 адам тебелендиде калып каза болуп, коштошуу зыйнаты жылдырылган болчу.

Тегеран ал кол салуу АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп тарабынан уруксат берилген максаттуу чабуул болгонуна ишенет.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун элиталык “Аль-Кудс” күчтөрүн башкарган Сулеймани Ирандын Жакынкы Чыгышка таасиринин жайылышында маанилүү роль ойногон, бул таасирге каршы АКШ да, Тегерандын аймактагы негизги оппоненттери Сауд Аравия менен Израиль да аракет кылган.

Генерал Ирандын аскердик аракеттеринин башкы стратеги деп эсептелген. Ал Сирия, Ливан, Ирак жана Йемендегидей эле Иранда да дээрлик бирдей таасирге ээ болгон.

Ал орус президенти Владимир Путинди Сириядагы конфликтке кийлигишүүгө ынандырган деп болжолдонууда. (DO)